Кино дүйнөсүнүн алпы деген сүрөттөө Дензел Вашингтонго куп жарашат. Кинодогу негизги амплуасы – адилеттүүлүктү орнотуучу адам. Ал эми жашоосуна саресеп салсаң, анда туруктуулук бар экенин байкаса болот. 40 жылдан ашык камера алдындагы эмгеги, 50дөн ашык киноленталар аны Голливуддун ардактуу аксакалдарынын катарына кошот. “Бул бактылуу күндөргө жеткирген негизги адам – апам” дейт актёр. Алдыда Дензел Вашингтондун жашоосундагы кызыктуу 10 факт.
Толук аты-жөнү: Дензел Хэйс Вашингтон (кичүүсү)
Туулган жери: АКШ, Маунт-Вернон
Туулган жылы: 1954-жыл, 28-декабрь
Жылдыз белгиси: текечер
Кесиби: актёр, кинорежиссёр, кинопродюсер
Тартылган белгилүү тасмалары: “Атак”, “Кармалбаса, ууру эмес”, “Бороон”, “Машыгуу күнү”, “Экипаж”, “Улуу тартипке келтирүүчү”, “Гладиатор-2”, “Бейиш жана тозок” жана башкалар
1. Атасы экөөнүн ысымы бирдей, үч бир туугандын ортончусу. Жөнөкөй үй-бүлөлүк жашоодо чоңоюшкан. Апасы салондо чачтарач, атасы ар түрдүү жумушта эмгектенген жана чиркөөдө дин аалымы болгон адам. Дензел 11 жашынан баштап апасына жардам берип салондо иштей баштаган. Ал эми атасы уулун өзүнүн жолун жолдоп динге кетет деп үмүт кылчу. Андыктан аялынын Дензелди эрте жашынан акчага көндүрүп жатканына каршы эле. Мунун айынан аялы экөөнүн ортосунда көп чыр чыгып, болочок актёр 14 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кеткен.
2. Ата-энесинин ажырашуусу өспүрүм курактагы балага терс таасир тийгизген. Жаман жолдогу компанияга кошулуп алып көчө жашоосунун жаман жактарынын баарын тата баштаган. “3 досум камалып кеткен, алардын түрмөдөгү жалпы жаза мөөнөтүн кошкондо 40 жыл болду окшойт. Мен да алардын аркасынан бармакмын, камалганга бир-эки эле кадам калган. Бирок апам мени ал сазга жеткирбей сууруп чыкты. Анын ошол кездеги чечими менин жашоомдогу эң туура чечим деп эсептейм” дейт актёр. Чынында эле Дензелдин тарбиясына таасирин тийгизе албай калган апасы аны мажбурлоо жолу менен Окленд аскер академиясына берип койгон. Ал жактан жашоого башка көз караштагы жигит чыккан.
3.
Бир туугандары менен кошо Дензелге да үйүндө ашыкча сыналгы, тасма же башка оюн-зоок берүүлөрдү көргөнгө уруксат жок болчу. Атасы дин аалымы болгондон кийин 2 тасма гана көрсөтүлчү, экөө тең дин жөнүндө, ырлар да ошол жааттагы музыкалар болчу. Актёр балалыгын эстегенде “биз өзүбүздү чиркөөдө жашагандай сезчүбүз” дейт. Ошентсе да ал келечегин медицинадан көргөн, ал эмес, атайын медициналык окуу жайга да тапшырган. Бирок кызыгуусу бат эле өчүп, журналистикага ооп кеткен. Ошол эле учурда спорт (футбол, баскетбол), актёрлук чеберчилик ийримдерине да барат эле. Университетти журналистика факультетинде бакалаврлык менен аяктаган.
4. Актёрлук карьерасынын башаты – театр. Ал эми киного 1977-жылы “Вильма” аттуу спорт драмасына тартылуу менен кирген. Дензел Вашингтон афроамерикалык актёрлордун арасында 2 ирет “Оскар” алган көп эмес адамдардын катарында. Биринчисин “Атак” (1989-жылы) тасмасындагы ролу үчүн “Экинчи пландагы мыкты актёр” наамын жеңип алган. Ал эми экинчи “Оскар” 2001-жылы чыккан “Машыгуу күнү” тасмасында “Мыкты актёр” номинациясында берилген. Бул роль актёрдун карьерасындагы алгачкы терс каарман болчу. Сыйлыктарына келсек, ал дээрлик бардык сыйлыкка жетти окшойт. Керекпи АКШ бийлиги тарабынан 2 ирет (2022, 2025-жылдары) Президенттин Эркиндик медалы (АКШдагы жарандар үчүн каралган эң жогорку 2 сыйлыктын бири) менен сыйланган. 2020-жылы белгилүү The New York Times басылмасы Дензел Вашингтонду XXI кылымдун улуу актёру деп атаган.
5. Бекем үй-бүлөнүн ээси. Дебюттук тасмасы “Вильмага” (1977-жыл) тартылуу учурунда Паулетта Пирсон менен таанышкан. Бир көргөндө Паулеттаны жактырып калган, анын жүрөгүн багындыруу үчүн актёрго 5 жыл керектелген. Ал арада эки ирет колун сурап, “жок” деген жооп алган. Акыры максатына жеткен актёр 1982-жылы сүйгөн айымына баш кошкон. 40 жылдан ашуун убакыттан бери ынтымакта жашап келе жатышкан жубайлар 4 баланын (2 уул, 2 кыз) ата-энеси. Балдарынын баары ата жолун жолдоп кино тармагында эмгектенишет.
Вашингтон мыкты актёр эле эмес, жазуучу да. Ал “Мени жетелеген кол” аттуу китебин жазып, анда анын жашоосундагы ийгиликке жетелеген адамдар жөнүндө айткан. Ал жакта америкалык саясатчы, спортчу, коомдук ишмер, бизнесмен сыяктуу ар тармактагы 70тен ашуун адамдын ысымы жазылган.
Асыл Орозбекова