АЙДАЙ

(Башы өткөн саныбызда)

«Арстандан башкалар» деп кошуп койгум келди. Ал менин чыныгы жылдыз болушумду каалачу. “Канчалаган эркектер кызыкса да сени кызганбайм. Анткени бир гана меникисиң!” дечү...
– Неге каалабас экен? Мен, мисалы, кош колдоп колдомокмун бул идеяны.
Оюна аябай берилип кеттиби, көз ирмебей мени тиктеп калды.
– Айдай!
– Ии?
– Али да кеч эмес!
– Эмнеге?
– Алып баруучунун баары эле кесиби боюнча журналисттер эмес да. Эки жылдан кийин окууну бүтөсүң. Ага чейин курстарга бар, дикцияны, экранда өзүңдү алып жүрүүнү үйрөн. Сулуулук жагынан болсо, эч бирөөнү алдыга салбайсың. Всё, маселе чечилет да калат.
– А сенин дарыканаларыңчы?
– Искен чоңойгуча өзүм башкарып турам. Болбой баратса кызматкер алабыз. Дарыканалар үчүн жакшы тилек-максатыңды жаап салышыңды каалабайм. Биздин телевидениеге да сендей сулуулар керек го.
– Койчу, Искенди жакшылап чоңойтуп алайынчы, азыр менин негизги максатым ошол.
– Анысына да, мунусуна да жетишесиң. Мен шарт түзүп берем. Эгер ушул максатыңды ишке ашырбасаң, менин көңүлүмдү калтырасың, сулуу кыз.
Тамашалай мурдумдан чымчып, шуу эткизе жыттап алды.
– Ах, чиркин, жытың кандай керемет?!
Мен болсо кептин төркүнү башка жакка бурулганына кубандым. Кээде чындыкты билбей эле койгон дурус.
– Бирок бир күнү ырчы болот элем деп чыкпа анан.
– Эмне экен, менде слух жакшы, үнүм да жакшы.
Кайдан ырдамак элем, жөн гана Элдардын жинине тийгим келди.
– Ырчы болушуңа макул болбойм, азыртадан айтып коёюн.
– Кызык, телеалпаруучу болсом макулсуң, ырчылыкка макул эмессиң. Неге?
– Далай ырчы кыздын жоруктарын көргөм. Чачың тик турат. Сендей аруу, таза кыздарга ылайык келбейт ал чөйрө. Кээде ошол кыздардын эл алдында сүйлөп жаткандарын, интервьюларын окуп алып күлкүм келет. Жөн эле периштенин өзү болуп чыга келишет. “Машина, үй алдым, өз эмгегим менен” деп жатышпайбы, ошого ишенесиңби?
– Билбейм, андайларга маани берип окубаптырмын деле. А эмне, өздөрү ала алышпайт дейсиңби?
– Баарын айтып, күнөөлөрүн моюнга албай эле коёюн, бирок ошо мен билгендеринин бири да өз күчү менен алган эмес. Чоң курсак, бок курсак ойноштору алып беришкен.
– Аларды сындап не кыласың?
– Сындабай элемин. Болгону, сенин ошондой чөйрөгө барып калышыңды каалабайм деп жатам.
– Теледүйнө андай эмес дей­сиңби?
– Эми сен шоу-программаларга эмес, жаңы­лыктарга кызыгып жатпайсыңбы. Экөөнүн айырмасы бар. Жаңылыктар – олуттуу багыт.
– А менин жылдыз болуп кетишимден коркпойсуңбу?
– Жылдыз болуш-болбош өзүңдүн гана колуңда. Мына, мен жылдыз болбой эле жүрөм го. Чынында, менин деңгээлимдеги бизнесмендер кандай жылдыз экенин билесиңби?
– А вдруг, белгилүү болуп кеткенимде бирөө мени катуу сүйүп калсачы?
– А эмне, азыр эле сени сүйгөндөр жок дейсиңби?
– Билем, сен сүйөсүң.
– Меники түшүнүктүү дечи. Мен өзүмдөн башкаларды айтып жатам.
Дагы денем чыңала түштү. Арстанды айтып жатабы?
– Оюма койсо, сени эч кимге көрсөтпөй үйгө камап коймокмун. Бирок сен антип мамиле кыла тургандай буюм эмессиң да. Анын үстүнө үйдөн жарым карыш чыкпай, өз кызыкчылыктарың болбой эле жалаң гана тиричилик менен жүрө берсең, бара-бара мага да кызыксыз болуп кетишиң мүмкүн. Андан көрө анча-мынчада кызгантып жүргөнүң жакшы.
– Эми баары бир меники деп өзүңө ишенип, үргүлөп бараткан жүрөктү ойготуп туруш керек дечи?
– Ха-ха-ха! Ооба, туура айтасың!
– Бирок сен мени кызганбайсың деле го.
– Кызганам, ещё как кызганам! Жакшысы, сен аны көрбөй, билбей эле кой, жаным.
Ушул сөздөрдү бир башкача айтты дейсиң, денем дүркүрөп кетти. Кудай сактай көр, Арстанга залалымды тийгизбесем экен.
Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде атам күтүүсүздөн эле мени таштап кетти. Эки күн мурун келип, эшиктеги беседкада Элдар менен сүйлөшүп, Искенди эркелетип кечке отуруп кеткен. Балам атамды желкелей ийинине чыгып, жүдөтүп ийгенинен урушсам, ал кайра Искенге болушуп, мени зекип койгон эле. Болгону, эки күн мурун... Көзүмдөн бир тамчы жаш чыкпай, тамагым буулуп, а дээрге алым жок жалдырап отура бердим. Бир маалда жагымсыз үнүн озондото “Тез жардам” келди, дал баягы апакемден ажырап калган күндөгүдөй болуп. Болгону, бул ирет “Тез жардамды” мен үчүн чакыртышкан экен. Ооруканага алып кетебиз дешкенине макул болбодум. Эч ким менен сүйлөшкүм да келген жок. Мени Элдарга байлап жүргөн көзгө илээшкис жиптердин бири чырт үзүлүп кетти.
Өзүмдү, ууз сүйүүмдү, ага кошо Арстанды курмандыкка чалганда Жараткандан атамдын узак жашашын, бактылуу болушун тилеген элем. Сыягы Кудай деле бардык тилектерди угуп, ишке ашырганга жетишпейт көрүнөт.
Бүгүн августтун он төртү болуп калыптыр. Тобо, атамдын көзү өткөнүнө эки ай болуп кетиптир. А менин дале ишенгим келбейт. Ушул ойлор менен алышып отурсам, Элдар келип калды. Шашылыш окшойт, мен барып дарбазаны ачкыча коңгуроону эки-үч ирет басып жиберди.
– Тынччылыкпы, не мынча шашып?
– Бол, батыраак, өзүңдүн, Искендин кийимдерин дайындай сал, Көлгө кетебиз.
– Каякка?
– Ысык-Көлгө.
– Мен эч кайда барбайм.
– Кежирлик кылба. Менин коттеджиме ашыкча эч ким баш бакпайт. Сен үйдөн чыкпай отура берип ак соё болуп кеттиң. Кичине күн көрүп кел. Кийин жыл бою мындай мүмкүнчүлүк болбойт.
– Азыр сайрандап жүргөнгө көңүлүм жок.
– А менде эле бар бекен? Анан да, ким айтты сайрандаганы баратабыз деп? Сени эс алып келсин деген гана аракет. Давай, тартышканды токтотуп, жыйнал. Азыр Арстан да келип калат. Жиниме тие берчү болсоң, Арстанга дайындап коём. Ал сени алып чыгуунун амалын табат!
Мени ооз ачтырбаган Элдар Разиянын бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Арстан амалын табат дечи, бирок Элдар эмне мынча ишенимдүү айтып жатат?
Тыбырчылап кеттим. Атам каза болгондон бери эч нерсени сезбей калгансыган жүрөгүм бир апкаарып, бир толкуп алды. Мезгил чын эле дарылайт тура. Арстан деген атты укканда... Өзүмө өзүм таң калып турдум. Ордумдан туруп, терезеге келип сыртты карадым. Уулум Искен өзүнчө там-туң басып, анын жанында атасы жүрөт. Жыгылып кетпесин деп сактанганы болсо керек. Тим эле ар бир кыймылын көз жаздымдан калтырбай тиктеп турат.
Мындай мээрим менен ата гана карай алат. Жүрөгүм кысылып кетти. Атакем... Өзүмдүн атамды эстеп кеттим. Көзүмдөн кайра буурчак жаштар төгүлө баштады. Атам мени эч качан жаман көрүп же ачууланып карабаган экен ойлоп көрсөм. Ар дайым мени мээрим менен, камкордук менен карачу. Так эле Элдар азыр Искенди карап жаткандай.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
BELLA
2011-03-11 18:12:11
ой мен дагы кичине бойдон кала бергим келет,атамды аябай сагындым))))))
0
nurmuhammed
2011-03-11 18:22:10
эх арман дунуйо. качан бутот бул же коптон эле жазгылачы адамды кыйнабай
0
shishka
2011-03-11 20:51:13
birinchi kursta torop,emi eki jyl kalsa med akademdi butooruno.balan emi tam tun bassa tan kalychtuu
0
operaledi
2011-03-11 21:14:14
Акыркы кундору кыжырды келтирчу болду бул чыгарма, же бутурушпойт, же эмнени жазып аткандарын билишпейт.Айдай да каяктагы Арстанын ойлоп жинге тиет, жакшынакай мээримдуу жолдошу турса.
0
aku
2011-03-11 21:25:38
yrchy kyzdarga jakshy ele tyiyshtirip jazyptyr,chynynda ele oshondoi da any eldin baary ele bilet chygar
0
cosmopolit
2011-03-12 04:27:02
ойкутуп кайкытып жазып туруш керек го чыгарманы ... а то биздин ойубуздагыдай жазылса кызыгын жоготуп койот го...
0
Atyr
2011-03-14 10:31:53
ОЙ КАЧАН БУТОТЮ АЙДАЙ ЖОН ЖАША!
0
azulya
2011-03-14 19:17:20
бул просто фантастика! так что журокко жакын албагыла :)
0
gulira93
2011-03-17 14:42:27
Men bul Aidaidy abdan kyzygyp okup kelem maga abdan jagat .Aidai Arstandy unutkany ongo deim bul degen turmush al tur anan mush degen sozdon kelip chykkan turmush baktyluu ele bolsunchu joldoshu menen.
0
jalbyrak
2011-12-09 17:57:49
biz da atabyzdy avgustta ,koz achyp jumgucha jogotup aldyk...men da sagyndym atamdy...
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан