ЖЫЛАНДЫ ЖАКТЫРЫП, ЖӨРГӨМҮШТӨН КОРККОН MONA

Музыка индустриясында аты чыгып, тааныла баштаганына көп убакыт боло элек. Бирок чыгармачылыктагы өзгөчө стили, өзгөчө үнү менен аз убакытта көп күйөрман топтой алды. Белгилүү ырчылар да анын талантына жылуу пикирлерин айтып келишет. Бул сөздөр орус сахнасында жылдызы жанган ырчы, музыкант Mona тууралуу. Ырчы айым өзү башкалар менен фит аткарган ырлары айрыкча ийгиликтүү болорун айтат. А сиз Mona’нын чыгармачылыгы менен таанышсызбы?

Аты-жөнү Дарья Кустовская

Псевдоними: Mona

Туулган жери: Орусия, Ростов-на-Дону

Туулган жылы: 1996-жыл, 5-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Кесиби: ырчы, музыкант

Аткарган белгилүү чыгармалары: “Ты так мне необходим” (Баста менен коллаб), “Чёрная любовь”, “Зари” (Еlman, Аndro менен), “Счастье”, “Истерика”, “Иордан” жана башка

Ата-энесинин таасири

Музыка дүйнөсүнө аралашып калуусуна ата-энесинин түздөн-түз таасири бар. Апасы радиодо алып баруучу, атасы диджей эле. Шоу-бизнестеги акыркы жаңылыктар, жаңы жазылган ырлар, тартылган клиптер, ырчы-чоорчулардын баары ата-энесинин колунан өтчү. Мындай жашоо образы Дашага (Дарья) да жакчу, эс тартканы кулагынан кулакчыны түшпөй, кайда барбасын музыка угар эле.

– Бардык жанрдагы ырларды укчумун, айрыкча рок жагат эле. Орус ырчыларынан Баста, Слот, “Смысловые галлюцинации” тобунун чыгармалары жакчу. Ырлардын сөзүн жазган талантым деле алыстан келген жок, апам өзү ыр жазып, текстти мыкты ачып бере алган адам. Бул биздин үй-бүлөлүк талант десем болот,- дейт ырчы айым.

Чыгармачылыгы Швециядан башталган

Кайсы бир учурда ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, апасы үч баласын алып Швецияга көчүп кеткен. Даша ал жакта 3 жыл жашаган, ал аралыкта искусство колледжине тапшырып, музыкалык билим алган. Анан алгачкы жолу музыкалык сынакка катышып көрүүнү чечип, белгилүү «Idol Sverige» сынагына сапар алган.

– Ал күн азыр да эсимде. Кыш, -25 градус суукта көчөдөгү узуу-ун кезектин катарына кошулдум. Бою кичине, кыска юбка кийген, колуна гитара көтөргөн мен. Кетип калайын дейм, бирок талантым, жөндөмүм кайда жеткирерин билгим келет. Ошентип отуруп кастингден өтүп кеттим. Көрсө, ал сынакка 10 миңге жакын адам катышууга аракет кылган экен. Арасынан суурулуп менин өтүп кеткенимдин өзү бир белги болчу. Кийинки турларга даярдык күч болду, түнү менен уктабай ыр жаттап чыкчубуз. Кошумча мен швед тилин билбейт элем да, уюштуруучулар “бир ай ичинде тилди өздөштүрбөсөң болбойт” дешти. Сынакта алдыңкы 20 катышуучунун арасында болдум, жеңишке жетпесем да көп тажрыйба алдым, швед музыканттары менен иштештим, анан да тил үйрөндүм.

Артист болгусу келчү эмес

Башкалар сыяктуу сахнага чыгып, белгилүү болуу, артист болуу негизги максаты эмес эле. Болгону ырдаган жакчу. Өзүнө жаккан ырларды кавер аткарып, анда-санда интернет желесине жүктөп койчу. Бара-бара ал видеолор көп көрүү топтоп, кызды мактагандар, колдогондор көбөйө баштаган. Анан бир күнү Mona’га Эльман аттуу ырчы кайрылган, RAAVA Music лейблине чакырып. Ошентип профессионалдуу түрдө чыгармачылыкка баш багууга туура келген.   

– Эльман менин чыгармачылыктагы бир тууганым болду. Азыркы ийгиликтеримдин артында ошол адам турат. Азыркыга чейин жашоомдогу 50 пайыз маселени өзү чечет, коргоп турат,- дейт. Ал эми Эльман: “Mona’ны алгач көргөндө өзгөчө аткаруу чеберчилигине, үнүнүн тунуктугуна баа бергем. Интернетте чыгармачылыгына көз салып турар элем, анан өзүнө тиешелүү ырларга көңүл бура баштадым. Ырларынын тексти да өзгөчө экен. Анан мындай талантты коё берген болбойт дедим да, иштешүү сунушун киргиздим”,- дейт.

Филипп Киркоровго, Ольга Бузовага ыр жазып...

Лейблге киргенден кийин деле дароо жеке ырчы болуп кеткен эмес. Алгач башка музыканттарга хит ырларды жазып баштаган. Алардын катарында лейблдеги балдар,  Мот, Zivert, «Три дня дождя», Ольга Бузова жана Филипп Киркоров да бар. Эльман аны жеке ырчы болууга түртмөлөп жүргөн учурда коронавирус пандемиясы башталган.

– Бул мезгил мага абдан оор өттү. Жеке жашоомдо сүйгөн адамымдын саткынчылыгына кабылдым. Кошумча өпкөм эки тарабынан тең пневмония болуп катуу оорудум, катуу депрессияга кабылдым. Депрессиянын кесепети менен паникалык атака дегени жабышып, аба жетпей эстен тана берчү болдум. Жашоонун кызыгы кетип калган эле, эч нерсеге көңүлүм чаппай калган. Бул абал жарым жылдан ашык созулду. Жашоом токтоду, чыгармачылыкты айтпай эле коёюн. Акыры жакындарымдын, врачтардын жардамы менен “кайра жаралдым” окшойт.

Жеке ырчы

Жашоосундагы оор этапты артка таштаган ырчы 2022-жылы алгачкы жеке ырларын чыгара баштаган: «Я в ноль», «Ну и че?», «Чёрная любовь» жана «Истерика». Сахна ырчыга, ырчы сахнага жарашты. Дароо көзгө, оозго алынды. Анан бара-бара белгилүүлөр менен кошо фит аткарууга өткөн. Ырчы айымдын чыгармаларын сиз да башкалар менен аткарган фиттеринен улам таанысаңыз керек. “Ты так мне необходим” (Баста менен коллаб), “Чёрная любовь”, “Зари” (Еlman, Аndro менен) жана башка.

Белгилүү телеканалдардагы музыкалык берүүлөргө тартыла баштады “Маска”, “Аватар”, “Битва поколений” сындуу. Бул берүүлөр ырчынын калың элге жайылышына түрткү болгон тепкичтердин бири десек да болот. Учурда өзү музыкалык сынактарда калыстар тобунда отуруп калды. Баса, дебюттук альбомун да чыгарды “Дневник памяти” деген.

Жүрөгүнүн ээси бар

Өткөн чакта сүйүүдө капа болгон ырчы айымдын жүрөгүн дарылаган адам болду. Көпчүлүккө блогер, актёр, ырчы катары таанылган Эльдар Жарахов менен учурда кыз-жигит мамилесинде. Экөөнүн сүйүү романы тууралуу кептер 2024-жылдын башында пайда болгон. Кийинчерээк Эльдар мырза Mona көпкө чейин анын сезимдерин кабыл албай жүргөнүн айткан. Учурда баары жакшы, ырчы айым сүйүктүүсү анын бардык кыялдарын орундаткан мырза экенин айтат.

Жаныбарларга жакын

Mona “мени урушпайсыңбы?” деп сураганда эле дагы кайсы жандыкты алып келе жатты болду экен деп ойлоном” дейт Эльдар Жарахов. Анткени ырчы кыз жаныбарларга жакын, болгондо да сойлоп жүрүүчүлөргө. Бир нече жылан, кескелдириктин түрлөрүн багат. Андан сырткары Звёздочка деген аты бар. Ит, мышык, маймыл жана башка жаныбарларды кошкондо Mona менен Эльдар 20 чакты жаныбарды багышат. Ырчы айымга жакпаган жандык да бар, жөргөмүштөн өлөрчө коркот. Коллекционер, Барби куурчактарын чогултуп жүрөт азыркыга чейин.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан