ТӨӨ БУУРЧАК ЖЫТТАНГАН БАКЫЯН АЙЫЛЫ 

Жайгашкан жери – Талас облусу, Айтматов району, Бакыян айыл аймагы

Кожолуктун (түтүн) саны – 455

Элдин саны – 2917 адам

 

Баратбай Ажыбеков, айыл тургуну: “Аталышы бак, кыян дегенден чыгыптыр”     

– Илгери бул айылдын ордунда бак-даракка чулганган чакан кыштак болгон экен. Кайсы бир мезгилде катуу кыян жүрүп, дарактарды агызып, үйлөрдү кошо алып кетет. Айыл ордун таш-топурак, баткак жаап калат. Эл кыяндан качып кутулат. Аталышы ошондуктан “бак”, “кыян” деген сөздөрдөн түзүлүп, кийин Бакыян аталып калыптыр. Биздин айылга байланыштуу окуялар көп. Мисалы, айылыбызда Козубай уулу Чомошбек деген балбан болгон. Анын тоодо аюуга кезигип калып, кол салган аюу менен алышканы айтылат. Сөлпү, Мамыш деген чоң улакчылар да чыккан. Усупбек деген балбан кирип жаткан Талас дарыясын кечип өтүп кетчү дешет. Анан чоңдугу билектей болгон тал-теректи жерден кош колдоп сууруп алчу экен. 

“Илгери шаар болгон деп айтылат”                                          

 – Бакыяндын батыш жагында Чоң-Капка капчыгайы бар. Ошол жерден Талас суусун бууп, Киров суу сактагычын курушкан. Анын ордунда мурда Бейшеке, Бакыян айылынын эли жашап турган. Бейшеке айылынын тургундарын башка жакка, бакыяндыктардын жарымын айылдын өйдө жагына, жарымын Тамчы-Булак айылына көчүрүшкөн. Билесиздер, суу сактагыч азыркы учурда Манас районун жана Казакстандын Жамбыл облусун сугат суусу менен камсыз кылат.

Жазында суу сактагыч толгондо суу Бакыяндын төмөн жагындагы үйлөрдүн тушуна чейин жетет. Айрым маалыматтарда, илгери суу сактагычтын ордунда Орто Азиядагы ири шаарлардын бири Шелжи жайгашканы айтылат. Шаарда металл эритилип, жоокер куралдары, карапа буюмдары жасалып турган. Археологдор суу тартылганда шаардын ордун изилдешип, кызыл чоподон жасалган идиштердин сыныктарын, металл иштетүүдөн чыккан калдыктарды, арабча жазылган таш жана башкаларды табышкан.

Нурсейит Майнашов, айыл башчысы: “Суу тартыш болуп дыйкандар кыйналышты”                 

– Айылда жан башына 40 сотыхтан үлүш жер бөлүнүп берилген. Айылдыктар көбүнчө төө буурчак эгишет, Таласта төө буурчак көп эгилери белгилүү да. Акыркы жылдары сырттан породасы жакшы уй, койлорду сатып келип, башын көбөйтүп жаткандар бар. Сугат суу Талас каналы аркылуу келет. Быйыл суу тартыш болуп, дыйкандар бир топ кыйналышты. Айыл ичиндеги негизги жолдор асфальтталган. Эл таза суу менен камсыз болгон. Айылыбыз Талас–Суусамыр–Бишкек жолунда жайгашкан. 

“Кыргоол көп эле, ата берип качырышты”                                 

– Айылда чычырканак, кайың, долоно, кара тал, жийде, терек, мажүрүм тал, табылгы сыяктуулар көп. Мурда Талас дарыясы аралап өткөн токойдун ичинде жапайы бүлдүркөн, канаттуулар, алардын ичинде кыргоол көп болчу. Кыргоолду ата беришип, башка жакка ооп кетишти. Токойду да отунга деп кыя беришип, бир жылдары өтө суюлуп кеткен эле. Азыр кыйла жакшырып калды. Суудагы ондатраларды да тумак үчүн деп кармай беришип, тукумун үзүшкөн.

Орозаалы Казаков, темир уста: “Комбайн жасап, эл үзүрүн көрүүдө”                                         

– 2005-жылдары Союздан калган темир-тезектерди, эски техникалардын бөлүктөрүн чогултуп, алардан кол араба, ат араба, культиватор, үрөн сепкич жасап жүрдүм. Кийин өзүмө 2 шерик кошуп иштей баштадым. Талап көп болгондуктан төө буурчак чапчу комбайн курап чыктык. Андан бери түрдүү техникаларды жасап келебиз, алардын өзүбүзгө, элге да пайдасы тийип жатат. 

Батмажан Байымбетова, мектеп музейинин жетекчиси: “Музейде 2000 экспонат бар” 

– Бул музейди 1990-жылы ачкам. Алгач 500дөн ашык экспонат бар эле, учурда 2000ден ашат. 80 пайызын Талас өрөөнүн кыдырып жүрүп чогулткам. 5 жыл мурун музейге менин атым берилди. Өлкө боюнча мектеп музейлеринин арасында 1-орунда турат. Ичинде жасалгаланган 4 канат боз үй, тегирмен таштар, жаргылчак, шаты араба, согуш мезгилинде колдонулган буюмдар, илгерки карапа жана жыгач идиштер, тыйын, акчалар, соку, сок билек, көөкөр, таш, тери жана жез буюмдар, улуттук кийимдер, сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү жана башкалар бар. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан