Алмаз Шаадаев, ырчы: “ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНӨМ, КИМГЕ ЭКЕНИ СЫР БОЛО ТУРСУН”

Мезгил сынагынан өтүп, өз мээнети менен сахнадан ордун тапкан ырчы Алмаз Шаадаев жашоосундагы жакшы жаңылыгын биз менен бөлүштү. Шашылыш экен, капыл-тапыл маектештик. Тойго даярдык иштери менен күнү-түнү чуркап жүргөнүн айтат ырчы мырза. 

 

– Алмаз мырза, кандайсыз? Саламга шаңдуу алик алганыңызга караганда маанайыңыз жакшы. Бизге айтчу жакшы жаңылыгыңыз бар окшойт?                    

– Маанай жакшы, албетте. Концертим ийгиликтүү, оюмдагыдай өттү. Угармандарым сагынып калышыптыр, чогуу ырдап, кол чаап коштоп шаңдуу отурушту. Муну менен дагы бир бийиктикти багындырдым десем болот. Концерт – ырчынын жасаган иштерин жыйынтыктап берген отчёту да. Отчётум жакшы кабыл алынды, буюрса. Анан да жакшы жаңылыгым бар – жакында үйлөнгөнү турам. Азыр тойго даярданып, күнү-түнү чуркап жүргөн кезим. Үй-бүлө пайдубалын түптөп, жеке жашоомду жөнгө салып алсам, анан башка максаттарга киришем. Баш кошо турган бийкечтин ким жана каяктык экенин, кесибин айтпай турайын. Азырынча сыр болуп турсун. Негизи ал бийкечтин көп сапаттарын жактырдым. Нике кайып дейт эмеспи, Кудай буюрган күнү той өткөргөнү турабыз. Буга чейинки жакшы жаңылыктарымды сиздер менен бөлүшүп келгем, мында да айтпай коё албадым.                               

– Кубанычтабыз, жакшы жаңылык экен! Бакыт каалайбыз. Үй-бүлө бекем, бактылуу болушу үчүн эмнелер зарыл деп ойлойсуз?                                 

– Биринчиден, сүйүү. Экинчиден, ишеним. Андан кийин түшүнүү, бири-бириңе көңүл бөлүү, сыйлоо, бардык нерсени кеңешип чечүү жана башка. Эки адам бир толкунда болуп, эки жүрөк бир жүрөктөй сезилгенде гана үй-бүлө бекем болот деп ойлойм.                                             

– Ырчылык, шоу-бизнестен тышкары сизди эмнелер кызыктырат? Мисалы, саясатка кызыгасызбы?                               

 – “Коомдо жашап туруп, андан четте калууга болбойт” дешет эмеспи. Анын сыңары коомдун мүчөсү катары саясатка да серп салып турам, албетте. Алдыдагы шайлоодо эл өзүнө жаккан, иштей ала турган татыктуу талапкерлерди депутаттыкка шайлап алат деп ишенем. Буга чейин 90 депутаттын кимиси кандай иштеди, кандай мыйзам жазды, трибунадан кандай маселелерди көтөрдү, эл өзү таразалап алар. Менимче, 3-4 депутат бардык жактан активдүү болуп, коркпой өз үнүн угуза алды. Нарындан эмесминби. Буюрса, 40 жаштан кийин кичи мекенимден депутаттыкка шайланып келип, элдин көйгөйүн айтып, алардын чечилишине салымымды кошом деген пландарым бар.     

    – Чыгармачылык эргүү эс алууну талап кылбайт деп айтылат. Бул сөздүн чындыгы барбы?                                            

– Ооба, туура айтылган. Чыгармачылык менен иштөө мага эс алуудай эле. Башкача айтканда, биздин эс алуубуз иш үстүндө өтөт.

– Автордук ырларды жаратсам деп ойлонуп көрдүңүз беле?                            

– Автордук ырлар, албетте, болуп калат. Бирок өзүм жараткан ырлар негедир өзүмө көп жага бербейт. Мисалы, “Эки жүрөк” деген ырымдын сөзү да, обону да меники. Бирок башка бир обончу менен биргеликте иштеп чыккандыктан, анын атына эле ыйгарып койгом. Негизи ырларымдын 50 пайызынын идеясы өзүмдүкү. Ырларым жакшы чыгышы үчүн алардын жаралышына аралашам. Обондорум, ырдын тексттери 100 пайыз мага таандык болбогондуктан көбүнчө аранжировкачы, обончулардын атына жазылып калат. Келечекте сиз айткан багытка басым жасап, автордук ырларды көбүрөөк ырдап калышым толук мүмкүн.                             

– Кавер ырдап, интернетте ырчы менен тең жарыша популярдуу болуп жаткандарга көз карашыңыз кандай?                       

   – Алар деле жан дүйнөсүнө жаккан ырды ырдап чыгышат да. Даяр ырды дал ошондой кылып ырдап коюп жүрө бербей, алар дагы издениши керек бир чети. Негизи бир ырды жаратып, бышырып, шөкөттөп, анан элге жеткирүү кыйын. Кавер ырдаш оңоюраак. Кавер ырдагандардын эмгеги өзүнчө бааланаттыр, балким. Ал эми ырды жаратып, мээнет кылып элге жеткирген адамга эл тарабынан такыр башка баа берилет деген ойдомун. Башкача айтканда, элге белгилүү болуп жаткан ар бир адамдын өз статусу бар.      

  – Ырдаган ырларыңыздын көбү популярдуу.  Сыягы сиз кайсы ырдын популярдуу болорун алдын ала сезип, анан ырдап чыгат окшойсуз? Туюу сезимиңизге канчалык ишенесиз?                            

 – Жакшы эле ишенем. Бирок ыр жаратууда ички сезимге эле эмес, акыл таразасына да салып көрөм. Мен негизи туш келген эле ырды ырдай бербейм. Сөзү, обону төп келип, жан дүйнөмө жакканын гана тандайм. Ыр шөкөттөлүп жатканда студияда отуруп ырдын ичине сүңгүп кирип, өзүмө сиңирип, анан эл алдына ырдап чыгам. Ырга канчалык мээрим төксөң, эмгек жумшасаң, эл ошончолук жакшы кабыл алат. Мээнетиңдин жообун элден аласың. Азыркы учурда жасалма интеллект да ырчылардын ордуна ырларды даярдап ырдап берип жатпайбы. Бул эми технологиянын продукциясы. Биз, ырчылар баарын өз күчүбүз менен жасап, элге тартуулап келе жатабыз.           

– Чыгармачылыкка таштаган алгачкы кадамыңызды эстеп көрбөйлүбү?   

– 9-классымда эле Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырам деп чечкем. Ата-энем болбой коюшту. 11-классты бүткөндөн кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм бөлүмүнө окууга өтүп кеттим. Ата-энем ага чейин “университетке окууга өтсөң, сага ыр жаздырып беребиз” деп убада беришкен эле да. Ошону айтсам “ырды эмне кыласың?” деп болбой коюшту. Таарынып, эч кимге айтпай Нарындан Бишкекке кетип калгам. Аркамдан келишип, 200 долларга алгачкы ырымды жаздырып беришкен. Ошол ырым менен чыгармачылыгыма чыйыр салдым.      

– Сизди элге тааныткан ыр же клип?            

 – “Жаным, эй” ырым менен элге тааныла баштагам. Бул ыр убагында өзүнүн угармандарын таап, элге жакшы тараган. Бирок “Фаридам” деген ырымдын деңгээлине жеткен жок. “Фаридамды” мурда угуп жүрчүмүн, бирок ырдап калам деп ойлогон эмес элем. Анткени ошол учурда “Кыргыз кыздары” деген шаңдуу ыр жаздыргам. Эмнегедир ал ыр элге алынарына көзүм жетпей, жайылта элек болчумун. Бир күнү “Фаридамдын” сөздөрүн ошол ыргак менен ырдап көрдүм. Өзүмө аябай жагып, уккулуктуу болоруна көзүм жетти. Аранжировкасы бүтөрү менен эртең менен эшикке чыгып алып эргип, кубанып ырдаган элем. Бир ай ичинде эле өз угармандарын тапты.

Убагында “Эми мага баары бир” деген ырыма тартылган клип интернетте аз эле убакытта 25 миллиондой көрүлгөн. Бул ошол кездеги рекорддук көрсөткүч эле. Ушунусу менен эсте калган.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан