Биз социалдык тармакта

КАЛОРИЯСЫ КӨП АЗЫКТАР  

Адамдын организминдеги энергиянын негизги булактарынын бири – калориялар. Ошол эле учурда калорияны нормадан ашыкча колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизет. Эң калориялуу азыктар кайсылар? 

 

Калориясы көп азыктар

– Майдын түрлөрү: жаныбарлардын майы, өсүмдүк майлары, каймак май (сливочное)

– Таттуулар: кондитердик азыктардын түрлөрү (шоколад, карамель, торт, печенье жана башка)

– Жаңгак жана данек түрлөрү: грек жаңгагы, кешью, бадам жана башка

– Фаст-фуд: гамбургер, шаурма, пицца, картошка фри жана башка

– Эт азыктары: кой эти, өрдөк-каз эти

 

Дүйнөдөгү ТОП-5 эң калориялуу азык

1. Каздын майы – 100 граммында 900 килокалорий бар

2. Зайтун майы – 100 граммында 884 килокалорий бар

3. Макадамия жаңгагы – 100 граммында 718 килокалорий бар

4. Кара шоколад (70% жогору какао) – 100 граммында 600 килокалорий бар

5. Чизкейк – 100 граммында
450-500 килокалорий бар

 

Калориянын күнүмдүк нормасы канча болуш керек?

Күнүмдүк норма адамдын жашына, жынысына жана жашоо образына жараша болот. Активдүүлүк аз жерде калория да азыраак колдонулушу керек. Арыктайм дегендер күнүмдүк килокалорийдин санын азайтып, салмак кошом дегендер көбөйтүшү кажет.

Айымдар –
1800-2200 калорияга чейин

Эркектер –
2200-3200 килокалорий

Жаш балдар –
1400-2000 килокалорий

Калориясы көп мөмө-жемиштер

1. Кокос –
100 граммында 354 ккал

2. Финики –
100 граммында 282 ккал

3. Авокадо –
100 граммында 160 ккал

4. Банан – 100 граммында 89 ккал

5. Жүзүм –
100 граммында 70 ккал

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1200, 12-18-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан