• “Ачуу, өкүнүч, тынчсыздануу жана таарынычка көп убакыт бөлүү – убакытты текке кетиргендик менен барабар. Убакытты бактысыз мүнөттөргө бөлгүдөй жашоо өтө кыска”. (Рой Т. Беннетт)
• "Үч нерсе эч качан кайтып келбейт – убакыт, сөз жана мүмкүнчүлүк. Андыктан убакытты текке кетирбе, сөздү кылдат танда, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба". (Конфуций)
• “Убакыт бардык жараатты айыктырат дешет. Мен макул эмесмин. Жаралар калат. Болгону убакыттын өтүшү менен мээ акыл-эсин коргоп, аларды тырык менен каптап, ооруну азайтып коёт. Бирок ал тырык эч качан кетпейт”. (Роз Кеннеди)
• “Жөнөкөй адам убактысын кантип өткөрүүнү ойлосо, акылдуу адам аны кантип пайдаланууну ойлонот”. (Артур Шопенгауэр)
• “Жумуш үчүн убакыт тап – ал ийгиликтин баасы,
Оюн үчүн убакыт тап – ал жаштыктын булагы,
Окуу үчүн убакыт тап – ал билимдин кени,
Достор үчүн убакыт тап – ал бакыттын булагы,
Сүйүү үчүн убакыт тап – ал жашоонун белеги,
Кыял үчүн убакыт тап – ал жан дүйнөнүн тынчтыгы,
Сулуулук үчүн убакыт тап – ал сени курчаган бардык жерде бар,
Ден соолук үчүн убакыт тап – ал жашоодогу жалгыз байлык,
Пландаганга убакыт тап – ал жогорудагы иштерге убакыт тапканга жардам берет”. (Пол Брэгг)
• “Убакыт – бул баарынан көп кааланган, бирок туура эмес колдонулган нерсе”. (Уильям Пенн)
• “Убакыт жок. Чын элеби? Каалоо гана жок, убакыт дайыма бар”. (Сергей Есенин)
• “Кечээки күн кетти. Эртеңки күн келе элек. Бизде бүгүнкү күн гана бар”. (Тереза эне)
• “Биз каалайбызбы, каалабайбызбы – убакыт баары бир баарын алып кетет”. (Стивен Кинг)