Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “МУЗЫКАНТКА СЫНДЫ МУЗЫКАНЫ ТҮШҮНГӨН АДАМ АЙТЫШЫ КЕРЕК”

Курмангазы Азыкбаев — улуттук маданияттын салмактуу өкүлү, фольклор менен заманбап эстраданы айкалыштырган “Эне-Сай” тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси экени жалпыга маалым. Улуттук нарк, улуттук баалуулук, улуттук музыка деп жашаган адам. Анын чыгармачылыгы — кыргыздын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук маданиятты жаңы бийиктикке көтөрүп келет. Өз кесибинин чыныгы устасы, музыка куржунунда 54 аспабы бар Курмангазы агай менен олуттуу маек курдук.

 

– Курмангазы ага, сөз барктаган адамсыз. Сөзгө бай болуу, чечендик сапат адамга тубаса берилеби же кийин калыптанышы мүмкүнбү?

– Жылдап жүрүп чечендик, төкмөчүлүккө келесиң. Сөзгө бай болуу үчүн айлана-чөйрөгө маани бериш керек. Таза,  ирети, орду менен сүйлөгөн инсандарга жакын болуу кажет. Инсандын сөзү, ою жана иши бири-бирине төп келиши зарыл да. Ошондуктан бал сүйлөп эле кала бербей, убадага туруу абзел. Баштаган ишиңди аягына чыгарып, сапатка ыктап иш кылган жакшы. Бул жаатта, биринчи тарбия үйдөн башталат.

– Сахнада чыгарма аткарып жатканда залдагы элдин энергиясы сезилеби?

– Албетте, көрүүчүнүн энергиясын сезесиң. Бир жагынан сахна адамдары элге позитивдүү энергия тартуулайт. Эгер жакшы чыгарманы элге жандуу тартууласаң, элдин колдоосу, кол чабуусу менен кайра баталанып келет. Алмашуу болот десем жаңылбайм. Ден соолугуң да жакшы болот.

– Эмгек сиңирген артист наамы – сыймык менен катар чоң жоопкерчилик дагы. Бул наамды алгандан кийин чыгармачылыгыңызда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

– Туура, ар бир наам чоң жоопкерчилик. Үлгү болуп, сандан сапатка өтүү дегенди билдирет. Наам алгандан кийин мыкты ыргак менен иштейбиз. Ар бир 6 ай сайын чоң концерт берип туруу керек, эгер мүмкүнчүлүк болсо. Эмгек сиңирген артист наамын алгандан кийин деңгээлди дагы бийик өстүрүш керек. Эл, мамлекет алдындагы бул жоопкерчилик ар дайым менин эсимде жүрөт.

– Фольклор менен эстраданы айкалыштырып сонун эмгектерди жаратып келесиздер. Ушул эки багыттын ортосундагы балансты сактоо канчалык кыйын?

– Негизи эле ыкма усулдук деп коёт. Кыргыз аспаптары дүйнөлүк классиканы кошо ойносо өнүгүү жолуна түшөбүз. Классик музыканттар кыргыздын аспаптары менен кол ойнотсо жакшы болмок. Жалаң гана кыргыздын аспаптары менен ойной бербей, дүйнөлүк аспаптар менен айкалыштырып туруу мыкты жыйынтык берет. Албетте, ар бир аспаптын өзүнүн кыйынчылыктары бар. Ошондуктан музыкалык мектепте окуп жатканда эле 5-6 аспапта кол ойнотуу керек. Ал үчүн жаш талантты колдоо менен чоң музыкант кыла алабыз.

– Кыргыздын нукура элдик музыкасы бүгүнкү жаштардын жүрөгүнө жетеби? Жаштарды кызыктыруу үчүн эмнелерди кылуу керек деп ойлойсуз?

– Кербен кылуу керек. Борбордо эле иш-чара уюштура бербей, өрөөндөргө баруу кажет, жаш таланттар менен бирге. Айылдарда чыныгы шыктуу улан-кыздар көп. Аларды таптасаң чоң музыкант, композитор чыгарына ишенем. Ал эми жогорудагыдай иш-чараларды уюштуруу үчүн Маданият министрлиги каржылап берүүсү керек.

– Замандын агымы менен элдик күүлөргө заманбап аранжировка кошуу – улуттук кайрыктарды сактоого көмөктөшөбү же маңызын өзгөртүп жибереби?

– Заманбап кылып чыгуу жакшы. Бирок түпкү тамырын бузбоо керек.

– Ийгиликке жетүүдө эмнени эң маанилүү деп эсептейсиз: талантпы, эмгекпи же тагдырбы?

– Ийгиликке жетүү үчүн айлана-чөйрө таасир этет. Ошондой эле адамдын дээринде шык болушу керек. Алгач каалоо керек, андан кийин эмгек.

– Эмгек менен өнөрдү айкалыштырып, күйүп-бышып иштөө үчүн адам эмнеден шыктануу алышы керек?

– Жараткан берген өнөрдү аярлап, тынымсыз эмгектениш керек. Ошондо өсүү болот.

– Өнөр жолунда эң чоң сабакты кимден үйрөндүңүз?

– Кичинемден атам устачылыкка үйрөттү. Ата-энем кыргыздын салты менен мыкты тарбия берди. Андан соң албетте, мугалимдерден татыктуу билим алдым. Кайыпбек Айтыгулов агайымдан көп тажрыйба үйрөндүм.

– Сиздин автордук музыкаларыңызда кайсы темалар көп чагылдырылат?

– Ар түркүн. Таңкы саат 05:00дө турганда эле ойдун музыкасы менен ойгоном. Ал сыртка чыкпайт, ички жан дүйнөмдө болот. Боёктор менен түркүн түстүү көрөм. Жогоруда айткандай, ар түркүн теманы камтыйт чыгармаларым. Жан дүйнөм эмнени кааласа, ошол чыгарма жаралат.

– Ар бир обон, күү, чыгарма – бир бүтүн аалам. Сиздин кайсы чыгармаңыз жашооңузда эсте каларлык кырдаалда жаралган?

– Эл – казына. Ар бир обонду элден алабыз, ар бир иш-чарага барган сайын жакшы күү, обон угуп. “Издейм сени” чыгармасын Болот Шамшиев бир тойдон жактырып калып, мага сунуштаган. Ошентип репертуарга кошулуп калды. Эл ырдап чыкса, андан кийин кооздомой биздин колубузда.

– Кыргыздын музыкалык аспаптарынын үнү дүйнөлүк сахнада жаңырышы үчүн кандай иштер жасалышы керек?

– Элдик аспаптар менен чыгып жатабыз. Башка улуттагы инсандар биздин улуттук  аспаптарга абдан кызыгышат. Жакын келип сүрөткө тартып, таң калуу менен суроо беришет.

– Замандын ыргагы өзгөргөн сайын улуттук обондорго болгон жоопкерчилик да өзгөрүп жатабы?

– Обондор өзгөрө берет. Бул чексиздик. Элдин саны өзгөргөн сайын обондор да көбөйө берет. Обончулар менен күүчүлөр жаңы эмгектерди жарата беришет да. Албетте, жоопкерчилик да жогору.

– Көп концерттерди бердиңиз, арасында өзгөчө эсиңизде калганы барбы?

– Эң алгач ниетти багыш керек. Ар бир концертке даярданган сайын ойду багам. Америкага баргандагы концертти эч унутпайм. Себеби аларда концерт көрүү маданияты абдан жогору экен. Чыгармачыл инсандарды кол чабуу менен колдоп-коштоп турганына жогору баа бердим. Жалпысынан Европа тараптагы концерттер эсимде сакталып калды.

– Кээде көрүүчүнү жөн эле угуп жатат деп ойлойбуз, бирок алардын жүзүнөн да музыка угулат. Сиз элдин реакциясын кандай окуйсуз?

– Ооба, азыр көбү той ырларына басым жасашат. Философиясы терең, оор басырыктуу музыкаларды ойносоң кээде түшүнбөй калат. Ошого карабай биз өзүбүздүкүн тартуулай беребиз. Музыкант ар бир кылды тарткан сайын жан дүйнөсүн тартат.

– Эл алдында чыгармачылыгыңызды сындагандарга кандай мамиле кыласыз?

– Сындагандар бар. Эгер сын пикир негиздүү айтылса, аны туура эле кабыл алыш керек. “Музыкасы өнүксүн” деп мага сынды кесипкөй адистер айтышса жакшы болмок. Анан адам музыканы түшүнбөй эле сын айта берсе туура эмес.

– Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

– Мен устачылык менен алектенем. Аспап жасайм. Кадимкидей сүйлөшөм алар менен. Китепти көп окуйм. Кыргыздын өзөгү, тамыры жана тарыхы тууралуу. Залкар жазуучулардын китептерин окуйм. Таланттуу балдарды тарбиялайм.

 

Мээрим Дербишалыева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан