Белгилүү ашпоз Нариман Маанаев 17 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келет. Тажрыйбалуу адис эл ичинде сүйүктүү даамдарга айланган бефстроганов, француз ыкмасында даярдалган эт жана карапада бышкан эттин рецепттери менен бөлүштү. Жасап көрүп, жакындарыңызды, конокторду да кубантсаңыз болот.
Этти маринаддоо
Бул жол менен маринаддалган этти корей же башка эт кошулган салаттарга, лагман түрлөрүнө, биз даярдоочу алдыдагы тамактарга кошууга болот.
Маринад үчүн керектелүүчү азыктар:
Соя соусу – 1 аш кашык
Кытай уксусу – 1 аш кашык
Жумуртка – жарымы
Кара мурч – 0,5 чай кашык
Туз – татымына жараша
1. Уйдун сулп этин тарамына жараша узата кесип, кайра аны тарамына каршы жука кесимдерге бөлөбүз. Бир жумуртканы чалып, анын жарымы кошулат.Идишке салып, маринад үчүн керектүү азыктардын баарын салып аралаштырабыз. Жарым сааттан 2 саатка чейин маринаддалат. Порцияга жараша азыктарды көбөйтүп аласыз.
Бефстроганов
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Уй эти – 300 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 100 грамм
Эритилген сыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык
Пияз – 1 даана
Ун – 2 аш кашык
Суу – 100 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Маринаддалган этти узун кесимдерге бөлүп койсоңуз болот. Көмөч казанга 3-4 аш кашык май куюп, ысыганда этти салып өңүн өзгөрткөнчө аралаштырып кууруйбуз. Жарым шакек тууралган пиязды кошуп, ал да жумшарганча куурулат.
2. Эми унду кошуп куурулганча аралаштырып, үстүнө суу куябыз. Суу кайнап коюулана баштаганда коюу сүттү кошуп кайнатабыз. Кайнаганда эритилген сырды салып аралаштырабыз. Бир массага келгенде тамакты оттон чыгарабыз.
3. Бефстроганов көбүнчө пюре менен жакшы айкалышат. Тарелкага салып, кооздоп, жакындарга суна бериңиз.
Французча бышырылган эт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Уй эти – 300 грамм
Картошка – 150 грамм
Помидор – 1 даана
Пияз – жарымы
Өсүмдүк майы – 500 миллилитр
Майонез – 2 аш кашык
Катуу сыр – 50 грамм
2. Картошка, пиязды аарчып, жууп, картошканы 0,5 миллиметр жука кесимдерге кесебиз. Пияз жарым шакек тууралат. Помидорду да ичке кесимдерге бөлөбүз.
3. Картошка кесимдерин ысык майда боорсок сымал кызартып бышырып чыгарабыз.
4. Көмөч казанга 10-15 миллилитрдей май куюп ысытабыз. Ысып турган майга алгач этти салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Андан соң пиязды салып, тузу кем болсо кошуп, дагы 5 мүнөттөй кууруп чыгарабыз.
5. Электр табасына этти эки порция кылып бөлөбүз да, үстүнө куурулган картошка кесиминен 3-4тү коюп, анын үстүнө помидор кесиминен 3-4тү коёбуз да, бетине майонезден тегиз куябыз. Сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, электр мешине 180 градуста 10-15 мүнөт коюп бышырабыз.
6. Электр мешинен чыккан этти тарелкаларга салып, жанына гарнир кошуп же башка жашылча, ашкөктөр менен кооздоп беребиз.
Карапада бышкан эт
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Уй эти – 300 грамм
Кабакча – 150 грамм
Түстүү болгар калемпири – 150 грамм
Пияз – 1 баш
Помидор – 1 даана
Күнжүт майы – 3 аш кашык
Сыр – 60 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Көмөч казанга күнжүт майын, эгер ал болбосо өсүмдүк майын куябыз. Маринаддалган этти салып өңүн өзгөрткөнчө куурабыз.
2. Ага чейин жашылчаларды туурайбыз. Пиязды жарым шакек, кабакча, болгар калемпирин чоң чарчы бөлүктөргө бөлөбүз. Кабакчанын ордуна картошка да кошууга болот, же башка колдо бар жашылчаларды кошо бериңиз. Помидорду ичке тегерек бөлүктөргө кесебиз.
3. Куурулуп жаткан этке пиязды салып, соолугуча куурулат. Соңунан калемпирди салып, туз, мурч татытабыз. Маринаддалган этке туз кошулгандыктан тузду абайлап кошобуз. Аралаштырып 2-3 мүнөт отто кармайбыз да, атайын ысыкка ылайыкталган идиш карапаларга салуу керек. Үстүн помидор кесимдеринен 2-3тү коюп жаап, сырды сүргүчтөн өткөрүп үстүнө себелейбиз да, капкагын жаап, 180 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөт коюп бышырабыз.
Тамагыбыз даяр!
Канымжан Усупбекова