(Башы өткөн сандарда)
Боорум ачып кетти да, кучактап кечирим сурап жибердим.
– Кечирчи мени, жанагы шүмшүк аял мени жылаңачтап бир көлмөнүн жээгине таштап кетиптир. Стресс болуп жатам. Курбум, суранам. Эч ким билбесин. Айрыкча эжем,- деп аны сооротуп, өзүм да жеңилдеп алдым. Боорукерим менин, кечириштик. Экөөбүз тамактанып отурганбыз, эшиктен атырылып Акбар кирип келди. Чочуп кеттим! Себеби мындан бир аз мурун эле Мансур чыгып кеткен да. Кудай сактады дедим. Жини келип алыптыр, жанымда отурган Айымга карап:
– Чыкчы эшикке!- деп катуу кыйкырып жиберди. Айым чыгып кетти. Андан соң мага карап:
– Эмне деп эле кыйынсынып жатасың? Бүтүрөм деп!- деп жаныма басып келди.
– Ооба, бүтүрөм. Аялың мени дагы сенин жаныңдан көрсө өлтүрөм деди. Мага жан керек.
– Ал каяктан билип алыптыр? Аны менен өзүм сүйлөшөм.
– Жүрөгү ооруйт деп жаныңды жебедиң беле?! Сопсоо эле катының бар экен го?! Билгениңди кыл. Бул үйгө экинчи басып келбе.
– Өзүңө келчи. Сен мени өз үйүмдөн кууп жатасыңбы? Айттым го, бүтүрөм деп бул ишти.
– Ал эми сенин көйгөйүң. Бошот мени. Мен чындап айтып жатам. Тажадым ойнош болгондон. Мага келбе экинчи...
– Келемби, келбеймби, ал менин ишим. Сен мага тоскоол боло албайсың, уктуңбу?! Экинчи андай сөзүңдү укпайын...- деп кекетип кирди.
– Чык, Акбар. Сыйың барда чыгып кет,- деп катуу кыйкырып жибердим, жаным ачып кетти. Атырылып келип мени чачымдан кармап, экинчи кабатка сүйрөп кетти. Жулкунсам да, тепкиленсем да коё берген жок, акмак! Бөлмөгө көтөрүп кире, кийимдеримди чечип кирди. “Коё бер мени! Жек көрөм сени!” деп кыйкырып, чапкылап жаттым. Ал ансайын күчтөнүп менин денемди катуу мыжыгып жатты. Биринчи жолу ушул жолду тандаганыма өкүнүп кеттим. Буга чейин бул жолго барба, адашпа деп айткан канчалаган адамдардын сөздөрү эсиме келе түштү. Өзгөчө мени бир убакта үйгө жеткирген таксист баланын сөзү кулагыма жаңырып жатты. Алым калбай калды. Өзүмдү жоготуп жибердим. Акбар чочуп кетип, мени жулкулдатып кирди. Бир саамдан кийин жерде жарым жылаңач мен жана спальныйдын четинде энтиккен Акбар экөөбүз үнсүз отурдук.
– Акбар... Мен турмушка чыгып жатам. Мени коё бер. Сени аялың кандай сүйсө, мен дагы ал жигитти ошондой сүйөм...- деп айтканга араң оозум барды.
xxx
21.11.ХХХХ. Ооба, мен тирүүмүн. Акбарга ачыгын айткандан кийин чоң жаңжал болду. "Мени менен жүргөн маалда башка жаш жигиттер менен жүрүптүрсүң да" деп ызырынды. Моюнума алып отурдум. “Азыр ишим чачтан көп, мен сени коё бербейм. Келем бир күнү, экөөбүз башкача сүйлөшөбүз” деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Шалдырап эле отуруп калдым. Бул кишиден кутулуу оңойго турбасын билдим. Башым катты. Эми накта жашоом чырмалышып калганын билдим. Качып кетким келди. Азыр мага үйү дагы, башкасы дагы бир тыйын эле.
xxx
Жашоо улана берет экен. Мен эжемдин үйүнө көчүп кеттим. Коопсуздугум үчүн, аз убакытка. Айымды дагы жаныма алып алдым. Салондо иштеп жатабыз. Кардарлар келе баштады. Бир күнү “Мансурданбыз” деп 2-3 сулуу кыз келди. Аябай чойроңдогон немелер экен, улам жасасам улам жактырбай тажатышты. Бирок көп акча төлөп кетишти. Бир чети кызганып кеттим. Баягы эки кыз менде иштеп жатышат. Нуриза менен Ализа. Менин колдорум иште болсо, ойлорум келечекте. Кандай болот? Эмне кылсам? Кантип айласын тапсам? Мына ушул суроолор мээмди жеп жатат. Кантип эле жолу жок болсун, бир айласы бардыр...
xxx
23.11.ХХХХ. КҮНДӨЛҮГҮМ... Мансур жанымда уктап жатат, анын таттуу уйкусун бузуп албасам экен. Анын ширин уктап жатканын ушунчалык берилүү менен карап отуруу жагат. Сүйөм сени. Алдын ала экөөбүз сүйлөшүп алып, мен салонду Айымга таштап келгем. Бүгүнкү күндү экөөбүзгө гана тиешелүү күн деп белгилеп, чогуу жүрдүк. Анын үстүнө Бишкекте бүгүн алгачкы аппак кар жаап, биздин жолугууну ого бетер романтикага бөлөдү. Майда-чүйдө, таттууларды көтөрүп алып адаттагыдай биздин үйгө келип, конок болду. Бүгүн дем алыш күн болгондуктан баарыбыз үйдө элек. Эжем менен жездемди өзү колго алып алган. Тим эле алар да Мансурду сыйлашып “ал, же” деп отурушту. Баарыбыз баарлашып отурсак Мансур тамагын бир кырынып алып, “жезде жана эжеке” деп сөз баштады.
– Менин силердин эркеңерге оюм түз. Бүгүн атайын сиздердин үйүңүздөргө сиңдиңиздин колун сурап келдим. Мен аны аябай жакшы көрөм. Сөз берем, көзүнөн бир жаш агызбай, өмүрлүк жар кылып бактылуу кылам,- деп башын жерге сала бир аз уялып отуруп калды. Мен таң калып эле туруп калдым. Сүйүндүм. Столдо бир саамга жымжырттык өкүм сүрүп, андан соң жездем: “Кыз макул болсо, биз дагы макулбуз. Бирок балдызымдын улуу байкеси бар. Ал – үй-бүлөдө чечүүчү адам. Менин сага айтарым, байкесинин алдынан өтүп кой",- деди. Мансур жымыңдап эле калды. Андан кийин экөөбүздүн кыдырбаган жерибиз калган жок. Кайсы жер? Арзанбы? Кымбатпы? Эл көппү же азбы? Ызгаарбы же ысыкпы? Мааниси жок эле. Экөөбүздүн сүйүүбүз жанып турганда бүткүл аалам бир тең, башкасы бир тең болуп турду. Айлана биз үчүн маанисиз эле. Бир гана ал мага, мен ага көрүнүп эле туруп алдык. Бүгүн ал мени өзүнүн үйүнө алып барды. Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат экен. Ушул үйдү жакында эле алганын айтты. Тагыраагы, ата-энесинен белек болуптур. Кооз экен. Ушул кооздукта экөөбүздүн түнүбүз өтүп бара жатат. Ал азыр жанымда. Мен сени менен сыр чечишип отурам, күндөлүгүм. Баса, дагы бир жаңылык... Айымдын ата-энесине жигити тарап жакында куда түшкөнү барат экен. Жакын арада болот деди, бүгүн айтты. Эртең жолго чыгам, окуумдан суранып кетем. Даярданабыз деди. Аябай күтүүсүз болду. Бир чети сүйүнүп турдум. Эми жалгыз калам деп коркпойт элем. Себеби мен дагы жакында сүйүктүүмө жубай болом. Эч ким тоскоол боло албайт.
xxx
29.11.ХХХХ. Мен ушуну көрмөкмүн. Өз бактымды өзүм кыйдым, мен акмакмын! Мен шуркуямын! Мен айбанмын! Билесиңби эмнеге? Айтып берем... Мансур, жаным менин, сүйгөнүм. Мына, төрт күндөн бери телефонумду өчүрүп үйдө отурам. Үй арак, коньяк... Ммм... Дагы эмне эле? Аа, Мартини! Айтор, түркүн шараптын түрүнө толгон. Менин абалымды эч ким түшүнбөйт. Ишенесиңби? Калемди колго араң алдым. Күндөлүктү, тагыраагы, сени өрттөп салгым келип, өзүмдү араң кармадым. Баары жакшы башталып жатпады беле? Мансур мени эртең таң эрте ата-энеси менен тааныштырмак. Мен аларга өзүм жөнүндө айтып бермекмин. Алар мени өз кызындай кабыл алышмак. Андан соң тоюбуз болмок. Бал айы... Таттуу айлар... Чет өлкөгө барабыз деп максат койгон элек... Андан соң наристелүү болмокпуз. ФАК мага! Эч нерсе жок. Мен өзү жолу жок шордуу кыз экенмин. Мени бакыт көрө албайт окшойт. Кызык, ээ? Жанымда сөлдүрөп жүргөн курбум Айымдын бүгүн сөйкө салуу тою болуп жатат. А менчи? Келишкен мүчөм бар, акыл, билим, баймын... Ха-ха-ха... Чоң үйдө шараптын бөтөлкөлөрүнүн арасында саксайып сенин барактарыңды толтуруп жатам. А мен өзүмө-өзүм кылдым. Шүмшүк Акбарга ишенип...
(Уландысы кийинки санда)