ЭЧ КАЧАН ЭЧ КАЧАН ДЕП АЙТПА


Адамды бирде тоого чыгарса, бирде аңга түшүргөн анын өз сөзү эмеспи. «Айтылган сөз – атылган ок» деп бекеринен айтылбаса керек. Төмөндө айрым атактуулардын мурунку айтылган сөздөрүн эсине салып, жооп алганга аракет кылдык.

Гүланда:
«ҮЙЛӨНҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ МАСЕЛЕГЕ ЧЕКИТ КОЙГОНБУЗ»

«...Кудай сактасын, Айбек байке экөөбүздү чыгармачылык гана байланыштырат. Мындан башка нерсе болушу мүмкүн эмес. Анан да менин жигитим бар».

«Супер-Инфо», №-228, март, 2007-жыл

Мезгилдин канат кагышы менен баары өзгөрүп, бир кезде чыгармачылык гана байланыштырган байкесинин жары болуп отурган Гүландага кайра эле ушул суроо менен кайрылдык.

Гүланда: – Ал убакта Айбек экөөбүз жа­ңыдан иштеше баштаган кез эле. Чындыгында эле мен Айбекти агамдай сыйлачумун, ортобузда сый жана чыгармачылык гана мамиле болчу. Арадан 4 жыл өттү, ошондогу сый мамилебиз сүйүүгө айланды. Кудайдын маңдайга жазганы экен, үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду, азыр бактылуу жашап жатабыз.


Эрмек Нурбаев:
«БУЮРСА, ОКУУМДУ БҮТСӨМ,
КЕСИБИМ БОЮНЧА ЮРИСТ БОЛУП ИШТЕЙМ»

«...Буюрса, окуумду бүтсөм, кесибим боюнча юрист болуп иштесем деген оюм бар. Анткени мен бул кесиптин ээси болуш үчүн көп аракеттенгем. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, өз күчүм менен бюджеттик бөлүмгө өткөм».

«Супер-Инфо», №-214, декабрь, 2006-жыл

«Тамашоунун» «атасы» аталып жүргөн бул жигиттин чыныгы кесибин эсине салып, суроо узаттык.

Эрмек Нурбаев: – Азыр деле көп убактымды өз кесибиме бөлгөн жокмун. Учурда юридика адистиги боюнча аспирантурага тапшырып, окуп жатам. Буюрса, 3 жылдан кийин сабакка жакшы көңүл бөлүп окусам, юридика илиминин кандидаты болуп калам деп ойлойм. Андан тышкары Бишкек шаардык адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы болуп иштеп жатам. 1-курска тапшырган мезгилдеги «юрист болом, адвокат болом» деген кыялым дагы деле бар, бирок чыгармачылыкка алаксып, өз кесибиме жакшылап көңүл бөлө албай калдым.


Канат Култаев:
«ШОУ-БИЗНЕСТЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛЫП,
ПРОДЮСЕРЛИГИМДИ ТАШТАГАНЫ ЖАТАМ»

«...Продюсерлик деген өтө эле кайрымы жок жумуш экен. Эмгегиңдин баарын жумшап эле, аягында өзүң куру жалак кала берет экенсиң. Эл «продюсерлер ырчыларды иштетип, акчаларын жеп жатат» деп ойлошот. Биздин аз да болсо эстрадага салымыбызды кошолу деп өзүбүз ачка калсак да акыркы акчабызды ырчыларыбызга жумшаганыбызды эч ким түшүнгүсү келбейт. Эл эле эмес, ырчылардын өздөрү да кээде ушинтип ойлошот. Мына ушул нерселерден көңүлүм калып, мен азыр продюсерлигимдин аягына биротоло чекит койсомбу деп турам».

«Супер-Инфо», №-220, январь, 2007-жыл

Шоу-бизнестин чыры көкөйүнө тийсе да, кесибинин патриотубу, Канат Култаев дагы деле жаш таланттарды канатына калкалап келет. Неге десеңиз?..

Канат Култаев: – Мен минтип айткандан бери 4 жыл өттү. Башында продюсер деген түшүнүктү эч ким анчейин биле берчү эмес. Бара-бара продюсердин ким экенин, анын эмгегин, эмне кыларын ырчылар да, эл да түшүнүп калды. «Көңүлүм калган учурлар болот» деген сөздү азыр деле айтам. Бирок өз кесибиңди сүйсөң, көңүлүң калса дагы ак менен кара ээрчишип жүрөт экен. Чекит койгум келген учурлар болгон, бирок эмгегиңди баалаган, сага муктаж болгон адамдын ишеничине киргенден кийин сөзсүз түрдө анын ишеничин акташ керек да. Балдар менен 3-5 жылга келишим түзөбүз, ушул убакыт аралыгында аларга колдон келишинче жардам бергенге аракет кылам.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
operaledi
2011-03-11 20:57:47
А мен болсо иштебейм, иштен кетем, увольнениеге арыз жазам дегениме эки айдын жузу болду,коллегаларымды коркутуп, иштеп эле жатам. Бирок.... оюм бар.
0
АйАй
2011-03-11 21:01:52
Гуланданын мурунку айткан создорунун баары жалган! Билбейм кантип тийип алды бала-чакалуу адамга!
0
Arstan
2011-03-12 03:02:55
Эхх..ойлогон ойду кыстаган турмуш женет деген ушул да.
0
kubik
2011-03-12 11:03:11
Айбек Карымовдун озунун ычкыры бош, эркек эмес.
Олуп баратса да уй-булосунун убалынан коркуп, кудайды бир эстеп коюшу керек эле.
Гуланда акылы тар аял экен.
0
MIRDJAMELL
2011-03-12 16:11:45
kubik : Мен сиздин оюнузга толук кошулам!!!А продюсерлерге албан-албан ийгилик каалап кетем!!!
0
Ainur
2011-03-12 22:04:53
"Бир карын майды,бир кумалак чиритет"- деп бекер айтылган эмес,мен деле каршымын Айбек менен Гуланданын баш кошконуна,экоо туболуктуу жашаарына козум жетпейт,кыргызымдын кыздары кайда баратабыз,бир кундук жашоону ойлобой келечегибизди ойлонолучу!!!
0
Wonderfullgirl
2011-03-12 22:30:45
Gulandanin sozdoru jalgan ushul kiz ech ele jakpait beti jok kiz bir uibulonu buzgan kyzdan emne jakshilik kutso bolot.
0
yalida-82
2011-03-13 17:10:28
Айбек Карымов бир кезектерде дил кайрык деген ырын Бурул деген 82жылкы кыз менен ырдап чыга алып ага уйлонуп алды эле, андан бир кызы бар Арууке деген, анан эле Гуланда менен ырдап калып Гуландага уйлонуп алыптыр, интересно туболук эле жашап калышат болду бекен же дагы бир жаш кыздын колун кармап кете берет бекен, балдарын деле ойлоп койсо болмок.
0
Nazulya
2011-03-14 13:58:09
Кыздар аялы барларга жолобой эле койсо. Колдонуп туруп баары бир таштайт.
0
ymyta
2011-03-14 15:48:05
Гуланда колуна бир нерсе тийсе тепсеп тебелеп кетчу айымдардын бири.Азыр деле ошондой мамиле кылат болуш керек адамдарга.Анткени мен оз козум менен коруп ошондой мамилесине туш болгом.Абдан нааразы болуп калгам.Райхан Айбдубалиевада ырдап журчу,анын да кызы бар болчу,тарбиясы жоктой сезилген ошол эженин кызы,экоонун адамга кылган мамилелрин коруп
0
ymyta
2011-03-14 15:49:53
Ушулар копко барышпайт,ичимден катуу нааразы болгом,бирок билбейм кудайга ушундай стервалар жагабы,минтип Айбеке тийип алып эле бактылуу жашап жатам деп жазган турбайбы.Кунумдук бактыбызды ойлобой ,туболук бактыбызды ойлолук...
0
aytolgon
2011-03-14 17:01:50
Айбек атактуу болгону учун ушул создорду угуп жатат, ал эми азыркы учурда канчалаган уй-булоолор бузулуп жатат. Кыздар оздорун-оздору кылышат. Арам оокат аш болбойт. Кыргыздын эркектери негизи аябай копту. Кыргыздын кыздарынын эле шору же оздорунун эркеектери баркына жетпейт, башка улутка басып кетип калайын десен конулун кыйбайт.
0
Tima11
2011-03-14 19:34:08
"А"дейбиз,"Бу" дейбиз. Экоо жашап атат,бир кыздын ата энеси болушту. Бактылуу болсун,берки аялдарынын балдарына карашып,эч нерседен кем кылбай,майрамдарда Айбек куттуктап турушу абзель.
0
Tendik
2011-03-16 17:32:53
туура кыргыз кыздарга кыйын болду. Биздин эр азаматтардын кобу россияда иштеп журушот, натыйжада канча кыздар баркаталбай журот. Оздорун карап жургон кыздарды коп эле коробуз, ал эми оздорун карап (кебетесин) жургон балдар аз.
0
Lollipop
2011-03-25 17:53:19
Osho da.Kongon adat kalaby...... degendei Gulayndadan dagy jawyna uilonup alsa emne kylat???E4 tuwunboim Aibek Karymovdu.Ke4kele uwinte berebi???Emnersi bolso da baktyluu bolgula...
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан