ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул аптада көптөн берки максаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Жумушта жаңы жоопкерчиликтерге туш болушуңуз мүмкүн. Жылдыздардан кеңеш: ийкемдүү болуңуз жана кошумча иштерди аткаруудан коркпоңуз. Жеке жашооңузда түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн түгөйүңүздү көбүрөөк укканга аракет кылыңыз. Аптанын ортосунда күтүүсүз акча операциясын жасашыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрүн тынчтык режиминде өткөрсөңүз кийинки аптага керектүү энергия топтой аласыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Чакан, бирок жагымдуу каржылык сюрприз күтүлөт. Жумушуңузда баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Бирок эмгегиңиздин жемиши көп күттүрбөйт. Андыктан жумуштун көптүгүнө нааразы болбой эле коё туруңуз. Жумуштагы терс маанайды үйгө алып келсеңиз, ортодо пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Үйдө отургандар туугандардан жагымдуу жаңылык угушат. Эс алуу күндөрүндө адаттан сырт окуялардын болушу күтүлбөйт, болтурууну кааласаңыз, планды өз колуңузга алыңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер бул аптада түгөйү менен кайым айтышуу, талаш-тартышка түшүүдөн качышы керек дешет жылдыздар. Бойдоктор чала тааныш адамдан көңүлгө туура келбеген сунуш алышы мүмкүн. Каражат топтоого ыңгайлуу убакыт, ашыкча акча болсо узак мөөнөткө банкка салып койгонуңуз жакшы. Майда маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечсеңиз болот, бул күндөрү сүйлөгөн сөздөрүңүз орундуу болуп, башкаларды ишендире аласыз. Апта аягы гардеробду жаңылашыңыз ыктымал.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул күндөрдү үй-бүлө жана тиричиликке арнасаңыз жакшы. Үйүңүздү иретке келтириңиз, жаңы буюм сатып алыңыз жана кол тийбей жаткандарды оңдоңуз. Жакындарыңыздын ийгилигин куттуктап конок тосушуңуз мүмкүн. Балдардын тарбиясына көңүл буруп, аларга көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылыңыз. Болбосо сөзүңүз, өзүңүз да абройго ээ болбой калуу коркунучу бар. Апта соңу романтикалык маанай коштойт, жакындар менен табият коюнуна, кафеге, киного же башка жайга баш багыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандар үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүгө ылайыктуу апта. Негизи эле бул убакытты өзүңүзгө арнаңыз, кийинүү стилин өзгөртүңүз, келбетиңизге кам көрүңүз, спорт залга жазылыңыз жана башка. Жамаат менен иштешкендердин жумушунда туруктуулук сакталат. Аптада майда маселелер жаралышы мүмкүн: ачкыч унутуп калуу, сүттү карабай “качырып” жиберүү, жакшы кийимге чай, шире төгүп алуу деген сыяктуу. Кайгырбаңыз, бул нерселерди жылмаюу менен гана жеңип коюу керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул аптанын девизи сиз үчүн “бир нерсени жакшы жасагың келсе – башкага тапшырбай, өзүң жаса” деген болушу керек. Башка бирөө кол сунуп, “мен бүтүрүп коём” десе да анын сунушунан баш тартып, өзүңүз бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Айрыкча документ, финансы иштерин. Аптанын ортосунда жалкоолугуңуз кармап, баарынан баш тартуу, артка жылдыруу каалооңуз күчөйт. Бойдоктор жүрөк түпкүрүндө сүйүү мамилесине даяр болмоюнча керектүү адам жолукпай турганын эске алышы керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Апта башында таразалар финансылык жактан бир аз чыгымга дуушар болушу мүмкүн. Айланаңыздагылар сизге кеңеш айткысы келет, өзгөчө ата-энеңиз. Аларга чоңойгонуңузду далилдеп, орой жооп бергенден алыс болуңуз. Кеңешти угуп коё бериңиз, акыркы чечимди болсо өзүңүз чыгарасыз. Үйдө тиричилик техникаларынын бири бузулуп тынчыңызды алышы ыктымал. Көптөн бери жолукпай, кабар албай жүргөн адам менен жолугуп, жагымдуу сүйлөшүү орун алат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Ноябрь айы чаяндар үчүн эң ийгиликтүү убакыттардын бири. Бул убакытта бардык мүмкүнчүлүктөр берилет, негизгиси аны колдонуп калуу керек. Карьерадан көтөрүлүү, жаңы иш баштоо, иш которуу, финансылык абалды оңдоо сыяктуу иштердин баары өз колуңузда. Тааныштардын маселесин чечүүгө аралашууңуз мүмкүн. Бойдоктордо “кызматтык роман” орун алышы ыктымал. Апта соңунда достор менен жолугуп, келечек пландар менен бөлүшүүңүз күтүлөт. 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сизди динамикалуу апта күтөт. Күтүүсүз, пландалбаган жолугушуулар орун алат. Пайдалуу маалымат аласыз, ал маалыматты өз пайдаңызга да колдонсоңуз болот. Карыз сурагандарды иргегениңиз жакшы, көңүлүн кыйбай берип коюп, кайра ала албай калышыңыз мүмкүн. Андыктан ишенимдүү гана адамдарга бериңиз. Оптимист болуу жакшы, бирок реалдуулуктан да алыстабаңыз. Дем алыш күндөрдү кандай өткөрүү өзүңүздөн көз каранды, алдын ала пландап алганыңыз оң.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Ашыкча консерватизмден алыс болгонуңуз жакшы, кичүү муун менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Билим жаатында жүргөндөрдүн иши ойдогудай багытта болот. Аптанын ортосунда сый акы алууңуз мүмкүн: жумушта жетекчилик тараптан, ата-энеңизден же түгөйүңүздөн, же дагы башкы булактан болушу мүмкүн. Коомдук иш-чараларга катышуудан качпаңыз, өзүңүзгө пайдалуу маалымат аласыз. Жылуу кийиниңиз, суукка урунуп, дем алуу органдарын жабыркатып алышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Жылдыздар сиздин бекемдигиңизди сынагандар болот дешет. Бир аз чыдап коюңуз, аптанын ортосунда баары өз ордуна келет. Жакындардын жардамына, колдоосуна таяна бербеңиз, андан көрө бутка бекем туруп, өз алдынча тура аларыңызды далилдегениңиз жакшы. Аптанын экинчи жарымында сизге бересе адамдар карызын берип кубантышат. Жумушка байланыштуу жаны адамдар менен таанышуу күтүлөт. Дем алышта өзүңүз ойлогондой эс алуу күтүлбөйт, колуңузду кармаган иш чыгат.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Өнөкөт оорулар козголуп маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Андыктан эртерээк профилактика чараларын көрүү зарыл. Романтикалык жолугушуулар, жаңы жайларга сейилдөөлөр орун алышы ыктымал. Жаңы идеялар финансылык жаңы пайда булагын ачат. Телефон жоготуп же сындырып, жаңысын сатып алышыңыз ыктымал. Эски карыздардан эртерээк кутулганга аракет кылуу керек. Адамдардын маанайын сезе билүү жөндөмүңүз үйдөгү атмосфераны туура багытка бурмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1196, 14-20-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан