Абанын температурасы төмөндөгөндө, тагыраагы, кеч күз, кыш мезгилинде тооктор жумуртканы аз тууп же такыр эле туубай калат. Бул учурда эмне кылуу керек? Төмөндөгү кеңештерди колдонуп көрүңүз.
Шамал (сквозняк), суук аба ырайында тооктор кадимкидей стресс болушат, анын үстүнө денесин жылытууга көп энергия талап кылынат. Тооккананын ичи сыз болсо кадимкидей ооруп да калышы мүмкүн. Бул учурда, албетте, жумуртка тууганга “маанайы”, алы да жок болот.
Эмне кылуу керек?
1. Тооккананы жылуулаңыз. Ичиндеги температура аба ырайынын өзгөрүшүнө карабай дайыма 10-15 градус жылуулукта болсун. Шамал кире турган жыртык-тешиктерди бүтөө керек. Өтө ысытып да жибербеңиз. Бир температура 10-15 градус сакталсын.
2. Тооктор жарыкты, жылуулукту сүйүшөт. Андыктан күнүнө жок дегенде 12-14 саат жарык болуу кажет. Жайкысын табигый күндүн жарыгы жетет. Күн бат кирген кеч күз, кыш, эрте жазда же тооккана дайыма караңгы болсо, жасалма жарык – электр жарыгын (лампочка) коюу керек. Жарык тоокторго кечке эле бир орунда отура бербей, активдүү болууга жардам берет. Жарыкты бир маалда күйгүзүп, бир маалда өчүрүү керек. Муну менен тооктор өз режимин түзүп алышат. Түнү бою жарыкты калтыруунун кажети жок, канаттуулар уктап, эс алганга караңгы да керек.
3. Кышкысын да тоокторду короого, огородго чыгарып “сейилдетип” туруу зарыл. Биринчиден, күн нуру – Д витамини, экинчиден таза аба кажет, үчүнчүдөн баспай жүрө берген тоок семирип кетип да туубай коюшу мүмкүн. Күн чыкканда аларды эшикке чыгаруу спорт зал менен барабар. Кар, жаан, шамал маалында чыгаруунун кереги жок. Бир жерге кургак кум же күл төгүп коюңуз, тооктор ага оонап, денесиндеги паразиттерден арылып турат.
Тамактануусу
Тамактануусу да бир маалда болгону жакшы. Мисалы, эртең менен светти күйгүзөр менен, кечкисин светти өчүрөрдөн 1 саат мурун берген туура. Суук мезгилде калориялуу тамактандырган жакшы.
Эртең менен: сууга бышкан картошкага сууга көптүрүлгөн буудай, арпа, кукуруза же башка дан азыгын жана жумуртканын майдаланган кабыгын;
Түштө: жашылчаларды (майдаланган сабиз, кызылча, ашкабак жана башка);
Кечкисин: кургак дан азыктарын. Кышкысын тооктор жерден чокуп жей турган витамин, минералдарды жей албай калышат. Андыктан дүкөндөн атайын витаминдер топтомун алып, жемине кошуп берген туура.
Суусуна да маани бериңиз. Жем берип жатканда суусун да алмаштырып, дайыма жылуу суу бергенге аракет кылыңыз.
Өндүрүлгөн буудай миңдин бири
Бул ыкманы көп тоок баккандар жакшы билишет. Өндүрүлгөн буудай жеген тооктор жылдын кайсы мезгили болбосун тынбай жумуртка тууй берет дешет. Буудайды туура өндүрүү ыкмасы менен бөлүшөбүз.
1. Буудай майдаланбаган, көгөрбөгөн, кургак, жакшы сапатта болуусу керек.
2. Өндүрүү үчүн эмаль, керамика же айнек идиш болсун. Темир, аллюминий дегенди жолотпоңуз, аларда кычкылдануу процесси жүрөт.
3. Буудайды идишке салгандан кийин +40 градустагы жылуу сууну көмдүрө куябыз. Идиштин капкагын жаап, жылуу бөлмөдө бир сутка калтыруу керек. Керектүү убакыт өткөндөн кийин ашыкча сууну төгүп, буудайды тегиз жерге жайылган клеёнкага жаябыз да, үстүн чүпүрөк менен жаап коюу зарыл. Бир нече суткадан кийин буудай өнүп, жашыл болуп чыга баштайт. Өнгөн буудайда көптөгөн пайдалуу минералдар, витаминдер болот.
4. Өнгөн буудайды 3-4 күндөн ашык сактоого болбойт. 3-4 күн аралыгына жеткидей өлчөмдө гана өндүрүү керек. Ошол убакыт аралыгында күнүнө 2 маал жем катары тоокторго бериңиз.
Асыл Орозбекова