КОЙ
(21.03–20.04)
Бул апта сизди терең дем алып, айланага шашпай көз жүгүртүүгө түртөт. Сиз чоң маселе деп ойлоп жүргөн нерселер жеңил чечилип көңүлүңүз жай алмакчы. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жакынкы келечекти ойлонуштуруп, ишти, жеке жашооңузду иретке келтирип план түзгөнүңүз жакшы. Жакындарыңыздын бири чогуу сапарга чыгуу же эс алуу сунушун айтышы мүмкүн. Бойдоктор үчүн апта романтикалык жаатта энергиялуу өтөт, бир нече адам менен таанышууңуз мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Сезимдериңизди билдирүүдөн жана каалоолоруңузду айткандан тартынбаңыз, анткени азыркы айткандарыңыз туура кабыл алынат, сизге көмөкчү болгондор да чыгат. Өзүңүздү акыркы күндөргө салыштырмалуу эмоционалдык жактан да, физикалык жактан да ишенимдүү сезесиз. Бул күндөрү жоготуп алган мотивацияны кайрадан тапсаңыз болот. Кылдаттык талап кылынган жумуштардан ката кетирип алышыңыз мүмкүн, андыктан мындай иштерден качканыңыз жакшы.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жаңы апта сиз үчүн динамикалуу башталат, бирок бардык күчүңүздү алгандай оор нерселер күтүлбөйт. Бир нече жолугушуулар, пайдалуу да, пайдасыз да сүйлөшүүлөр орун алышы мүмкүн. Жумуш жасоодо майда-чүйдөсүнө көңүл бурганыңыз жакшы. Жеке жашоодо сиздин маанайыңыздан жана кыймыл-аракетиңизден үй-бүлө мүчөлөрүнүн маанайы, жүрүм-туруму көз каранды. Андыктан позитивдүү маанайда, жакшы нерселерге жол башчы болгонуңуз жакшы.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жылдыздар бөйөндөргө карыздардан кутулууну, жылдырып келген иштерди бүтүрүүнү сунушташат. Ички туюмуңузду угуңуз, ал туура чечимдерди табууга жана келечектүү багыттарды тандоого жардам берет. Аптада күтүүсүз адамдан сюрприз алышыңыз мүмкүн. Сиз үчүн аракет кылган, жаккысы келген адам болот. Аны жалпысынан жактырбасаңыз да, аракети үчүн романтикалык мамилеге мүмкүнчүлүк берсеңиз болот. Дем алыш күндөрүңүздү үй жумуштарына арнаганыңыз оң.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Арстандар бюджетинен боштукту табышы мүмкүн. Балким, күтүлбөгөн, пландаштырылбаган чыгашалар пайда болгондур же сиз жөн гана каражатыңызды туура эмес башкарган болушуңуз мүмкүн. Кирешеңизди жана чыгашаңызды талдап көрүңүз, кайсы жактан үнөмдөөгө болот байкап, анан боштокту толтурууңуз керек. Бир нерсени жакшы жасап баштасаңыз эле, аны бүлдүргөн адамдар пайда болгонун байкайсыз. Жакшы жагы, айланаңыздагы адамдарды “иреттеп” аласыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Иш күндөрү өзүңүздү күчтүү, энергиялуу сезесиз, андыктан көп жумуш бүткөрсөңүз болот. Тобокелчиликке барсаңыз да жакшы жыйынтык бермекчи. Документ толтурууда кылдат болуп, ката кетирбегенге аракет кылыңыз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Жумуш издеп жүргөндөр же жумушун которгусу келгендер ушул аптада ийгиликке жетет. Сүйүү мамилесинде жагымдуу көз ирмемдер орун алмакчы. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө, ден соолукту чыңдоого арнаганыңыз жакшы.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сүйлөшүүгө, мамилелерди жандандырууга, бирөөгө кеңеш айтууга эргүү ойгонот сизде. Негизгиси сиздин кеңешиңизге муктаждыгы жок адамды тандап алуудан сак болуңуз. Сизге бересе адамдар карызын берип кубантышат. Ордунан жылбаган нерсени кечке түртүп, аракет кылбай эле коюңуз. Анын ордуна жаңы нерсе менен алек болсоңуз жемишин бермекчи. Жеке жашоодо сиздин кыймыл-аракет, ой жүгүртүүңүздөгү “таракандар” менен келишпеген адамдар чыгышы мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндарга “каалоолоруңуздан коркуңуз” деп кеңеш беришет жылдыздар. Айрыкча бирөөгө карата терс, негатив ойлорду айткандан абайлоо керек. Сүйүү талаасында кыска убакытка гана созулчу “романдар” орун алышы мүмкүн. Акчаны ойго эмне келсе сатып алып, коротуудан качыңыз. Тескерисинче, кийинкиге сактап, улам көбөйткөнгө аракет кылуу керек. Ден соолукта көйгөй жаралбашы үчүн профилактика иретинде врачтын көзөмөлүнөн өтүп коюу зарыл.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар үчүн бул апта жеңилдиги менен эсте калат. Жумушуңузда, жеке жашоодо көйгөй жаралбайт. Колго алган иштериңиз оңой бүтөт. Бойдок жаачылар сүйгөнүнө үйлөнүү сунушун киргизем деп ойлонуп жүрсө, кечиктирбей ушул аптада сунуш жасаңыз. Аптанын ортосунда сиздин горизонтту кеңейте турган жолугушуу орун алышы күтүлөт. Күткөн нерселер сиз ойлогондой болбой, бир аз психологиялык дискомфорт жаралышы мүмкүн. Бирөө сиз менен купуя сырын бөлүшөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Так максат, олуттуу көз караш менен башталган иштер аягына жакшы чыгып, натыйжасы сиздин финансылык абалыңызга жакшы таасир бериши ыктымал. Жумушта талапчыл болуңуз. Өзүңүз байкабай бир чырдын күбөсү болуп калышыңыз мүмкүн. Өмүрлүк жар издеп жүргөндөр үчүн таанышуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок ушул менин адамым экен деп мамилеге баш-отуңуз менен кирип кетпеңиз. Алгач ал адамды жакшылап байкоо сунушталат. Апта соңу тынчтыкта эс алууну каалайсыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Сиз үчүн бардыгы бат-баттан алмашып жаткандай сезилет. Ийгиликке жетесиз, бирок аны бир орунда кармап туруу оңойго турбайт. Бирөөнө сөз бергенден сак болуңуз, аны аткара албай калуу коркунучу бар. Андан көрө “кийин” же “анан” сөзүн колдонгонуңуз жакшы. Иш менен сапарга чыгууңуз, көптөгөн адамдар менен жолугушуу иштери күтөт. Жеке жашоодо жеме угушуңуз мүмкүн, болгондо да түгөйүңүздөн. Себеп: үй-бүлөгө көп көңүл бурбоо же башка майда шылтоолор.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Идеалдуулукка ашыкпасаңыз, бул апта гармонияда өтөт. Жашоо сиз ойлогондой оор эмес, оюңузду тазалап, иретке келтирсеңиз, жеңилдеп каласыз. Аптанын ортосунда жакшы үмүт жандырган кабар угасыз. Жумушта талантыңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, кошумча милдет берилсе ойлонбой макул болуңуз, колуңуздан келет. Сүйүү мамилесинде сезимдер бекемделип, жаңы бийиктикке көтөрүлмөкчү. Дем алыш күндөрү чыгармачылык эргүүгө туш болосуз.