Форумчулардан акция
“Ала-Тоо” аянтына эл топтолгондо эле чочулай баштайсың, “дагы эмне болуп кетти?” деп. А бирок бул жолу эл майрамдын урматына топтолду. “Супер-Инфо” гезити жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары менен биргеликте Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери 8-Мартка карата 20 мүнөттүк майрамдык акция уюштурушту.
Аталган университеттин студенттери “Эненин жүрөгү” деп аталган кыска мүнөттүк драма коюшту. Сүйүү үчүн энесинин жүрөгүн берген маңкурттун образын чагылдырган драма чогулган элди бир топ ойлондуруп, атүгүл кээ бирлерди көздөрүнө жаш алууга мажбур кылды.
«Бейиш эненин таманынын астында» демекчи, дүйнөнү сулуулукка бөлөп, не деген кайталангыс таланттарды, эр азамат баатырларды энелер жарык дүйнөгө алып келген. Мына ошол ак жоолукчан апаларды жаркыраган жаз майрамы менен куттуктап, топтолгон элди эч качан эненин жүрөгүн оорутпайлы деген жакшы ниетте калтырууга жумшалган аракет ишке ашты бейм.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg