Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айкөл аны тиктеп турду. Алдындагы санаа тарткан аялдын жүзү, “Акбарды коё бер” деп турган талабы аны катуу ойлондуруп койду. Ушул нерседен качкан эле, кайсы бир күнү өзү жооп бере албай турган оор жүктөн качкан. Бирок тагдыр көтөр десе, айла жок тура. Эң оболу чынчыл болуу керек. Өзүнүн алдында...

– Мен аны кармаган жокмун, ал да коё бере турган бир нерсе эмес, менин жолдошум...- деди акырын гана.

– Сенинби? Хм, сенден мурун кимдики болду экен, ээ?..

– Сиздики, азыр деле сиздики эмес деп айта албайм. Тагдыр...

– Ал сага караганда бизге, үй-бүлөсүнө керек. Сен үчүн, балким, утурумдук оюнчук же көңүлүңдү көтөрчү бир эркектир. Калың капчык болушу да мүмкүн. Бирок биз үчүн жашообуздун  маңызы. Дем ала турган абабыз, көрө турган күнүбүз. Балдардын таяна турган тоосу. Сен анын жашоосунан чык, эмне керек? Сулуулук, жаштык бар экен, демек, акча керек! Мен берем, канча?

– Мен “бар” десем эле кетип калабы? Сиз ушунча жыл чогуу жашаган адамды таанысаңыз керек. Ал мени жылдап күттү, менден кандай абалымда болсо да кол үзө албаган адам, “мени таштап кет” десем оңой эле кетип калабы? Аны мындай койдук, биздин никебиз бар. Коом кабыл алабы, сиз кабыл аласызбы, ал башка маселе. Биздин никебиз бар, бири-бирибиз үчүн бул жана тиги дүйнөдө жооп беребиз.

– Демек, коё бербейсиң да, ээ? Өз эркиң менен...

– Сиз туура эмес түшүнүп жатасыз, мен коё бергенде же башкада эмес маселе... Биздин бири-бирибизге берген сөзүбүз бар. Кудайдын алдында кандай күн болсо да чогуу болобуз деп сөз бергенбиз. Мага акчанын кереги жок, чындыгында кереги жок.

– Хм, мен да бир кезде сөз бергем. Никебизди кайдан келгени белгисиз бир кызга буздурбайм деп Кудайдын алдында  сөз бергем. Же жоолук оронгондордун эле сөзү өтөбү Кудайга? Жоолук силерге шылтоо гана, ичиңердин баары чирик. Бирөөнүн турмушун бузуп, канча баланын тагдырына балта чаап жатканыңды билсең эмне?

– Жоолугума сөз тийгизбеңиз. Мени эмне десеңиз дей бериңиз, бирок ата-энеме, жоолугума тил тийгизбеңиз.

– Акбарды бошот. Жакшылыкча, болбосо...

– Ал сизден, үй-бүлөсүнөн күч алат. А менден сүйүү... Эмне үчүн сөзсүз биринен баш тартышы керек? Мен эч нерсе сурабайм, талап да кылбайм. Жанымда болсо жетет. Мага аз эле нерсе жетет. Көп жакын адамдарымдан ажырадым.

– Акбардан алыс бол, акыркы сөзүм!

Мариям менен Айкөл бир саамга тиктешип турушту. Бул көз карашта экөөнүн тиреши бар эле. Күнөөсүз күнөөлүү болгонуна карабай биринчи жолу Айкөл жемин жедирбечүдөй  тырмышты. Мариям чыгып кетти. Эшикке чыгып абадан кере жутту. Бул кыз аларын жашоосунан чыгышы керек. Кандай болгон күндө да... Өзү үчүн гана эмес, балдары үчүн да Сания айткан жол менен барышы керек.

ххх

– Ушундай бети жок да эркектердин, акчасы болору менен башка аялга кетишет.

– Ушул даражага биринчи аялы жеткирди да. 

– Жаш кыз экен, теңине эле тийсе болмок...

– Бул кыз ырчы эмес беле, ээ? Ушундайлар башты оорутушат. 

Кыскасы, Акбар менен Айкөлдү жемелебеген, каарын төкпөгөн эч ким калбады. Баары алардын дарегине жаман сөздөрдү айтып калганга жетишип жатты. Бомба түшкөндөй, социалдык тармактарга тараган сүрөттөр элдин кыжырын келтирип жатты. Сүрөттөр атайы аларды издеп жүрүп тарткандай эле, алардын жетелешкени, Акбар аны колунан кармап, чекесинен өөп жатканы, бирге кафеде тамак ичип отурганы, айтор, укмуш сүрөттөр болчу. Кимдир бирөө атайылап аларды тартып алып, каралап жаткандай. Белгисиз аккаунттар элдин кыжырын козгоп, кайра-кайра жарыялап жатышты. Акбар элдин кыжырын түшүнбөй башы маң. “Буларга эмне кылдым, мынчалык жемеге ала тургандай эмне кылдым? Ким болду экен?” Мээсинде ушул суроо айланып жатты. Ким болушу мүмкүн мындай нерселерди таратып жаткан? Бизнестеги атаандаштары деп ойлосо, алар кайдан билмек, жакындан билген адамдар ичтен маалымат берип жаткандай. Кайсы жерде тамактанарына, Айкөл экөө кайсы ооруканага барарына чейин билген адам сүрөткө тарткандай. Башы ооруп чыкты. Айкөл чөптөн чай жасап келип, жанына койду.

– Баары ордуна келет, капа болбоңуз.

– Сабырыңдан сенин, мен дагы да сени коргой албадым. Кечир мени. Сени да, мени да тепкилеп жатышат. Элге эмне, ким эмне десе аңдабай агыла берет эмеспи. Буларды таратып жаткан ким экенин бир билсем... Сениби, шашпа.

Айкөл Мариямдын кекетип кеткенин эстеди, ички туюму менен сезгендей болду.

– Аялыңыз келип кеткен ооруканага...

– Сагабы?

– Ооба, чыга турган күнү келген.

– Койчу? Чын элеби?

– Алгач кызы үчүн келди деп ойлогом, жазган арызымды кайтарып алганымды айттым. Бирок ал сиз үчүн келген экен, менден сизди коё беришимди талап кылды. "Болбосо..." деп коркуткан боюнча кеткен.

– Анан?

– Менин оюмча, ал турат бул иштин артында...

– Сен эмне деп жатасың? Мүмкүн эмес. Ал бирөөгө жалаа жапмак тургай, бирөөгө кара санабаган аял. Мариямдын бул иштерден кабары жок...

– Жанында билген бирөө болушу мүмкүн...

– Жок!

Акбар кыйкырып жиберди, «болушу мүмкүн эмес, ушунча жыл жашаган аялымды мен билем да» деди. Тыпырады, актап жатты аны. Бирок акыры өзү менен өзү калганда шектенүү көкүрөгүнө тынчтык бербеди. Айкөл үн каткан жок, өзү менен өзү калсын деп тынч койду.

ххх

– Сания, болду окшойт. Өтө эле аша чаап кетип жатышат го.

– Сен мен айткан сумманы гана жөнөтүп тур, сонун жерине келдик.

Сания каткырып күлүп койду. Ага жаңы бир оюн табылгандай, жашоонун жаңы шамы жарк эткендей бирөөлөрдүн бактысыздыгынан кумарланып жатты.

– Кечээ Акбар келди. «Сенин тиешең барбы?» деп сурады. Коркконумдан муунум калтырап араң жооп бердим. Жетет, менимче, токтотолу.

– Мариям, шоуну эми баштап келе жатабыз. Сен эч нерседен кам санаба, баары менин колумда. Мага ишен, курбум.

Саниянын күйөөсү аны жаман көзү менен тиктеп койду. Аялы шаңкылдап сүйлөшүп бүткөндө тамагын кырынып койду.

– Ии, эмне дегени турасың?

– От менен ойнобосоңчу. Акбар сен алыша турган адам эмес. Колуңда эмнең бар? Бар нерсеңдин баарын алып койбосун.

– Коркок! Сен өч ала албайсың эч кимден, а мен канча жыл өтсө да өч алам.

– Кимден өч алуудасың? Мариямданбы же Акбарданбы?

 Сания сырдуу күлүп койду.

– Менимче, токтотушуң керек. Акбар сага да, мага да жардам берген. Эстесең, бул үйдү алганы жатканда карызга ошол акча берип турбады беле сага?

– Анын эмнеси болсо, баары мага тиешелүү болмок. Болгон дүнүйө-мүлкү меники болмок. Мариям болбогондо...

– Эмне деп дөөрүп жатасың?

– Эч нерсе.

Сания балконго чыгып чылым күйгүздү. Көкүрөктөн кетпеген ошол кеч кайра көз алдына тартылды. Сания ага жалбарганын эстеди.

– Акбар, сен ага ата-энеңдин каалоосу менен үйлөнгөнү жатасың. Сен мени сүйөсүң! Мени таштаба...

– Сания, сага сезимим бар дедим беле? Бир жолу кечеде бийлеп койдук, болгону ошол. Сен эмнеге антип айтып жатасың? Кайдагы сүйүү?

– Сен мени сүйөсүң! Өзүң билбей жатасың. Сен меникисиң.

– Өзүңө кел, сага эч кандай үмүт берген эмесмин.

– Өзүмө кол салам.

– Жашоо сеники...

Акбар ошентип басып кетип, эки күндөн кийин жакын курбусу Мариямга үйлөнүп алган. Сания өзүнө кол сала албады. Бирок өмүр бою аны жек көрүп, секелек кезиндеги кекти унутпай келе жатканы бар.

 

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1196, 14-20-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан