Кээде бөйрөк жайгашкан ордунан ылдый түшүп кетет. Медицинада бул “нефроптоз” деп аталат. Көбүнчө оор жумуштарда жана дайым тике туруп иштегендерде кездешет. Адам кескин арыктаганда да жаралышы мүмкүн дешет адистер. Уролог Жуман Мырзалиев бөйрөк эмне үчүн түшүп кетерин, аны кантип көтөрүүгө болорун айтып берет.
Сөз башында...
– Нефроптоз оорусун сөз кылуудан мурда бөйрөктүн кызматын айта кетүү оң.
2 бөйрөк адамдын организминдеги суу жана туз алмашууну жөнгө салып, алардын ашыкчасын заара түрүндө бөлүп чыгарат. Артериалдык басымды калыптандырып, керектүү азык-заттарды канга бөлүп берип, ууларды чыгарып турат. Кыскасы, бөйрөк биологиялык чыпкалоонун милдетин аткарат. Биологиялык өзгөчөлүк боюнча айтсак, оң бөйрөк сол бөйрөккө салыштырмалуу болжол менен 2 сантиметр төмөн турат. Нефроптоз – бул бөйрөктүн ылдый түшүп кетиши. Медицинада “бөйрөктүн патологиялык кыймылдуулугу” деп аталат.
Көбүнчө оң бөйрөк жабыркайт
– Бөйрөк адамдын бел тушунда, ылдыйкы кабыргалардын төмөн жагында жайгашкан. Бөйрөк майы, булчуң, байламталар менен кармалып турат. Адам дем чыгарганда ордунан 1-2,5 сантиметр ылдый түшүп, дем алганда кайра ордуна келип турат. Мындай кыймыл табият тарабынан бөйрөктөгү кан айланууну жакшыртып, канды жакшы тазалоосу үчүн түзүлгөн.
Нефроптоз дартында бөйрөктүн ушинтип кыймылдап иштеши бузулат. Адам дем чыгарганда бөйрөк ылдыйда адаттагыдан узакка кармала баштайт. Бул эле эмес, бир тарапка жылып кетиши, өз огунда айланып башташы да мүмкүн. Башкача айтканда, жайгашуу орду өзгөрөт. Мындай баш аламан абал бөйрөктү кармап турган булчуң, байламталарды алсыздандырып, барган сайын бөйрөктүн өз ордунда болушу кыйындайт. Ылдый түшкөн бөйрөк башка жерге жайгаша баштагандан тартып оорунун белгилери так билине баштайт. Ылдый түшкөндө бөйрөктө кан айлануу, заара чыпкалоо процесси бузулат. Кан басымды калыпта кармап тура албай, кан басым көтөрүлө баштайт. Бөйрөктүн өзүндөгү басым да көтөрүлөт.
Нефроптоз көбүнчө оң бөйрөктө жолугат. Буга адамдардын оң колу, демек, оң тарабы менен көп кыймылдаганы да себеп болот. Бейтаптардын 30 пайызы ооруканага илдеттин курч кармаган түрү менен түшөт. Оорунун белгилери аппендицит, бөйрөктүн таш оорусу, ашказан-ичегинин хирургиялык ооруларына окшошуп кетет. Оорутуу бөйрөктүн түшүп кетүү стадиясына жараша азыраак же көбүрөөк болушу мүмкүн.
Дарттын стадиялары
1-стадиясы: Бөйрөк 1,5 омуртканын бийиктигиндей (3,5-5 сантиметр) ылдый түшөт.
2-стадиясы: Бөйрөк 2 омуртканын бийиктигиндей (5-6,5 сантиметр) ылдый түшөт.
3-стадиясы: Бөйрөк 3 омуртканын бийиктигиндей (6,5-8 сантиметр) жана андан көп ылдый түшөт. Заара чыгаруучу каналчаны кыйшайтып басып калуу коркунучу бар. Бул зааранын чыгышын кыйындатып, заара артка тээп, ушундан улам бөйрөккө күч келип чоңоё баштайт.
Нефроптоздун себептери
• Бөйрөк туштан сокку алуу.
• Оор жумуш жасоо. Буга күн сайын тик туруп иштөө, оор нерселерди көтөрүү, ары-бери ташуу. Мисалы, официанттар, араба түртүп иштегендер кирет. Бөйрөккө күч келип, ордунан козголуп ылдый түшөт.
• Унаада күн сайын өңгүл-дөңгүл жаман жолдор менен силкилдеп, чайпалып жүрүү.
• Көп төрөт. Анткени аялга ар бир кош бойлуулукта кошумча бир топ салмакты 9 ай бою көтөрүп жүрүүгө туура келет. Ошондуктан курсак-бел булчуңдарына күч келип, чоюлуп, жукарып, иштеши начарлап кетет.
Анын үстүнө аялдардын бел-курсак булчуңдары эркектердикине караганда тубаса жакшы өнүккөн эмес .
• Дем алуу системинин оорусу. Мисалы, узакка катуу жөтөлтүүчү бронхит, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу (ХОБЛ).
• Дайыма ат минип жүрүү. Ички органдар көп кыймылда болгондуктан бөйрөк түшүшү мүмкүн.
• Бийиктен кулоо.
• Арыктоо. Адам арыктаганда бөйрөктү курчап турган май азайып, бөйрөктү кармай албай калат да, ал салаңдап түшө баштайт. Ошондуктан бул дарт бою узун, абдан арыктарга көп жармашат.
• Курсак бөлүктөгү рак.
• Бөйрөктүн айрым инфекциялык оорулары.
Диагноз үчүн рентген зарыл
Диагноз коюу үчүн бир нече ыкмалар тандалат. Алар:
• Урорентгенологиялык изилдөө. Адамды тургузуп жана жаткызып рентгенге тартышат. Мындан кайсы бөйрөк канчалык ылдый түшкөнү так көрүнөт.
• УЗИ менен бөйрөктөрдүн абалын текшерүү
• Ангиогрфия. Бөйрөктүн артериясынын иштеши аныкталат
• Кандын жана зааранын анализи
Дарылабаса кандай оорулар пайда болот?
• Инсульт. Бөйрөктүн кан басымы көтөрүлө берип, натыйжада инсульт пайда болушу мүмкүн.
• Бөйрөктө башка оорулар жаралышы ыктымал. Мисалы, пиелонефрит, гломерулонефрит. Таш пайда болот.
Оор учурда операция жасалат
Бөйрөк түшүүнүн 1-даражасында: Атайын көнүгүүлөрдү жасоо сунушталып, физиотерапия жүргүзүлөт. Булар курсак, бел булчуңдарын чыңдоо максатын көздөйт. Ошондой эле бандаж кийүү, салмак кошуу, туура тамактануу сунушталат.
2-3-даражаларында: Операция ыкмасы тандалат. Бөйрөк өйдө көтөрүлүп, ордуна, бел булчуңуна торчо имплант менен жабыштырылып тигилет. Операциядан кийин реабилитациялык мезгил өкүм сүрүп, бейтап комплекстүү дарыланууну улантат.
Диетабы?
Дарттын бардык стадиясында диета сунушталат. Азыктар бөйрөккө гана эмес, ичегиге да күч келтирбей тургандай болушу зарыл. Болбойт: газдалган суусундуктар, кофе, туздалган, маринаддалган, ышталган азыктар, буурчак, нокот, таттуулар. Тамак-аштар калий, магний, кальций, D жана B6 витаминдерине бай болушу керек. Аталган заттар жашылча-жемиштерде, дан азыктарда, айрыкча өрүк, помидор, жаңгак, ашкабак, сулу, кызылчада көп. Ошондой эле сууга бышкан майсыз эт, жумуртка, сүт, быштак болот.
Оорунун белгиси
• Бөйрөк туш салаңдап, тартылып оорутат. Оорутуу бел, жука чурай, курсак тарапка да сезилет. Адамдын позасына жараша, мисалы, жатканда азаят, турганда күчөйт.
• Адам көпкө баса албай, тик тура албай калат.
• Кан басым көтөрүлөт.
• Көңүл айлануу, кусуу, уйкусуздук коштойт.
• Бат-баттан заара ушатуу күтүлөт. Зааранын өңү киргилденип, кескин жыт пайда болот. Заара ушатуу кыйындайт.
• Айрымдарда цистит, пиелонефрит да пайда болуп, ооруну коштой баштайт.
• Бат чарчоо.
• Болор-болбос нерсеге жинденүү күчөп, көңүл буруу начарлайт.
• Жумушка жөндөмдүүлүк жоголот.
Дарттын алдын алуу
• Оор жумуштан жеңил жумушка которулуу. Оор нерселерди аз көтөрүү жана ташуу. Ташууда бөлүп ташуу же экөөлөп ташуу сунушталат.
• Бөйрөк ооруганда дароо дарылануу.
• Бөйрөктү соккуга урунуудан сактоо.
• Булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасап жүрүү.
• Оорунун алдын алууда бий, сууда сүзүү жакшы жардамчы болуп эсептелет.
Канымжан Усупбекова