Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

Ал-акыбал сурашкан соң “биз кетели” десе келинчеги кызыга:

– Бека, тааныштырбайсыңбы? Бул кыз ким?- деди. Мен ооз ача электе Бекзат сөз талаша “бирге окуганбыз, курсташым” деп жиберди. Мен дагы аны коштоп жылмайдым да, аны жекире тиктеп өттүм. Келинчеги:

– Аябай жаш көрүнөт экенсиң. Жакшы, биз баралы,- дегенде ичимден “жаш көрүнбөгөндөчү. Бекзат мени 5 жылга картайтып, өзүнүн курсташы кылып койбодубу” дедим. Келинчеги “Бека, сен таанышың менен сүйлөшүп тур. Мен азыр” деп жылып кетти. Издегеним жерден табылып:

– Курсташың болуп калдымбы, ээ?- дедим.

– Кел, сөздү көбөйтпөйлү. Өткөн өттү. Эскини козгобо. Азыр коштошобуз дагы, ошону менен көрүшпөйбүз,- дегенде ачуум келе түштү.

– Жок, Бека. Сен азыр мага номериңди бересиң. Сүйлөшчү сөздөр бар...

– Тилиңди тартып кал. Келинчегимдин көзүнчө ашыкча сүйлөсөң, тилиңди кесип алам,- деп коркутканга өтпөдүбү...

– Номериңди бербесең, келинчегиңдин жакын курбусу да болуп алам. Экөөбүздө сүйлөшчү сөз көп,- десем, бир аз кыжырлана түштү эле, келинчеги да келип калды. Бекзаттын өңү өзгөрө түшүп, менин номеримди алып, келинчегине карай:

– Айсан, Бекболот менен тааныштырып коёюн деп жатам. Кандай дейсиң? Курсташым да бойдок экен,- деп калпты урдурганда кирерге тешик таппай кеттим. Келинчеги жоош экен, күлүп эле макул деп калды. Коштоштук. Кайра ордума келип, телефон аркылуу аялы менен сүйлөшүп жаткан Эрнистти карап үшкүрүнүп отурдум. Бүт эле эркек ушундайбы? Же менин айланам эле ушундай былыктарга толгонбу? Уфф! Байкуш аялдарга эле кыйын. Эрнист эптеп аялын алдап, телефонун өчүргөн соң менин көңүлүмдү алганга аракет кылды. Ошол күндүн эртеси эле күнү кечке Бекзатка чалдым. Албай койду. СМС жөнөттүм: “Шашпа. Аялың бүгүн ыйлап барат сага” деп. Жооп болгон жок. Салонго бир кайрылып, баары жайында болгон соң үйгө жөнөдүм. Келсем, көчөдө Алтын турган экен мени күтүп. Көп өтпөй үйгө кирип, экөөбүз тамактанып отурдук. Жалмаңдап сөөктү кемирип жатты. Бир күлүп алдым. Ашказаны чынында эле казан деген атка татыктуу да. Өзү он тогуз жашта болгону менен, өң-келбети 30дагыдай. Алдуу, күчтүү, көлөмдүү бала.

– Акырын. Какап кетпе. Айылдан эч нерсе келбей жатабы?

– Апамдар кыйналып жатыптыр. Тескерисинче, аларга мен акча жөнөтүп жатам. Билбейм. Акыркы күндөрү шаардын тамагына эч эле ичим чыкпайт. Абаны эле жеп жаткандаймын. Айылды сагындым.

– Ыйлап жибербе, ээ? Сен эми чоң баласың да. Айлыгың тийдиби?

– Баса, сага ошону айтайын деп келгем да. Мени бирөө өзүнүн күзөт агенттигине чакырып жатат. Номерин таштап кетти. Клуб төлөгөндөн көп төлөп берем дейт. Ойлонуп жатам.

– Туура, ойлон. Кымындай айлыкка иштеп жүрө бересиңби? Алар сенин денеңе кызыгып жатышат да. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып кал.

– Ошол анан... Түзүгүрөөк акча таап калсам, мага келинчек болосуңбу?

– Мени эмне кыласың? Андан көрө курсагыңды тойгуз,- деп ордумдан туруп кеттим. Ичинде кири жок, ачык бала. Чынында эле мени алам деген ою бар окшойт. Көптөн бери айтып жүрөт. Бирок көңүл деле бурган жокмун. Мен Алтын менен жөн эле жүрөм. Күнүмдүк  жашоонун кызыкчылыгы үчүн, балким. Турмушка чыгайын деген ой да жок. Каалабайм. Болгону ошол. Эрнист менен мамилемдин деле келечеги жок. Болгону мени камсыздаганы үчүн эле жүрөм. Убагында кредитимди жаап берген. Болбосо үйүмдөн айрылып калмакмын. Болбосо, аялы ойлонбой деле койсо болот. Мен аны тартып албайм. Мени ойлондурган – Бекзат. Ага болгон ызам бар, унута албай койдум. Мени колдонуп алдап кеткенине ичим ачышат. Алган жары ушул экен да. Аны катуу сүйөт окшойт. Тим эле айланчыктап, эч эле сөз тийгизгиси келбейт. Өч алуу керек. Бирок кантип? Ошол күнү кечинде Бекзат мага өзү чалды. Кыска эле сүйлөштүк. Адатынча эркектигине салып мени бир ашатып сөгүп алды да, жакын арада бир күн таап мени менен жолугушарын айтты. Ошону менен коштоштук. Таиландга кетким келип кетти. Терезеден эшикти карасам, аппак кар каптаган айлана. Жаздын биринчи күнү болсо да, кыштын эч кетер түрү жок. Суук... Ухх! Акырын барып төшөгүмө жатып алдым. Кечинде телефонума чалуу келди. Араң туруп, телефонумду колума алдым да ууртума жылмаюу келе түштү. Жантайчигим чалыптыр. Ал мектепте окуп калган. Кээде чалып, менин акыбалымды сурап турат. Бир аздан соң: 

– Ме, сен сүйлөш ыйлабай,- деп Данекке телефонду берди.

– Алло, эже, качан келесиз? Сизди сагындым,- дегенде жаным кайышып, жүрөгүм сыздап кетти.

– Сүйүүм менин. Ыйлаба, алтыным. Сен ыйласаң, эжең кыйналат.

– Келиңизчи?

– Барам. Апаң кайда?

– Уктап жатат. Ал мени уктатканга аракет кылды. Мен болсо уктамыш болуп, кайра туруп алдым. Жантай байкеме сабак жазышып жатам.

– Сенби?- деп күлсөм, “ооба” дейт. Ошол түнү Данегим менен бир топ сүйлөшүп жатып, сагынып кетип эртең менен тура аэропортко барып түшкүгө билет алдым. Салонду кыздарга дайындап, Ошту көздөй учуп келе бергем. Оштон таттууларды алып үйгө кирип бардым. Баары үйдө экен. Эң алгач эле жездем тосуп алды күлүп-жайнап. Анан Жантайчигим. Бир топтон кийин эжем чыгып, мага капалуудай акырын гана оозун бетиме тийгизбей учурашымыш болду. Аябай катуу тийди. Жалгыз бир тууган эжем болсо, а кылганы ушул болсо жаман болот экенсиң. Ал эми байкем менен көрүшө элегиме 5 жарым жылдай болуп калды. Алар Якутияда. Чалып да койбойт. Үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Көңүлүм тынчып:

– Данек кайда?- десем, эжем “уктап калды” деди. Түз эле ал жаткан бөлмөгө баш багып, уктап жаткан Данегимдин бетинен өөп, жытына тойбой турдум. “Кызым менин... Данегим менин” деп анын жытына мас болуп турдум. 5 ай мурун келип кеткем. Аз убакыт өтсө да, бир топ чоңоюп калыптыр. Бышылдап уктап жатса, ойготкум келбей көпкө жанында отурдум. Бир убакта эжем келип ооз ачканда гана өзүмө келдим.

– Айтып койбойт белең?- деди мени сүрдүү карап.

– Шашылыш эле, кызымды сагынып келип калдым.

– Эми кызың болуп калдыбы?

– Эже, баштабаңызчы?!- дегенде “бас!” деп мени бөлөк бөлмөгө алып кирип, эшикти жаап моралды баштады.

– Сүйлөтөсүңбү мени?

– Мен кызымды алып кетем.

– Данекти жайына кой. Ал мындай бурулушту көтөрө албайт. Анын үстүнө ал үчүн мен апасымын. Ал ошентип ойлойт.

– Анан качан? Чоңойгондобу? Кызымды өзүмдүн жанымда чоңойткум келет. Ичпегенди ичирип, жебегенди жедирип....

– Хм... Аялы бар эркектерге көз артууну үйрөтөсүң сен алдагы кебетең менен! Данектин жөнөкөй, тынч жашоодо өсүшүн каалайм.

– Эже, козгобоңузчу! Ким эле жаңылбайт жашоодо? Жаштык кылып жаңылдым.

– Жаштыгыңда жаңылыптырсың. Түшүнөйүн. Азыркы жашооң деле сенин бетиң жок экенин айтып турат. Менден жашырам деп ойлодуңбу?

– Ким айтты?

– Атаңдын чокусу айтты! Ким айтмак эле, эл айтат да! Туугандар айтат. Сен болсо эч ким билбейт деп ар кайсы эркек менен жүрөсүң. А чындыгына келгенде сен жөнүндө баары билет! Ата-энемдин арбагы ыйлайт го. Кимди тарткансың сен өзү?! Кимди? Атам да, апам да бир сонун абийирдүү адамдар эле.

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан