Мекени – Индия жана Шри-Ланка
Кардамон – бийиктиги 3-4 метрди түзгөн көп жылдык чөп сымал өсүмдүк. Ушул эле аталыштагы кымбат жана жыты күчтүү татымал – анын уругу.
Кардамондун мекени – Индия жана Шри-Ланка өлкөлөрү. Байыркы индиялык кол жазмаларда анын уругу тамак-ашка кошулуучу татымал жана дары каражат катары колдонулганы айтылган. Илгери араб соодагерлери анын уругун алдырып, аны кайра гректерге, римдиктерге сатып турушкан. Орто кылымдарда аны дарылык касиети үчүн баалашкан. Тактап айтканда, ал ашказан маңызынын жакшы бөлүнүп чыгышын шарттап, ичтеги желди чыгарып, эркектерде бел кубатты күчөтөт дешкен.
Уругу быша электе чогултулат
Египеттиктер аны жыты үчүн духи жана тамекинин курамына кошушкан. Тишти агартат деп урукту чайнашкан. XIX кылымда кардамонду плантацияларда өстүрүү башталган.
Бышкан уругу күбүлүп түшүп кала тургандыктан аны толук быша электе, август-апрель айларында чогултушат. Күнгө жайып кургатышып, өлчөмүнө карап сорттошот. Кайра нымдап, күнгө жайышат. Учурда Индия, Шри-Ланка, Гватемала, Танзания, Вьетнам, Лаос, Камбоджа жана башка өлкөлөрдө өстүрүлүп, экспорттолот. Индия аны 60тан ашык өлкөгө сатат.
Курамында кальций, фосфор, темир, магний, цинк, В1, В2, В3 витаминдери, эфир майы бар. Башка татымалдарга караганда курамында цинктин көптүгү менен айырмаланат.
Астма, бронхитте колдонулат
Чыгыш медицинасында уругу организмден былжыр суюктуктарды чыгарат деп эсептелет. Аны астма, бронхит, жөтөл ооруларында, суук тийгенде колдонушат. Ошондой эле тазалайт деп ашказан-ичеги ооруларын айыктыруучу чөптөрдүн курамына кошушат. Мыкты афродизиак.
Уругунан алынган майды депрессия, стресс, апатия, шалдыроо, коркуудан, баш оорудан кутулуу үчүн колдонушат. Мээни жакшы иштетип, сергек ойлонууга жол ачат.
Кулинарияда жашыл жана кара түстөгү уругу колдонулат. Жашылынын жыты күчтүүрөөк, тамак-ашка колдонууда өлчөмүнөн ашырбаш керек.
Кардамон сергитүүчү болуп эсептелгендиктен аны Жакынкы Чыгышта, Индияда чайга, кофеге кошуп ичкендер көп. Урукту майдалап ботко, ликёр, пахлава, халва жана башкаларга кошушат. Даамын, жытын жакшыртуу үчүн соус, горчица, кээде ширелерге да кошулат. Тоок жана нокот шорпосу, ышталган жана таттуу азыктар менен жакшы айкалышат.