Өлкөдө 20, 50 сомдук акчалар басыла баштайт

17-ноябрдан тарта өлкөдө 20 жана 50 сомдук купюралар басыла баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышында белгилүү болду. Иш-чарага катышууда президент Садыр Жапаров “жаңы жылга чейин өлкө өзү акча басып чыгара алабы?” деп суроо узатты. Президенттин суроосуна Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “ооба” деп жооп берип, бардык даярдык аяктаганын билдиришти. Басмакана 17-ноябрдан тарта 20 жана 50 сомдук купюраларды басып чыгара баштамакчы. Мындан тышкары 2026-жылдын ортосунан тарта 100 сомдон 5 миң сомго чейинки бардык купюралар басылып башташы күтүлүүдө.

Эске салсак, быйыл март айында “Учкун” ишканасында улуттук валютанын алгачкы үлгүсү көрсөтүлүп, басуу процесси майда номиналдардан башталары маалымдалган. Кыргызстан акча басуу иштерин ички рынокко көчүрүү демилгесин 2023-жылы эле жарыялаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан