Фемида – Зевстин аялы
Фемида байыркы гректерде акыйкаттыктын Кудайы, римдиктерде юстиция Кудайы деп түшүндүрүлөт.
Фемида асман Кудайы Уран менен Жер Кудайы Геянын кызы. Зевстин экинчи аялы. Экөөнүн бир топ баласы болгон, алардын бири айтылуу Прометей. Акыйкаттыктын Кудайынын көзү таңылуу жана бир колунда кылыч, бир колунда тараза бар деп сүрөттөлөт. Фемиданын келечекти көрө билчү касиети болгон. Ал Зевстин Фетидага (деңиз үр кызы) үйлөнүүсүнөн бир бала тууларын, ал бала кийин Зевске маселе жаратарын айтат. Фемида апасынын көзү ачыктыгын мурастаган жана ал касиети сиңдисине, кийин небереси Аполлонго өткөн. Фемида Зевске Троя согушуна чекит коюуга кеңеш берет. Башкаларга курмандык чалуу жана Кудайлардын диний жөрөлгөлөрүн үйрөткөн.
Эмне үчүн көзү таңылган?
Ал акыйкаттык издеп келгендердин социалдык айырмачылыктарын, даңкын, байлыгын, саясаттагы ордун карабаган. Ал бул жаатта сокур сындуу эки тарапты тең угуп, акыйкат чечим чыгарган. Андыктан аны көзү таңылуу абалда чагылдырышкан. Тараза болсо өлчөмдүн, тактыктын жана акыйкаттыктын символу. Андыктан бир колуна тараза кармап турат. Таразага Кудай кылмыш кылгандардын жакшы жана жаман иштерин коюп, таразалаган деп айтылат.
Фемиданын бир колуна кылыч карматып да чагылдырышкан. Кылыч акыйкаттыкты коргоонун жана мыйзамдын куралы катары саналган. Ал эми Кудайдын ылдый жагында жыланды чагылдыруу эмнени билдирген? Жылан – акылдуулуктун символу. Ошол эле кезде тирүүлөрдү азгырып, жолдон чыгаруучу жандык катары саналат. Андыктан акыйкаттыктын Кудайы андай азгырууларга жол бербеши керек дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыктап айтканда, Фемида акылдуулуктун, эч нерсеге азгырылбоонун, сатылбоонун, акыйкаттыкты гана көздөөнүн символу.
Фемиданын атын алып жүрүүчүлөр
• Юрисдикция жаатында иштегендер ушул аталышты алып жүрүшөт. Мисалы, сотторго карата “фемида өкүлдөрү” деген сыпаттама айтылат.
• Күн системиндеги астероиддердин бирине Фемиданын аты берилген.