"Апам күн сайын телефондон мага “күнүң ийгиликтүү болсун” деп жазат" дейт ырчы Сагыныч. Бул – бакыт. Апанын карааны эле эсепсиз байлык эмеспи. Сагыныч мырза апасы, экөөнүн тагдыры, тарбия, кыйынчылыктар, жеңиштер тууралуу айтып берди. Анда эне жөнүндө дагы бир жакшы маекке назар салалы.
“Апам башында ырчы болушума каршы эле”
– Апамды кыскача тааныштырып кетсем, аты Раат, 1971-жылы туулган. Кесиби методист, бирок азыркы учурда өз кесиби боюнча иштебейт. Кийим тигүү жаатында эмгектенет. Ар бир баланын жашоосунда эненин ролу чоң эмеспи. Менин жашоомдо да апамдын ролу абдан чоң. Анткени анын жалгыз уулумун. Төрөлгөндөн бери апамдын жанындамын, азыр эмне билсем, дүйнө таанымым кандай болсо, кандай инсан болуп өсүп-чоңойсом, ушунун баары апамдын эмгеги деп билем. Эң биринчи тазалыкты (жан дүйнө тазалыгын дагы), тактыкты, жоопкерчиликти, адамдар менен мамиле түзүүнү апамдан үйрөндүм. Ачыгын айтсам, апам башында менин ырчы болушумду такыр колдогон эмес. Туура эмес көрүп, “башка кесипти тандачы” деп суранган. Апамдын өтүнүчү менен юридикалык билим алдым. Кийин айла жоктон ырчылыгымды колдоп калды (күлүп).
“Мени башкаларга салыштырбайт”
– Учурда апам соцтармакта ар бири ырыма “жакты” белгисин басып, реакция билдирип турат. “Ушул ырың жакты, бул ырың жаккан жок, үнүң башкача болуп калганбы бул ырыңда?” деген пикирлерин айтып турат. Апамдын мага жаккан бир мүнөзү бар, “бул ырчынын ырлары мындай, сеники мындай го” деп мени башкага, башканы мага салыштырбайт. Башкаларды сөз кылбаган сапаты жагат. Апама телефон чалып “мен азыр түз эфирден чыгам, көрүп коюңуз” деп такыр айтпаган экенмин. Башынан эле өз алдынча болуп чоңойдум окшойт. Апам да менин иштериме кийлигише бербейт. Бир сөзү бар “сени Кудайга тапшыргам, кайда жүрсөң аман бол” дейт. Мага деген бардык тилеги, ак батасы ушул сөздүн ичинде деп эсептейм.
“Апама арнап сөзсүз жакшы обон жаратам”
– Жалгыз уулу болгондуктан, мен үчүн көп тынчсызданат. Ачык айтпаса да байкап турам. “Көп тынчсызданбаңыз” деп деле айтпайм, анткени айтсам деле тынчсыздана берет. “Рулда баратканда телефон караба” деп көп айтат негедир. Эртең менен көзүмдү ачарым менен сөзсүз апамдан каалоо-тилек, бата келет. Вотсап аркылуу “күнүң ийгиликтүү болсун” деген сыяктуу жакшы сөздөрүн жазып жиберет. Мени ушуга көндүрүп койгон, кокус жазбай калса бир нерсемди жоготконсуп жаман болом. Кичинемде эсимде калганы – апам аябай так болчу. Убакытка, сөзүнө, кылган ишине ушунчалык так. Менин ушул сапатым апама окшош экенин билем. Мамиледе болобу, иште болобу, абдан так жүргөнгө аракет кылам.
Апа тууралуу “Сагындым, апа, сени” деген Тима Мукашев экөөбүздүн дуэтибиз бар. Бирок мен апама арналган башка бир кайрыктарды элестетип жүрөм, обон азырынча толук бышып баралына жете элек. Баланы уктатып жаткандагы “алдей ыры” бар го, бул биздин каныбызга сиңген ыр эмеспи. Ошол сыяктуу кайрыктар келип жүрөт, бир күнү сөзсүз чыгарам деп ойлойм. Уккан ар бир адам өз апасын элестете тургандай ыр болсо деп кыялданам.
“Маанайым жок экенин жарым сөздөн сезет”
– Оор учурларда апам менен байланышпай турганга аракет кылам. Анткени мага оор экенин сезүү апама менден бешбетер оор болорун билем. Бардык эле апалар сезимтал болушат го, бирок апам башкача сезимтал адам. Жарым ооз сөздөн, үнүмдүн тонунан эле бир нерсе болгонун билип коёт. Ошондуктан маанай жокто байланышпай турганга аракет кылам, тынчсыздандырбайын деп. Апам жоктон бар кылган аял. Кичинемде жоктон бар кылып, бир нерселерди эптештирип абалдан чыгып кеткен жөндөмү аябай таасир калтырган.
“Мен үчүн баарына даяр экенин далилдеген”
– Апам эр жүрөк аял. Бир жолу базарда бара жатканбыз, 2-класста болушум керек. Ошол кезде стакандардын алдына шарикти жашырып, кайсынысында экенин тапканга акча бере турган оюндар бар эле. Жолдон кетип баратсак, “кел, келгиле” деп эле бизди ошол тарапка тартып кетишти. “Миң сом утуп алдыңыз” дедиби, айтор, апамды кызыктырып тартып кетишти. Кыскасы, апамдын болгон акчасын утуп алып качып кетишти. Кеч кирип калган, апам алардын аркасынан бара жатат. Баратсак жер астындагы өтмөккө (подземка) кирип кетишти. Капкараңгы, анча-мынча аял болгондо кире алмак эмес. Апам кирип барып жанагылар менен “эркекче” сүйлөштү. “Жигиттер, менин балама кийим алып берем деген акчамды алып койдуңар. Келгиле, жок дегенде жарымын бергиле” деди. Ал мезгил аябай коркунучтуу жылдар эле. Лезвие менен сумкаларды тилип кеткен, тоноп, бычактап кеткендер көп болчу. Апам коркпой кирип жагдайын айтканда, жүз сом алып калышып, “мына, эже акчаңыз” деп калганын кайрып беришкен. Мен ушул окуядан аябай таасир алгам. Элестетиңиз, жалгыз баласын караан кылган аял коркпой ошончо сүрмө топ эркектердин арасына кирип барганын... Эне баласы үчүн карышкырдын үйүрүнө деле коркпой кирип кете аларын ошондо сезгем. Апам экөөбүздө мындай окуялар көп болду.
“Апа, дайыма жылмайып жүрүңүз”
– Апамдын мүнөзү корс десем таарынбаса керек (күлүп). Көз карашын оңою менен өзгөртпөйт, дайыма өз принцибинде турат. Баласы болгонум үчүн мага мээримдүү мамиле кылат, ал эми башкаларга “каприздерин” түзүк эле көрсөтөт (күлүп). Чындык үчүн чыркырап кетмейи бар. Байкасам, чынчыл адамдар принцибин бекем карманышат экен.
Айта кетчү нерсе, мен таенемдин да тарбиясын алдым. Төрөп, эмчек эмизбегени менен, ал кишинин менин жашоомдо орду зор. Таенем 80 жашка жакындап бара жатат, ал кишини да аябай жакшы көрөм. Таенем абдан эмгекчил, зыңкылдатып бардык ишти ирети менен, так, таза жасачу. Ырга маани берип укканды таенемден үйрөнгөм. Ал киши сүт тартчу эле, мен кемегеге от жагып жанында отурар элем. Китеп окуп, ырларды жатка айтып берчү.
Сөздү апама кайрылуу менен бүтүргүм келип турат. Анткени апам бул маекти сөзсүз окуйт. Апа, дайым жылмайып жүрүңүз. Анткени жылмайган сизге аябай жарашат. Сизди балаңыз жакшы көрөт, мени жалгыз бой чоңойттуңуз, бул ушунчалык чоң эмгек жана мээнет. Муну абдан жакшы билем. Сизге аябай ыраазымын, көп жашаңыз! Бул жашоонун мааниси из калтыруу дешет, менин оюмча, сиз жакшы бир из калтыра алдыңыз. Коомго, дүйнөгө жакшы бир инсанды чоңойтуп бере алдыңыз. Мен эле эмес, менин балдарыма да сиздин тарбияңыздын таасири бар. Ар дайым бар болуңуз, атам менен бактылуу жашаңыз!
Мээрим Дербишалыева