Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айкөлдүн салкын кандуулук менен жооп берип жатканына Наргизанын жини келип кетти. Ого бетер жаны кашайып, анын ишенимдүү турушу ичиндеги жалынга бензин бүркүп жибергендей боло түштү. Жаакка чаап жиберди, Айкөл жыгылып калганда болгон күчү менен уруп кирди. Айкөл эч нерсе кыла албай калды. Болгону курсагын колу менен калкалай берди. Наргиза болсо дал ошол колдору менен калкалап жаткан ичине уруп баштады. Ал спорт менен машыккан кыз эле, жини ушунчалык келгенден улам болгон күчү менен токмоктоп жатты. Айкөл каршылык кылганга алы келбей жатып калганда гана коё берди. Ичиндеги бугу чыгып кеткендей боло түштү. Бир топко эмне кылсам деп карап турду да, чыгып кетти.

Акбар Айкөлгө телефон чала берип чарчады. Такыр албады. Шашыла машинесин катуу айдап үйгө жетти. Эшик ачык экенин көргөндө эле мээси токтоп калды. Кирип эле жерде жаткан Айкөлдү көрдү. 

– Эмне болду, Айкөлүм? Көзүңдү ач, коркутпачы. Эмне болду?

Шалактаган аялынын демин тыңшады. Телефонду чалып “Тез жардам” чакырды. Бирок алардын келишин күтүп отура албай, өзү көтөрүп чыгып машинесине салды. Ооруканага жеткирди. Врачтар алып кирип кеткенден кийин оор үшкүрүп отуруп калды. Эмне болуп кеткенине башы жеткен жок. Ким болушу мүмкүн? Ушунчалык душмандыкка ким барды? Эмне болду? Бир аздан кийин врач чыкты.

– Айкөл Жеңиш кызынын күйөөсү сизби?

– Ооба, эмне болду, жакшы элеби?

– Катуу жаракат алыптыр. Курсактагы баласын сактай албадык, бир аздан кийин өзүнө келет. Сиз болсо ушул дарыларды алып келиңиз.

Айкөл акырын көзүн ачты. Кайда экенин түшүнбөй бир аз жатты. Ичине колун койду. Кандайдыр бир сезим менен баласын жоготуп алганын түшүндү. Көзүнөн жашы куюлуп кетти. Палатага Акбар кирди. Эч кимди көргүсү келбеди Айкөл, көзүн жумуп алды. Айкөл аны көргүсү келбей атайылап көзүн жумуп алганын түшүндү, айласы кетип эмне кыларын билбей отуруп калды. Бир топтон кийин гана жанына келди.

– Кечирчи мени...

Айкөл акырын көзүн ачты. Күйөөсүн көрүп боору ооруп кетти. Бирок өзүнүн  да ызасы андан ашып турган эле.

– Ким? Ким болсо да колун сындырып, экинчи бул дүйнөдө жашагыс кылам.

Айкөл күлүп жиберди. Көзүнөн жашы агып турган аялынын күлүп жатканына таң кала берди.

– Кызыңыз! Анын колун сындыра аласызбы?

– Жок, мүмкүн эмес! 

– Кызыңыз Наргиза келди. Токтотконго аракет кылдым. Сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Болбоду. Кол көтөрүп баштады. Эптеп телефонго жетейин десем, алып ыргытып жиберди. Ичиме тепти. Анан эсимди жоготуп коюптурмун.

Акбар эмне дээрин билбей отуруп калды. Болгон ишке ишене албады. Башын чайкады. Бирок Айкөлдүн көздөрүн караганда эле чындык экенин түшүндү. Карышкан колдору бошой түштү. Анын көзүн кайра карай албады. Эшикке чыгып бара жатканда Айкөл катуу айтты.

– Мен балам үчүн артка кайтпайм. Ал сиздин кызыңыз болсо да жазасын алат!

– Ал сенин укугуң, башка эмне дейм...

Ачуусуна муунуп машинени катуу айдап бара жатты. Үйүнө кирип-кирбей “Наргиза!” деп бакырды. Балдары, аялы үрпөйүп чогула калышты.

– Кана кызың, Наргиза кана?- деди калчылдаган атасы. Анын мындай абалын биринчи жолу көрүп жаткан Мариямдын оозунан сөзү түшүп калды. Белеги аны жалдырап карап, эки кичинекейи эшиктин аркасында жашынгандай далдалана беришти.

– Ата, эмне болду, балдарды коркутуп жатасыз?- деди Белек.

– Балдарды башка бөлмөгө алып кет!

Аларды чыгарып кеткенден кийин Мариямга жаалдуу карады.

– Эмне болду?

– Ушунун баарын кылган сен! Сен балдарды мага каршы үгүттөдүң. Сен менден өч алуу үчүн аларды колдонуп жатасың. Токто дедим, болбодуң. Мариям, сен катуу жаңылыштың, сен өз колуң менен балдарыңа ор каздың. Сендей эне болбой эле койсун!

– Акылыңа келчи, Акбар. Сен эмне деп жатасың?

– Акылымдамын мен! Мени ушул абалга силер жеткирдиңер, сен, кызың, балаң. Ушуга чейин силерге колум тиймек турсун, үнүм катуу чыктыбы? Эч нерсенин баасын, баркын билбейсиңер силер. Ойлогонуңардын баары жамандык. Ушинтип мени жазалайын деп чечтиңерби, ээ? Жаза кандай болорун көрүп алгыла эми. Бир тыйын да бербейм силерге. Эң кымбат окууларга окутуп коём буларды мен, акылдуу, ыймандуу, боорукер балдар болсун деп далалат кылып келем. Мен өмүр бою ким үчүн эшектей иштедим, ия? Ким үчүн? Силер үчүн деп жан талаштым. Өз колум менен монстрларды өстүрүп алганымды бир билсемчи. Монстр! Башка сөз да силерге ылайык келбейт.

Наргиза бөлмөгө кирди да, атасынын так алдына келип отурду.

– Кана, дагы эмне демексиң?!

Акбар ачуусуна чыдабай аны жаактан ары чаап жиберди. Мариям чырылдап кызынын үстүнө түшө калды, Белек атасын кармай калды. Үрөй учурган бул көрүнүштү эки кичине баласы карап, эшиктин алдында ыйлап турушту.

– Коё бер мени, өлтүрөм бул кызды! 

– Өлтүр! Ошол аял үчүн өз кызыңды өлтүрө аласыңбы, мен коркпойм. Мени ушуну менен токтоп калат деп ойлоп жатасыңбы, токтобойм! Башымды жулуп алсаң да, апам үчүн сенден өч алам.

– Сен менин кызым эмессиң!- деди башын чайкаган Акбар, өзүнө атырылып жаткан кызын карап айласыз көз жашы кылгырды.

– А сен менин атам эмессиң!

– Келесоо, эмне кылдың билесиңби? Сен киши өлтүрдүң! Болгондо да өз бир тууганыңдын канын төктүң. Айкөлдүн боюнда бар эле. Баланы жоготуп алдык...

Ушул сөз баарын селейтти. Акбар эмне кыларын билбей, бетин колу менен жаап жаш баладай ыйлап жиберди. Атасынын ыйын эмес, алсыздыгын бир да жолу көрбөгөн балдар далдырап калышты. Мариямдын ичи сыйрылып кетти. Солкулдап ыйлап жаткан күйөөсүн кучактагысы келди. Анын ичиндеги жоготуу кайгысын кошо бөлүшкүсү келди. Наргиза менен Белек бөлмөдөн чыгып кетишти.

– Айкөл Наргизанын үстүнөн арыз жазды. Мен эч нерсе кыла албайм. Кызың кылган ишин моюну менен тартсын. Балким, ушуну менен баарың эсиңерге келесиңер. Ай, ким билет, силерге эч бир нерсе сабак болбой калды.

Ушуну айтып, колун аргасыз шилтей сыртка чыгып кетти Акбар. Бир аз мурун эле ал дүйнөдөгү эң бактылуу адам эмес беле? Чырагын ким өчүрдү? Башкалар эмес, өз кызы...

 ххх

Айкөл оорукананын терезесинен сыртты тиктеп турду. Жанын ооруткан оорудан да жоготуунун оордугу кыйын эле. Ал ичиндеги наристе үч ай жашаса да, эне болуп калган экен. Төрөлүп колуна тийген баладай эле кан жутту. Анткени баланын келиши менен өз жашоосу өзгөрөт деп ойлогон. Өтмүшүн ойлобой, келечегине күмөн санабай турган бир ишеним эле ал чүрпө. Кетти, кайрадан Айкөл жалгыз калды. Акбардын келишин каалады. Бирок ал уялганынан эмне деп айтарын билбей качып жүргөнүн сезди. Угуп тургансып, аңгыча күйөөсү машинеси менен келип токтогонун көрдү. Канчалык жаны ачышып турса да, ичинде бир кубанычтын деми дуулдап кеткенин сезди. Аны күтүп отурганын байкай калды. Экөө бир топко кучакташып турушту. Бул кучакташууда орток жоготуу да, өксүк, таарыныч, бири-бирин кыялбастык бар болчу.

– Кызык түш көрдүм. Мага өлүм келгендей сезилди. Бирок мен жашоого жан талашып жаттым. Ата-энем ал жакта, Айдар ал жакта, төрөлбөй калган балам да ошол жакта. Бирок мен кетким келбей турду. Дагы да мени бул жашоого байлай турган бир нерсе бардай сезилди. Сени таштап кете албадым, жарык...

 

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан