Качан, кантип башталды, билбейм. Эмне болуп сага кабылып калдым да билбейм. Бир билгеним, сени минтип кыйнап таштап кетким келген эмес. Ортобуздагы он жаш айырмачылыктан улам, сен өзүң эле баарын жакшы түшүнөсүң, бул абалга жетпейсиң деп ойлогом. Кечээ жакында оор абалда ооруканага түшкөнүңдү укканда селейдим. Эмне кыларымды да билбей калдым. Бүгүн сага бул катты жазууга отурдум. От менен ойнобо дедиң эле муңайым. А мен укпадым, сени мынчалык күйгүзүп аларымды да ойлогон эмесмин. Мен соода агенти болуп иштеп жүрдүм, сен болсоң бир дүкөндү иштетчү элең. Жапжаш, сулуу, тың экениңди байкап, ичимден жактырып жүргөм.
Сени жолугууга чакырдым, сен таң кала мени карап калдың.
– Сен канчадасың?- дедиң.
– Коркпо, жаш элемин,- деп күлдүм.
– Сен жаш экениңди билип турам, менин жашымды сурабайсыңбы?
– Кыздын жашын сурабайт го...
– А сен жолугууга чакырып жаткандан кийин сура да.
– Болуптур, канчадасың?
Сен жашыңды айттың, мен ишенген жокмун. Менден так он жашка улуу экенсиң, бирок эч байкаган эмесмин. Адам ушунча да жаш көрүнөбү? Жапжаш кыздайсың го...
– Койчу, эй...- дедим. Паспортуңду көрсөттүң. Чын экен. Ошондо токтоп калсам эмне, тилекке каршы, кайра-кайра көзүмө жакшы көрүнө бердиң. Белек-бечкек алып, сүйлөшүп жаныңдан чыккым келбей жүрдү. Сен мага олуттуу түрдө айттың.
– Айдар, сен жаш жигитсиң. Отуздасың, турмуш кура элексиң. Сенден он жаш улуумун, эки балам бар. Мени менен ойношпо, сен ойнойм деп жаткан нерсе адамдын жүрөгү, муну бир билип кой. Турмушта бир жолу катуу сындым. Экинчи жолу сынсам, өзүмдү таппай калышым мүмкүн. Антпе, келбе, толтура агенттер бар. Биздин дүкөндү ошолорго бер. Арты жакшы бүтпөйт.
Жалооруп айттың муну, суранып айттың, урушуп айттың. Мен эч эле сенден ажырай албай жаттым. Ошол учурда эмнени ойлондум өзүм да билбейм, адатта жоопкерчиликтүү эле жигит элем. Мамилени токтотмок тургай кайра күчөй бердим. Качтың, уруштуң, акыры багынып бердиң. Мени ушунчалык сүйдүң, баарына кайыл экениңди билчү элем. Мамилебиз от алып кетти. Жашым өтүп баратканынан ата-энем да тынчсызданып башташты. Улам бир кызды көрсөтүп отуруп акыры бирине токтолдук. Мен сен тууралуу аларга айта албадым, бирок өздөрү билип калышкан экен. Жөн эле үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып, апам ыйлап отуруп тойду тездетти. Мен сага айта албай жүрдүм, эмне деп айтарымды билбей жаттым. Ушул боюнча унчукпай кетип калайын дейм, ага да бет чыдабайт. Акыры сөз баштадым. Зирексиң да, дароо сездиң. Өңүң купкуу болуп кетти.
– Таласка кетем,- дедим шалдайып.
– Эмнеге?
– Кыз табышыптыр.
Шалдайып отуруп калдың, көзүмдү көтөрсөм ыйлап жатыптырсың, чыдабай кеттим. Кучактап, жаштуу көздөрүңдөн өптүм. Акыркы жолу дедим ичимден.
– Мени өлтүрүп эле кетчи, сенсиз кантип жашайм?
– Антип айтпачы, келип турам. Бир айда бир.
– Жок, келбе. Антип жүрөгүмдү оорутсаң, анда бул жерден кетем. Күйгүзүп кеттиң мени. Башка эмне дейм...
Бурулуп кеттиң, ыйлап жатканыңды сездим. Мага да оор болчу, бирок эмне кылмакмын. Айылга барып аяш атамдын кызына үйлөндүм. Үйлөндү дегени эле болбосо эси-дартым сенде, эч эле келинчегиме жүрөгүм ысый албай койду. Акылдуу, жаркыраган жакшы адам. Бирок сен эмес! Эки оттун ортосунда калдым. Чечкинсизмин, коркокмун, жеңилмин деп күндө өзүмдү жемелейм. Жакында ата болом. Бул менин буту-колумду толук байлады да койду. Сени жүрөгүмдөн алып салууга мажбурмун. Шаардагы ишимди жыйыштырып келип алдым, келинчегим ай-күнүнө жетейин деп отурат. Кыйналсам да ошентип чечмекчи болдум, бирок сен тууралуу укканда эмне дээримди билбей калдым. Менин айымдан ооруп калыпсың, жүрөк дешти. Оор экен абалың. Эки балаңды багып араң жүргөндө эмнеге жолуктуң экен мага, бечарам, ай. Биз, сенин жашооңдо жолуккан бир да эркек сага татыбайбыз. Сендей аялдардын багына эмнеге биздей алсыз эркек жазылды экен? Жолуңа жалаң акылсыз жана коркок эркектер жазылган окшойбуз. Мени кечир, баарыбызды кечир. От менен ойнобо дегенсиң, а мен ойнодум. Өзүмдү да, сени да күйгүздүм, жок дегенде бейкүнөө эки жандын убалына калбай, күнөөнүн оор жүгүн көтөрбөй тынч жашайын дедим. А сен... Көп нерсе убада кылгам, бирин да аткарбадым. Бирок бир убадамды аткарам, сени түбөлүккө жүрөгүмө сактайм.
Айдар