Ильгиз Абдалиев, ырчы: “БИР ЖЫЛДАРЫ ТҮШҮМДӨ ЫР ЖАЗА БАШТАГАМ...”

Бул жолу биз эстрада ырчысы Ильгиз Абдалиев менен үй-бүлөлүк баалуулуктар, чыгармачылыкта жаңы багыттары жана келечек пландары тууралуу кеңири маек курдук. Ырчынын жеке жашоосундагы сырлары, сахнадагы эмоциялары тууралуу маектен окуй аласыздар. 

 

– Ильгиз мырза, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болууда?

– Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, Жаңы жылга жаңы ырларды даярдап жатам. Дуэт, клиптер менен чыгат.

– Сизге чыгармачылыкта ким же эмнелер дем берет?

– Биринчиден, ата-энем дем берет. Андан кийинки мотиваторум – ырчы Аваз Акимов досум. Менин чыгармачылыкка келишиме ушул досум себепчи.

– Сахнадагы Ильгиз менен жашоодогу Ильгиздин айырмачылыгы кандай?

– Сахнадагы Ильгиз – элге кубаныч тартуулаган ырчы. Ал эми жашоодо  – сүйүүнү, тынчтыкты жана чындыкты баалаган жөнөкөй адам. 

– Студияда ыр жаздырууда күлкүлүү окуялар көп болот экен. Сизде да болгонбу?

– Бир кездерде көп ырчыларга ырларынын сөзүн жазып берип калдым, алар хит болгон ырлар. Абдан берилип кеткендиктенби, айтор, бир күнү түндө уктап жатып түшүмдө сөз курап, унутуп калбаш үчүн аны кайра-кайра кайталап жаттым. Ойгонуп кетип, ошол саптарды кагазга жазып алдым. Түшүмдөн ыр жазып баштаганыма бир күлөм, эми акын болуп кетемби деп (күлүп). Кийин жалкоолук кылып, ыр жазбай калдым. Ушул жөндөмүм алсырап кетти ошентип.

– Эң унутулгус концертиңиз же гастролдук сапарыңыз кайсы болгон?

– Эң унутулгус сапар 2011-жылкы Орусиядагы гастролубуз. 1 ай бою   Сыймык Бейшекеев агабыз менен Орусиянын 20 шаарын кыдырып концерт коюп келгенбиз. Ошол сапар көптөгөн кызыктуу окуялар менен коштолгон.

– Эмне үчүн сахнага чыгуу кээде терапияга окшош сезилет?

– Чынында сахнага чыгуу – бул жөн гана ырдоо же оюн көрсөтүү эмес, бул ички дүйнөң менен жолугушуу сыяктуу. Кээде күнүмдүк жашоодо айтылбай калган сезимдерди сахнада гана чыгара аласың. Ошондуктан ал көп учурда терапияга окшош болот. Ырдап жатканда өзүңдү, өткөндү, кубанычыңды, кайгыңды, баарын ошол мүнөттөргө сиңирип, көкүрөктү ыр аркылуу бошотосуң.

Сахна – бул адамдар менен эмес, өзүң менен сүйлөшүүчү мейкиндик. Элдин көз алдында турсаң да, өзүңдүн ички дүйнөңө сүңгүп киресиң. Айрым учурларда сахнага чыккан соң жеңилдеп каласың. Мисалы, кайсы бир ыр жөн эле музыкалык чыгарма эмес, жашоонун бир үзүмү, сырдашуучу курал. Сахнага ар бир чыгуу – ички энергияны жаңыртуу, тазалануу десем болот. Кээде сахнада ыйлап жибергибиз келет, кээде күлүп алабыз, бул да терапиянын бир формасы да.

– Кайсы ыр сиздин жашооңузду өзгөрткөн?

– Мен чыгармачылыкка жаңы аралаша баштаганда Сыймык Бейшекеев агабыздын “Саманчынын жолу” ырын ырдадым, ыр тез эле хитке айланып кетти. Угармандары аябай көп ал ырдын, азыркы күнгө чейин. Мени калың элге тааныткан, материалдык пайда алып келген ыр десем болот.

– Жакында кыздуу болупсуз, бешик боосу бек болсун! Кыздуу болуу кандай экен?  

– Чоң рахмат! Эки уулдан кийин кызыбызды өзгөчө сезим менен күттүк. Кыз назик болот тура. Курсагы ачканда эле кыңылдап коёт. Кылдаттык менен багуу керек экен.

– Келинчегиңиздин ырдап чыгышына эмне себеп болду? Анын өзүнүн каалоосу бар беле же сиз сунуштадыңызбы?  

– Интернеттеги биздин катталуучулар "Жар-жар" ырдоону сунуштап калышты. Өзүм вокалист, музыка мугалими болгондуктан ырдоо ыкмаларын үйрөтүп жатам. Менин да каалоом болду, албетте. Келинчегим кесиби боюнча бухгалтер.

– Чогуу ырдаган жактыбы анан?

– Чогуу ырдаганда элдин жылуу кабыл алуусу, алардын көздөрүндөгү кубаныч бизге шык тартуулайт. Биз үчүн ар бир жолку сахнага чыгуу – бул жөн гана ыр эмес, жүрөктөн чыккан сезимдердин биригиши. Келинчегим экөөбүз ырдаганда үнүбүз гана эмес, ички дүйнөбүз да гармонияга келет. Ошол гармония – эң чоң шыктануу булагыбыз. Андан сырткары элдин кол чабуусу, колдоосу, жакшы сөздөрү бизге чоң күч берет. Ар бир концерттен же тойлордон кийин дагы көбүрөөк аракет кылгыбыз келип, чыгармачылыкка жаңы дем менен киришебиз. Кээде жөн гана бири-бирибиздин көзүбүзгө карап, ырдын маанисин сезип турган учурлар – эң керемет шыктануу!

– Үй-бүлөдөгү гармония кандай? Ал жакта деле түшүнүшүү жеңилби? 

– Албетте. Үй-бүлөлүк гармония – бул жөн гана бакыт эмес, эки адамдын жүрөгүн бир багытка бурган чоң эмгек. Эң негизгиси жубайлар бири-бирин угууга жана түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Кечиримдүүлүк жана сабырдуулук маанилүү. Идеалдуу адам болбойт, ар кимдин кемчилиги бар. Бирок чыныгы сүйүү ошол кемчиликтерди кечире билүүдө. Кээде унчукпай коюу да тынчтыктын жана акылмандыктын белгиси. Шүгүр кылууну жана баалоону билген жакшы. Күн сайын жубайыңыздын жасап жаткан ишин баалап, “рахмат”, “сенин жардамың чоң болду” деген сыяктуу сөздөрдү айтып туруңуз. Бул жөнөкөй көрүнгөнү менен, чоң мааниге ээ.

– Жубайыңыздагы сиз баалаган сапат?

– Мага жаккан сапаты – жөнөкөйлүгү, адамдарга кылган мамилеси, сылыктыгы жана ийкемдүүлүгү. Айткан сөздү туура кабыл алып, кеңешти оң жагына пайдаланып кеткендиги жагат. Ар дайым мени колдогонун да баалайм.

– Жубайыңыз менен сизде кандай окшоштуктар бар?

– Экөөбүз жаңы баш кошкондо тааныштарыбыз “окшош экенсиңер” дешчү. Көбүнчө бири-бирибизди түшүнүшүп, ойлорубуз бир чыгат. Демек, бир толкундабыз. 

Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?

– Бишкекте чыгармачылык менен алектенем. Ал эми айыл жергесинде бир аз жылкы, бодо мал кармайбыз.

Үй-бүлөлүк жашоо боюнча аздыр-көптүр тажрыйбага ээсиз. Эмнелер маанилүү экен?

– Жаштык менен сүйүү – бул күчтүү сезим, бирок үй-бүлөлүк жашоодо сүйүү менен бирге сабыр маанилүү. Башында сөзсүз сыноолор болот. Сүйлөшүү, ой-пикирлерди ачык бөлүшүү, сезимдерге маани берүү үй-бүлөнү бекемдейт. Акча маселелери көпчүлүк жаш үй-бүлөлөрдүн талашына себеп болот. Чогуу план түзүү жакшы. Балдар, жумуш, туугандык катыш дегендер менен бирге сүйүүнү да унутпоо керек деп ойлойм. Үй-бүлөдө жоопкерчилик, сый мамиле  маанилүү.

– Ырчылар топ-топ болуп шеринеде чогулуп турушат. Сиз көрүнбөйсүз негедир?

– Биздин эң жакын үй-бүлөлүк катыштагы ырчы досторубуз менен шеринебиз бар. Ай сайын чогулуп сырдашып, чер жазып отурабыз. А башка ырчы кесиптеш достордун шеринесинде жокмун. Балким, алар өздөрүн “элита” сезишсе керек (тамаша).

– Жалпысынан канча ырыңыз бар? Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасыз?

– Жалпы 40ка жакын ырым бар. Ыр тандоодо обонуна, музыкасына жана сөзүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бөлөм.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан