Тагдыр башка салса арга жок, белгилүү ырчы Стамгүл Турдалиева оор сыноого кабылды. 18 жаштагы уулунан ажырап кан жутуп отурат. Ырчы айым уулу киши колдуу каза тапты деп шектенүүдө. Окуя кандайча болгон? Кандай күмөндүү жагдайлар бар?
“10 күн байланышкан жок”
– Уулум Тилек Турдалиев быйыл май айында 18 жашка толгон. Кесиптик окуу жайды бүтүп, ноябрда аттестат менен диплом алам деп жүргөн. Аскерге барам деп комиссиядан өтсө, “мурдуңда эт өсүп кетиптир, ошону алдырып, жаздагы чакырыкта кел” дешиптир. Балам “анда Орусияга барып иштеп келейин” деп чыкты. Кара-Балталык сүйлөшкөн кызы бар эле. “Үйлөнсөм кандай дейсиз?” дегенинен “азырынча эрте” деп койгом.
27-сентябрда жумуштары менен үйдөн чыгып кеткен. Ошол түнү да, эртеси да телефон чалсам жооп болбоду. 29-сентябрда мурдуна операция жасатмак. Бул күнү сыртка чыгып келип карасам, кийимдерин которуп кетиптир. Операцияга өзү эле барып келүүнү чечкен окшойт деп ойлодум. 2-октябрда балам карындашына инстаграмдан “үйгө жакында барам” деп жазыптыр. Ошону менен 7-октбярга чейин телефону “занят” деп туруп алды.
“Банк картамдан 385 миң сом которуп алыптыр”
– Кабатырланып 7-октябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына бардым. Келген жөнүмдү айтсам, тергөөчү кыз барак берди. Ага “балам Тилек Турдалиев 27-сентябрдан бери үйгө түнөбөй жатат. Издөө жарыялашыңарды суранам. Банк картамда 426 миң сом бар болчу, аны которуп алыптыр” деп жазып баратып токтоп, тиги кызга “балам Орусияга кетип калбасын, чек арадан өткөрбөй кармап калгылачы” деп кайрылдым. Ал эч нерсе деген жок, арызга кол койдуруп, шашып кетип калды.
Айта кетчү нерсе, 6 ай мурун бир банкка 420 миң сом депозитке салган элем. Ошол банктан “депозит мөөнөтү бүттү, 6 миң сом үстүнө кошулду. Акчаңызды аласызбы же мөөнөтүн узартасызбы?” деген билдирүү келген. Мен ага маани бербептирмин. Алар менден жооп болбогон соң акчаны картама которуп коюшуптур.
Балам ошол картадан 27-сентябрда 200 миң, 29-сентябрда 185 миң сом өзүнө которуп алыптыр. Муну мен 7-октябрда банкка барганда билдим. Телефонума банктан келген билдирүүлөрдү ачып окубаптырмын.
“Денесинде көк ала тактар бар экен”
– Ошентип 7-октябрда түнкү саат 11 чамасында Свердлов РИИБинен “оперкызматкермин, атым Канат” деп бирөө телефон чалды. Анын суроолоруна балам картамдан буга чейин мынчалык чоң суммада акчаны которуп албаганын, ал дайынсыз экендигин айтып жооп бердим. Баламды издегенге керек болуп калар деп сүйлөшкөн кызынын телефонун бердим. Эртеси Тилектин сүйлөшкөн кызына чалсам, ал “Тилекти 2 аптадан бери көрө элекмин. Мен азыр турмушка чыкпайм десем мени блоктоп коюптур” деди. Досторуна чалсам баары “көргөн жокпуз” дешти.
11-октябрда телефон чалып мени Биринчи Май РИИБине чакырышты. Мен ооруп жатат элем, ордума 2 кызым кетти. Кыздарым “Тилек балдар менен мушташкан окшойт, балдар суралып жатыптыр” деп коюшту. Көрсө, чындыкты менден жашырышыптыр. Эртеси угузушту баламдын каза болуп калганын (ыйлап).
Өлүк сактоочу жайдан баламды көрүп эстен тандым (ыйлап). Шымын тизесине чейин түрүп коюшуптур, буттары көк ала. Моюнунун оң жагы кызарып, 5 сантиметрдей жери кыйылып калыптыр. Алкымында кызарган из бар экен. Сол кулагынын түбүндө колдун изиндей из жүрөт. Оозу, көзү ачылган бойдон калыптыр. Денени союп текшергенге уруксат бердик, жыйынтыгы чыга элек. Бирок алдын ала маалымат боюнча “суицид” дешти. Бирок мен буга ишенбейм. Баламды 12-октябрда акыркы сапарга узаттык.
“Милиция убагында издесе, балким, тирүү калмак”
– Свердлов РИИБине барып “эмне үчүн арыз жазсам да убагында издебедиңер? Телефону аркылуу кайда экенин тапса болот экен го?” деп кыйкырдым. “Андай аппарат бизде жок” дешти. Жетекчилердин бири “бул боюнча тийиштүү адамдарга чара көрөбүз” деп койду. Мындан 1 күн мурун сайттардын бири темир жол тараптан жаш жигиттин сөөгү табылганын, аны селсаяктар көрүп, милицияга кабарлашканын жазып чыккан. Бирок ал менин балам экенин кайдан ойломок элем? Милиция эртерээк издесе, балким, тирүү калмак балам.
“Шек жараткан жагдайлар бар”
– Балам кайтыш болгон күнү жанында болгон делген досторунун бирине 24-октябрда жаздым. Ал “сизге барып баарын айтып берем” деди, бирок келген жок. 25-октябрда бир классташы чалып "Тилек машина сатып алган, ошону жеткирип берелиби?" деп калды. Мен “машинаны эмне кылышты билбейм. Мага Тилекти ким өлтүргөнүн эле таап бергилечи?” дедим. 28-октябрда кызымдын үйүндө элем, ошол жакка жогоруда айткан досу ата, апасы, таяке, таенеси болуп келишти.
Сурасак “Тилек машина алган. Мен, Тилек жана анын сүйлөшкөн кызы болуп Караколго Тилектин досунукуна барып 3-4 күн жүрдүк. Кайра келе жатканда машина бузулуп, Кеминге таштап келе бердик. Жолдо Тилек кызы экөө урушуп, ал үйүнө Кара-Балтага кетип калды. Бишкектен 1 түнгө батир алдык. 7-октябрда достор жолугуп, ичтик. Тилек мени темир жол жакка алып кетти. Сүйлөшкөн кызына чалып “асынып өлгөнү” жатам деди. Ал “кой, антпе” деди эле, Тилек “тамаша” деп койду ага. Мен да “андай ниетиңди кой” десем, мени уруп кетирип жиберди. 15-20 мүнөттөн кийин кайра келсем, асынып алыптыр. Барсеткасынын жибин таш менен ургулап кыйып, Тилекти асынган жеринен түшүрүп, темир жолго жакын жылуулук түтүктөрү жакка сүйрөп бардым. Капюшонун кийгизип, үстүнө курткасын жаап, уктап жаткандай кылып жаткызып кетип калдым” деп айтып берди. Минтип тергөөчүгө да айтып бергенин кошумчалады. Ушул жерден суроо чыгат, ал досу өзүнөн олбурлуу Тилекти кантип өзү жалгыз түшүрүп, кантип сүйрөп барган? Сүйрөп барса Тилектин кийимдери чаң, топурак болот эле да? Өлүкканадан көргөндө кийимдери таза эле болчу. Ушул жагдай шек жаратууда.
Ал досуна “эмне үчүн асынам деп жатканда же асынып алганын көргөндө милицияга, бизге чалган жоксуң?” десек, “менден көрүшөт деп корктум” деп жооп берди.
“Селсаяк көргөн-билгенин айтып берди”
– 16-октябрда баламдын сөөгү табылган Логвиненко-Толстой көчөлөрүнүн кесилишине бардым. Барсам, 4-5 эркек селсаяк бар экен. Алардан “өткөндө ушул жерден жаш баланын өлүгү табылды го, ошону ким көргөн?” деп сурасам, бири “мен” деди. Сурасам “9-октябрда өтүп баратсам бир бала жатыптыр. Капюшонун кийип, курткасын үстүнө жамынып түптүз жатыптыр. Уктап калган го деп өтүп кеттим. Эртеси өтсөм деле жатыптыр, кыймылдабайт. Жанымдагыларга айтсам “милицияга айтпа, сени өлтүрдү кылып коюшат” дешкенинен коркуп чалбадым. Кечинде ичтик, уктап калыптырмын. Эртеси барсам дале жатат. Ошол жерден өтүп жаткандарга айтып, милицияга чалдырдым. Анан милиция келди. Аларга көргөн-билгенимди айтып бердим” деди.
Эмне үчүн милиция арыз жазсам да убагында баламды издебеген? Тирүү баламды алар таап бербей, сөөгүн селсаяктар таап берип отурат. Эмне үчүн сүйлөшкөн кызы, достору мен чалганда алгач “Тилекти көптөн бери көрө элекпиз” деп жашырышкан? Тергөөчүлөр ишти “суицид” деп жаап коё тургандай. Менимче, баламды бирөөлөр асып өлтүрүп, темир жол жакка таштап кетишкен.
Кантемир Турдалиев, адвокат: “Суицидби же бирөөлөр өлтүргөнбү, такталат”
– Бишкектин Биринчи Май РИИБинин жетекчисинен алган маалыматым боюнча, окуя Тилектин апасы Стамгүл Турдалиева баяндап бергендей болгон. Бирок чындыгында окуя ушундай болгонбу же башкабы, тергөөнүн жыйынтыктары көрсөтөт. Маркумдун моюнундагы издер асынганда түшкөн издер. Өлүкканага барганда көргөм. Бирок андай издер адам өзү асынганда да, бирөө асып койгондо да түшөт. Маселе азыр аны бирөө асып өлтүргөн жокпу дегенди тактоодо турат. Тергөө уланып жатат.
“145-берене менен кылмыш иши козголгон”
Бишкектеги 1-май РИИБинин басма сөз кызматы:
– 18 жаштагы бишкектик Т.Т. аттуу жарандын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары уланууда.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу азыркы учурда күтүлүүдө. Жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Канымжан Усупбекова