Акматбек Султан, төкмө: “ТӨКМӨЛӨР КУРЧ ЫРДАГАНДАН КОРКУП КАЛЫШТЫ ДЕГЕНГЕ КОШУЛБАЙМ”

Мындан 12 жыл мурун Кытайдан Бишкекке таланттуу жигит келген, өнөр жолун аркалап төкмө акын болом деп. Акматбек Султан ал жигит. Ата-энеси уулун ак бата берип узатып, өздөрү Кытайда калышкан. Бул арада алар уулуна 1 жолу гана жолуккан. Жакында алар Бишкекке келип кетишти. 9 жылдан кийинки ушул жолугушуудан баштадык кепти.   

 

– Акмат мырза, жакында ата–энеңиз Бишкекке келип кетти. Ушул көп жылдан кийинки жолугушуунун таасирин сурайын дедим...

– Ооба, ата-энем менен 9 жылдан кийин көрүштүк. Бир ай жанымда болушту. "Эмнеге мынча жыл көрүшкөн жоксуз?" деп сурайсыз, айта берейин өзүм эле. Кытайда башка өлкөгө чыгуу үчүн паспорт алуу кыйын, мыйзам катаал. Бул арада дүйнөнү коронавирус каптап кетти. Кыргызстанда жашоо тез эле өз нугуна түшүп кетсе, ал эми Кытайда чет өлкөгө чыгып келүүгө эки-үч жылга тыюу салынды. Мен үйлөнгөндө да ата-энем келе алган жок, мен да бара албадым аларга. Буйрук ушул экен, быйыл жүз көрүштүк. Көптөн күткөн күн болду, ыйладык, кучакташтык. Бизди көргөндөр кошо ыйлашты. Көргөн көзүбүзгө ишенбей-ишенгиче эле бир ай зуулдап өтүп кетти.

– Тогуз жыл аз эмес убакыт. Ата-энеңиз анда азыркыдан жашыраак эле, өзгөрүп калышкандыр. Ортодогу мамиле мурункудай эле бойдон калыптырбы же бир аз жатыркоо байкалдыбы?

– Элүү жыл көрүшпөй жолуксак деле ата-бала мамилеси баягыдай сакталып калат экен. Мени аяштыбы же ойлорун түз айта албай жатыштыбы, айтор, буйрук иретинде сүйлөбөй, өтө эле сылык сүйлөп жатышканын байкадым. Чоочун адамга кайрылгансып, ойлорун айтууга батынбай жатышканы мага билинип турду. Бир аз жатыркай түшүшкөнбү деп койдум ичимден. А менде андай сезим болгон жок. Ата-энемдин жапжаш, 48 жашында кеткем, азыр бир аз картайып калгандай сезилди. Балалыгым өткөн жерлерге кусам ташып, соцтармактан Кытайдагы айылдаштарымдын тарыхчаларын карап турчумун. Бирок мени алар “блоктоп” салышчу. Эмнеге экенин билбей жинденчү элем. Аманчылык баарын жеңет экен, минтип жүз көрүштүк. Сезимдерди айтсам, барак түтпөй кетет го.

– Ата-энеңиздин Кыргызстанды биринчи көрүшү болуш керек. Алар ошол жакта төрөлүп-өскөн адамдар да?

– Төрөкандын санжырасы боюнча, ата-бабаларыбыз мындан 500-550 жыл мурун Кызыл-Суу автономиялык облусун жердешкен. 1916-жылы Үркүн окуясында деле кыргыздар “Кызыл-Сууда туугандарыбыз бар” деп кетишкен экен тарыхты карасак. Биздин ата-бабабыз эзелтеден ошол аймакты жердешиптир, облустун 95 пайызы Кыргыз жана Тажик жерлери менен чектешкен. Кийин СССР чек ара кылып бөлгөндө Кытай тарапка өткөн. Демек, менин ата-бабаларым илгертеден ошол жерди мекен кылышкан. Ата-энем Кыргызстанды көргөндө кубанышты, “пейилиңерге рахмат” деп ыраазычылык айтышты. Анткени бир ай бою ата-энемди конокко чакыргандардын  аягы үзүлгөн жок. Бир алайлык эже ата-энемдин келгенин интернеттен көрүп, “өз ата-энем тирилип келгендей кубандым” деп жазыптыр. Элим мени кубанычыма ортоктош болду. Чоң рахмат, баарына. Ата-энеме Чүй боорун, Ысык-Көлдү гана көрсөткөнгө жетишип калдым. 11-ноябрда кайра узаттым. 

– Кыргызстанда үйлөндүңүз да. Куда түшмөй сыяктуу иштерде аталык милдетти ким аркалады?

– Абдан бактылуу жан экенмин, анткени жолумдан мыкты инсандар жолукту. Куда башы болуп ыраматылык устатым Элмирбек Иманалиев, комуздан сабак берген, экинчи апам болуп калган Самара Токтакунова барышкан. Чыгармачылыктан тапкан ата-энем барган десем жарашат. Ошентип үйлөнүп, балалуу болуп, балапандарым чоңоюп калышты. Кан тартат деген чын экен, 5 жаштагы кызым биринчи жолу көрсө да чоң энесинин алдына отуруп алып эркеледи. Уулум чоң атасынын алдына отуруп алды, күндө көрүп жүргөндөй камыр-жумур болуп кетишти. Абдан сүйүндүм. 

– Сизди мындан 12 жыл мурун Кыргызстанга төкмөлүк өнөрдүн күчү жетелеп келген десек болобу?

– Албетте, төкмөлүк ышкы мени айдап келген. Кызыл-Сууда эки жүз миңдей кыргыз болсо керек орточо, төкмөлөр бар эле, бирок өнүктүрүп кете турган мектеп жок болчу. Мен өнөргө ашык болдум, кайсы жакка гана барбадым, кандай күндөр өтпөдү, кайсы тоого урунбадым. Бирок менин тагдырым өнөр жолунда экенин билчүмүн. Келип улуу устат Элмирбек Иманалиевге шакирт түштүм, Улуттук консерваториядан билим алдым.

– Кызыл-Сууда болгон элем, аймакта кыргыздын нукура тили таза сакталып калганын билем. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Илимпоздор кандай жооп беришет билбейм, бирок мен билгенден бир эле себеби бар. Биздин айылга электр жарыгы кеч тартылды. Мамыларды карапайым эл билектин күчү менен тургузушкан. 2000-жылы гана телевизор эмне экенин билдик. Ал да айылда бир эле адамда болор эле, малды жайгаштырып коюп барып көрчүбүз. Тилдин сакталып калганына биз ааламдашпай, обочодо, өзүбүз менен өзүбүз жашап калганыбыз себеп болду болуш керек. Мектепте кыргыз тилин биз арабча окуп үйрөндүк. Кийин мамлекеттик тил катары кытайча окудук. Ал эми бул жакта болсо англис, орус тилдери басымдуулук кылып, эл аралаш сүйлөп калган да. Ушуга чейин кириллица менен жазганга караганда арабча жазган мага ыңгайлуу. Кыргыздын салты болобу, тили болобу, жакшы сакталып калганы ошондон деп билем. Азыр ааламдашуу болуп телефондун ичине түшүп кетпедикпи.

– Сөз нугун төкмөлүккө бурсак... Төкмөлөр курч, актуалдуу темалардан алыстап, жеңилге, сүйүү, өң-келбетке тийишүү, азилдешүүгө ыктап бараткандай сезилет. Акындар деле коркуп калыштыбы?

– Коркоктук деле эмес, болгону элдин талабы ушул болуп жатат. Төкмөлөр коркуп калышты дегенге кошулбайм. Азыркы мода сөз бар го, “30 жылда мындай болгон эмес” деген. Азыр өлкөдө жакшы жакка жылыш бар. Жолдор салынып, айылдардагы турмуштар да оңолгондой. Ошол эле себеп го дейм, төкмөлөр ошол үчүн элдин талабына ылайык жеңил темаларды тандашууда. Мен айтпай койсом же башка айтпай койсо эле чындык жок болуп кетпейт, сынып калбайт. Чындык алтындай болуп тура берет, чирибейт. Азыр элдин баары акылдуу, чындыкты билип, көрүп эле турат. Акыл үйрөтө албайсың. Эл акылды эмес, руханий бир бейпилдикти көксөп тургандай сезилет мага. Ошого балким, азил менен, руханий бейпилдикти берүү менен чектелип жатат окшойбуз.

– Бир кезде Тууганбай Абдиев атабыз “кыргызда төрт эле төкмө акын калды” деп күйүп-бышкан турбайбы. Азыр дүбүрт жакшы, төкмө жаратууга мезгил шарт түзүп жатабы?

– Бал кайсы жерде экенин билген үчүн аарылар жабалактап келишет эмеспи. Адамдын деле табияты ошобу дейм. Акындык өнөр – калктан кадыр-барк жыюу, атак табуунун жолу болгон үчүн күчөдү болуш керек. Бирок буга сүйүнүү кажет. Анткени эркиндиктин  белгиси. Төкмө акындык – кыргызга берилген чоң мурас. Ошону улантып, көбөйтүп, сакталып калышына салым кошуу – чоң сыймык мен үчүн.

– Төкмөлүк өнөрдү аркалап үй-бүлөнү жетиштүү бакса болобу?

– Албетте, болот. Мисалы, мен аз табамбы, көп табамбы, элдин батасы, адал оокат менен нан таап келем. Тапканым берекелүү. Бирөөнүн акысын жеп, мамлекеттен уурдап байыганга караганда элдин батасы менен байыган таза жана жугумдуу. Канча дүнүйөм болсо да ак жол менен келгени үчүн мен баймын.

– Маегиңизге рахмат.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан