Жагымдуу үнү менен кыргыз эстрадасында жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан ырчы Нури (NURI) биздин маек төрүбүздө. “Баарын артка жылдырып, бүт күчүмдү чыгармачылыкка жумшайын деп чечтим” дейт ал. Ырчы менен жакындан таанышып алыңыз, окурман.
– Кандайсыз, Нури айым? Сизди окурмандарга тааныштыралы дедик, демек, адегенде өзүңүз тууралуу уксак?
– Жакшы болот. Аты-жөнүм – Нуржамал Жээналиева, учурда 25 жаштамын. Сахна үчүн Нури деген атты тандап алгам. Үйдө үч бир туугандын улуусумун, эки иним бар. Уруум – сарыбагыш. Туулган жерим – Чүй облусунун Панфилов айылы. Бала чагым ошол айылда өттү. Мектепте мылтык атуу, баскетбол ийримдерине, ар кандай сынактарга катышып жүрчүмүн. Баскетболго боюм өссүн деп эле барчумун (күлүп). 13 жашымда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Ошондо вокал боюнча сабактарга барып, чыгармачылыкка аралаша баштагам.
– Музыка сиздин жашооңузда качантан бери бар? Сизге ырчылык талант кимден өткөн?
– Музыкага болгон сүйүү бизге апамдан өткөн десем болот. Апам да ырдайт, бала кезинде чоң сахнага чыгуу кыялы болуп, бирок ишке ашпай калыптыр. Эсимде, кичинекей кезимде апам дайыма музыканын үнүн бийик коюп, үйдө баарыбыз ырдап, бийлеп жүрчүбүз. Биздин музыкага болгон сүйүүбүз ошондо башталган окшойт. Эмнеге биз деп жатам? Анткени иним дагы ырдайт, учурда Улуттук консерваториянын студенти. Негизи, биринчи жолу сахнага үчүнчү класста чыккам. Абдан кичинекей болчумун. Вокалдык сынакка катышып, орус элинин “Валенки” деген ырын аткаргам. Ошондо республикалык деңгээлге жетип, 40-өлчөмдөгү бут кийим кийип, 3-орунду ээлеп, байгеге DVD аппаратын утуп алгам.
– Демек, ырчы болушуңузду жакындарыңыз толук колдойт?
– Башында атам каршы болгон. Анткени Орусияда окуп, университеттин экология жана туруктуу өнүгүү тармагындагы менеджмент адистигин кызыл диплом менен бүтүргөм. Мага жакшы жумуш сунушташкан, атам да “келечегиңе жакшы, өз кесибиң менен иште” деди. Ошентип кесибим боюнча жеке уюмда бир аз убакыт иштеп көрдүм. Бирок болбой эле жан дүйнөм музыкага тартып туруп алды. Менин жолум музыка жана чыгармачылыкта, ордум сахнада экенин билдим. Ушул себептүү азыркы жолумду тандадым. Азыр болсо ата-энем мени толук колдойт, кээде менин видеолорумда өздөрү да тартылышат. Мен аларды кыйнап, чогуу контент жасайбыз.
– Сиздин чыгармачылыкка эң чоң таасир эткен адам ким?
– Чыгармачылыкта эң чоң таасир берген адамдар – бул менин продюсерлерим Эрмек Маматов менен Чыңгыз Алиев. Алар мага өзүмө ишенүүмө жардам берип, ар бир жаңы кадамымда дем берип турушат. Ошондой эле биздин “EC Prod” командабыз мен үчүн экинчи үй-бүлөм болуп калды.
– Көбүнчө кыргыз музыкасын угасызбы же дүйнөлүк ырчылар көбүрөөк кызыктырабы сизди?
– Негизи, ар кандай жанрда музыкаларды угам. Баары маанайыма, аба ырайына, кайсы жерде жүргөнүмө жараша болот. Орусияда окуп жүргөнүмдө негизинен чет элдик музыкаларды укчумун, ал эми Кыргызстанга кайтып келгенден кийин көбүнчө кыргызча ырларды уга баштадым. Азыр болсо кыргызча, орусча, англисче, французча, кытайча жана корейче ырларды угам.
– Жаңы чыгарма жаратууда ырдын сөзүнө маани бересизби же музыкасынабы?
– Азырынча ырларымдын сөзүн да, обонун да продюсерим Чыңгыз Алиев жазып берүүдө. Негизи, биринчи музыканын идеялары жаралып, команда менен чогулуп сүйлөшүп, анан сөзүнө өтөбүз.
– Кандай ырларга басым жасагыңыз келет?
– Эң негизгиси – биздин ырларыбыз позитивдүү болсун дейбиз. Кайгы-капалуу, маанайды түшүргөн ырларды жаратпайбыз. Мындан ары да кайгылуу ырларды ырдайбыз деген максатыбыз жок. Жөнөкөй, позитив, бакыт, жакшы маанай сыяктуу сезимдерди гана берүүнү каалайбыз.
– Ырды абдан берилип ырдаганыңыз байкалат. Бул чыныгы абалбы же образбы?
– Албетте, чыныгы абал. Сахнага жаңы чыкканда бир аз толкунданып, бирок ырдап баштаганда баарын унутуп, музыка менен анын энергиясына толук сүңгүп кирип кетем. Угармандардын эмоцияларын жана колдоосун сезгенде толкундоо толугу менен жоголот.
– Сахнада кызыктуу окуялар көп болот эмеспи. Сизде да барбы?
– Сахнадагы эң унутулгус окуя – бул жети өлкөнүн президенттеринин алдында ырдаганым. Ал концертте биринчи жолу оркестрдин коштоосунда ырдагам. Андагы сезимдерди эч качан унутпайм, жүрөгүмдө түбөлүк калат го дейм.
– Социалдык тармактарда активдүүсүзбү?
– Өзүмдү социалдык тармактарда супер активдүүмүн деп эсептебейм. Бирок азыркы учурда социалдык тармактар – артист катары өзүңдү, ырларыңды жана жалпы чыгармачылыгыңды таанытуу үчүн эң күчтүү жана бекер платформа экенин түшүнөм.
– Жашоодо кыйынчылыктар менен күрөшүүдө эмнеге таянасыз?
– Жаш болсом да көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүм. Орусияда окуу учурунда туш болгон окуялар эле жетет го дейм, башкасын айтпай эле коёюн. Ошондуктан азыр баарына жеңил карайм. Анткени учурда өзүм кыялданган жолду басып өтүп баратам, ал жеңил эмес, кыйын. Бирок абдан жагымдуу. Жалпысынан бардык учурда Кудайга таянып, ар бир сыноодо шүгүр деп келе жатам.
– Ырчы катары максаттарыңыз жана пландарыңыз кандай? Жаңы ырлар, альбом, концерттер...
– Азыркы учурда “Кызгалдак жүрөк” деген ырымдын клибин тартып жатабыз. Дагы бир жаңы эмгек – “Океандай” деген ырыбыз даяр болуп калды, жакында ал дагы чыгып калат, буюрса. Команда менен катуу иштеп жатабыз, жаңылыктарды күтө туруңуздар.
– Бош убактыңызда эмнелер менен алек болосуз, чыгармачылыктан тышкары?
– Ырчылыктан тышкары кичинекей балдар жакшы көргөн мультфильмдерде, музыкаларда англисче үн коштойм. А бош убактымда болсо Кореянын дорамаларын көрүп эс алам.
– Сизге эмнелер дем берип, шыктандырат?
– Мени шыктандыруучу нерсе – бул адамдар, менин угармандарым. Мен жөнөкөй үй-бүлөдөнмүн, укмуш байланыштарым деле жок болчу, болгону кыялым эле. Бирок алардын мага болгон ишеними, жылуу сөздөрү, колдоосу мени аябай шыктандырып, бул жашоодо мүмкүн эмес эч нерсе жок дегенге көзүм жетти.
– Жеке жашоо, достор тууралуу эмнелерди айта аласыз?
– Жеке жашоомду артка жылдырып, толугу менен чыгармачылыкка кирип кеттим. Досторум дагы таарынышат, анткени аларга көп жолуга албай калдым. Азыр өзүм тандаган жолду басып өтүп баратам, мүмкүн болушунча көбүрөөк иштерди жасап, максаттарыма жетишим керек. Ошондуктан күчүмдүн баарын чыгармачылыгыма жумшайын деп чечтим.
Асел Нурбекова