САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

– Сиз туруп туруңуз, мен кирип бозо алып чыгайын. Анан үйгө барып чогуу ичебиз,- деп шыпылдады Адилет.
– Кандай эле мен туруп турат экенмин, а?! Керек болсо, экөөбүз тең киребиз. Жүрчү.
Аларды Нурбү кабагын сала тосуп алды. Абалды түшүнгөн Адилет:
– Жеңе, бозо алып эле кетебиз кайра.
– Кайда кетебиз? Сен көп кыйын болбо, уктуңбу?!- деп Терминатор абасы опурулду.
– Нурбү жеңемдикине мейман келет экен азыр. Үйгө барып эле ичебиз, аба!- деп абасын жоошуткан Адилет Нурбүгө кайрылды.
– Жеңе, бизге 5 литр бозо куюп бериңизчи. Абам жайлоодон бүгүн келди. Районго барып майрамдап алыптыр.
Бозочу келин үйүнө чуркап кирип, 5 литр бозону куюп чыкты. Бир колуна бозо кармап, бир колу менен абасын жетелеп эшикке жөнөдү. Мыктыбек Адилеттин өзүнүн үйү тарабына сүйрөп баратканын сезип:
– Сен мени кайда сүйрөп баратасың?
– Биздин үйгө да?..
– Өзүмдүн үйүм жок бекен, ыя?! Менин үйүмө эле барабыз!
Экөө чоң жолдун боюндагы трансформатордон ары жалгыз аяк жол менен абасынын үйүнө жөнөштү. Жолдо баратышканда Адилеттин оюнда “эртерээк уктап калса экен” деген гана үмүт болду. Бирок абасынын уктап калар түрү жоктой. “Уктап калбаса Айперинин үйүнө жөнөтпөйт мени. Качан болсо абам мас болгондо көп жакка барбай калам” деп ойлонуп баратты.
– Ай, балам, атаң Москвада жүрүптүр. Ишке орношо албай кыйналып жатыптыр дагы деле,- деди Терминатор абасы.
– Сизге ким айтты?!
– Менин балам Кумар көрүптүр. Экөө жолугушуп калышыптыр.
– Кайдан кетип калды экен ал жакка, атам?
Түшүндө атасынын кыйналып жүргөнү эсине түштү. “Атам чындап эле кыйналып жүрүптүр да анда. Кандай күндөрдү көрүп жатты экен?..”
– Болду эми, капа болбо. Атаң чоң киши. Жакшы эле жүрүптүр. Апаңа эч нерсе айтпа. Балам кабарлап турат атаңдын акыбалын.
Ал ортодо абасынын үйүнө жетип келишип, сөрүгө отурушту.
– Куй, бозодон, атаңдын оозун урайын! Бир чалкалап жатып ичейинчи...
– Мыктыбек аба, дагы айтсаңыз атам жөнүндө? Кумар акем эмне деди?
– Ой, балам, ай, атаң барганда бир ишке кирген экен. Ал жер айлыгын бербей, чыгып кетиптир. Анан күндө ар кимдин ишин кыла коюп, жанын багып жатыптыр. Кумар “ишке орноштурам жакында” деди. Көп камсанаба. Жанында айылдаштар бар, көчөдө калбайт.
– Мыктыбек аба, апама, карындаштарыма билдирбесе да, мага айтып кетсе болмок эле да. Же бир дайынын билдирип, кабарлап турса тынч уктайт элек го.
– Эми атаңа да кыйын болду да. Туура түшүн.
– Макул, аба. Атамды өзүм табам.
– Өзүңө куйбайсыңбы?
– Өзүм ичпей эле коёюнчу...
– Иий, атаңды десе. Мени менен бозо ичкен жакпай калдыбы? Куюп туруп, бир алып койчу, кана...
– Ээ, Терминатор абам суранып жатса кантип жок демек элем? Ичип эле коём.
– Оп, бали, азамат! Эми ишке өтөлү. Карыздарыңар эмне болуп жатат?
– Карыз 364 миңге жеткен болчу. Эртең менен таң атпай дагы бирөөлөр келип, ­14 миң­ сом моюнга илип кетишти. Ошо менен 378 миң болду. Эртеңкиге 24 миң сом табыш керек.
– Мендеги малдарыңдан сатасыңбы?
– Ооба, сиздеги күрөң уй менен үйдөгү аксак торпокту сатам эртең. Анан дагы мындай план ойлоп таптым. Үйдү сатайын деп жатам. Апамдарды таенемдин үйүнө жашатып коюп, Орусияга кетем.
– А-ай, балам, пландарың укмуш го. Кимге сатасың?
– Сиз кардар таап бересиз да. Сизге ишенип жатам.
– Ой, мен жайлоонун башында жатып алып, сага кардарды кайдан таап бермек элем? Андан көрө күрөң уйуңду мен алайын. Канча сурайсың?
– 30 миң.
– Ой, ата, кара муну дегеле. Оозу мурду кыйшайбай туруп, картаң уйуна 30 миң сурайт.
– 25 миң берем, болду.
– 25 миң?.. Мыктыбек аба, 24 миң сом, анан бир кой бербейсизби анда?
– Иий, эмне кыласың койду?
– Мектептин директоруна берем. Экзамен тапшырбай эле, Орусияга кете берейин десем, «бир кой бер» деди.
– Ой, атаңды десе! Ошол директоруң сага бир кой дедиби? Ошонун акыбалы бир койго жетип калыптырбы, ээ? Сен аны мага кой, ага өлөйүн деген бир кой берип, экзамендериңдин баарын “5” койдуртуп берем. Карасаң дегеле, бир кой дегенин!
– Аба, бир койго экзамендердин баары бүтүп жатпайбы?
– Атаң убагында мектепке канча жардам берип жүрдү. Ошону деле эске алып койбойбу десең?
– Мен директор менен эркекче сүйлөштүм, сиз кой бере бериңиз, калганын өзүм бүтүрөм.
Экөө жобурашып отуруп, алдындагы бозону да түгөтүп бүтүштү. Кызуу маек эми башталганын сезген Адилет туруп бозого жөнөдү. Жолдо баратып, Айперинин үйүндөгү отуруш эсине түштү. “Кантип чыгам эми? Уйкунун дарысы болсо, берип салып уктатып коёт элем” деп ойго батып баратты. Чоң жолго түшсө, алдынан Илгиз чыгып калды. Анын жасанып алып, Айпериникине баратканын айттырбай түшүндү. “Бүгүн барбай калсам, бул жинди сөзсүз Берметке тийишет” деген ой кылт этип, өзүн коёрго жер таппай кетти. Бозо салган жеңесиникине кирип, бозону куйдуруп бүтүп эле акчаны карматты да, келген жолуна түштү. Анын тез эле барып келгенине абасы таң кала түштү.
– Эмне учуп барып, учуп келдиңби?
– Сизди күтүп калбасын дедим да.
– Ап, бали! Сен келгенче мен да ойлондум. Үйүңдү мага сат. Кумарым Москвадан келсе жашайт. Анын чогулткан акчасы бар. Азырынча апаңдар жашай берсин. Макулбу?
– Макул! Бирок апама бир ооз айтып көрөйүн. Баасын да сүйлөшөйүн.
– Уулумдун 450 миң сому бар. Андан ашык бербейм.
– Мыктыбек аба, калганын эртең сүйлөшпөйлү­бү? Азыр бозодон ичели.
Сөздү башка нукка бурганга аракет кылды. Жаман оюнда, абасы бозодон көп-көп ичсе, тезирээк уктап калабы деген үмүтү бар эле.
– Эмне кубара түштүң? Макул анда, өзүң айтчы, канча сурайсың тамыңа? Экөөбүз ачык сүйлөшөлүчү. Эсептешкен дос айрылбайт дейт го...
– Мен үйдүн акчасына карыздан толук кутулуп, анан апамдар жашай турган чакан үй алып беришим керек.
– Ай, чунагым! Сен биринчи карыздарыңдан кутула бер. Үйдө жашай беришет. Кумар келсе деле кууп чыкпайбыз. Сен иштеп келип, жаңы үй алгыча жашап турушат. Мен сени ойлоп жатам.
– Рахмат, аба. Ошентсе да апам менен бир сүйлөшүп алайын да. Азыр сизге сөз берип алсам, апам каршы болсочу. Өзүңүз айтпадыңыз беле, «эркек бир сөздүү болуш керек» деп.
– Бир карыш болуп алып кыйынсың, ээ?! Мен эртең менен кетем деп жаткам. Макул десең, эртең калайын.
– Кала бериңиз. Эртең баарын чечебиз.
– Сен эмне мени­ бозо­ менен жарайын деп жатасыңбы? Жарып салсаң, үйүңдү ким алат, ыя?!

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aku
2011-03-11 21:13:54
achyk ele aitpaiby menin oturushum bar ele men kete berein dep emne ele tigini da ozun da kyinap atat?
0
asyl
2011-03-13 00:06:32
айылдын турмушун жакшы чагылдырган чыгарма.
0
Nuura
2011-03-17 14:56:42
Uiunu saatyp salsa emne bolot kandai jashoodo jashashat eken dep oilonup atam. Makul okuui bereiunchi baary jakshy bolup keteer.Birok ertenki saanyn kutup atam chydamsyzdyk menen.
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан