Чыгармачыл жубайлардын өз ара мелдеши көпчүлүктүн көңүлүн буруп, талкуу кызып турган учур. Белгилүү актриса Гүлжамал Мамытбекова жолдошу, актёр Илим Калмуратов менен мелдеше кетип, аны утуп алганы турат. Эмне болгон мелдеш экенин, жеңишке канча калганын маектен окуй аласыз.
– Саламатсызбы, Гүлжамал эже? Жолдошуңуз экөөңүздөрдүн мелдеш тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Жолдошуңуз сизге автоунаага утулуп калганы турат, чынбы?
– Саламатсыздар, сөз анда башынан болсун. Жолдошум Илим (ред.: актёр Илим Калмуратов) экөөбүз мелдешкен элек. “Жаңы жылга чейин инстаграмда он миң катталуучу топтосоң, автоунаа алып берем” деген. Муну соцтармактагы баракчамдан баарыңар эле көрсөңөр керек. Мелдешкен видеобузду чыгарган түнү эле абдан көп катталуучу топтолуптур. Элден айланса болот, “эже машине алып алсын” деп колдоп, түнү менен мага жан тартып маалымат бөлүшкөндөр болуптур. Анан 100 миң топтойлу дедик. Бул учур мен үчүн бир башкача сезимдерди тартуулап жатат. Элимдин колдоосун сезгенимде ыйлагым келди, толкунданып түнү менен уктабаган учурлар болду. Эми Жаңы жылда машинелүү болуп калам деп турам, буюрса.
– Мелдеште утуп алсаңыз, унаанын үлгүсүн өзүңүз тандайсызбы же жолдошуңуздун тандоосуна макулсузбу?
– Жолдошум кандай унаа алып берсе да сүйүнүп айдай берем. Анын тандоосуна калтырам. Ал дагы элимдин мага болгон сүйүүсүн байкап ыраазы болуп жатат, ар бир комментарийди окуйт. Мен кандай толкунданып жатсам, ал деле мендей эле толкунданып жүрөт. Эмитен эле караштырып, кандайын алып берсем деп жатат окшойт, байкап жатам (күлүп). Башында Матиз деп жаткам, эми “ал болбойт, чоңураагын” деп койдум.
– Жеңилип калсаңыз кандай болот? Ордуна башка белек сурайсызбы?
– Башында он миң эле дегенбиз. Анан бир түндө эле 30 миңден ашып кеткенде 100 миңге жетериме көзүм жетти. Жаңы жылда айтылган санга жетем деп ишенип турам. Элдин баары мени ушул мелдеш аркылуу таанып кала турган болду окшойт (күлүп). Жолдошума Кудай күч-кубат берсе, жакшы автоунаалуу кылат.
– Негизи автоунаа айдаганга, техника дүйнөсүнө кызыгасызбы?
– Азыркы учурда автоунаа турмуштук зарылдык. Мурда “бир үй-бүлөгө бир машине жетет да. Эмне кереги бар, күйөөсү бирди айдап, аялы бирди айдап” деп ойлочумун. Эки-үч жыл мурун оюмду өзгөрттүм. Негизи унаа айдайм, стажым да көп. 2013-жылы окуп, эки-үч жолу экзаменден кулап отуруп айдоочулук күбөлүк алгам. Жолдошумдун машинеси бар да, жумуштар чыкканда аны айдап калам. Акыркы жылдары жумуштарым көбөйүп кетти. Киного жүгүрүп, кайра театрга жүгүрүп калдым. Анан графигибиз такыр туура келбей калды. Унаа алып берип салайын десе, үй салдык. Тиричиликтен акчанын башы ашпай жатты. Тыпыйган бир кичине машинебизге ыраазы болуп жүрчүбүз. Коомдук транспортко түшсөм таанып калышып, “ии, эже, сиз жөө жүрөсүзбү?” деп уят кылышат (күлүп). Же автограф сурашат. Айтор, машиненин муктаждыгы аябай эле сезилүүдө.
– Жакшы автоунаалуу болушуңузга биз дагы тилектешпиз. Жакында апаңыздын ооруп жатканын айтып калдыңыз. Азыр абалы жакшыбы?
– Апам оор операцияны башынан кечирди. 8 саат бою жүрөгүнө операция жасалды. Буга чейин ооруп жүрчү, врачтар жүрөгүнө стент салуу керек деген чечимге келишкен. Ал үчүн ден соолугу бардык жагынан жакшы болушу кажет экен. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү. Азыр апам менин жанымда.
– Апаңыздын ооруп калганын көтөрүү деле жеңил болбоду болуш керек?
– Ооба, биз Ак-Талаа районунан болот эмеспизби. Бийик тоолуу аймак болгондуктан апам тез күйүгүп калчу. Улуу эжемдин колуна Бишкекке алып келгенбиз. Апамдын ооруганы чынында баарыбызды өзгөрттү. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Атам 47 жашында каза болгон, ал жылдар Союз кулап, элге оор болгон учур эле. Апам көп нерсеге чыдады, баарыбызды окутуп, кыздарын турмушка берди, уулдарын үйлөдү. Чайыбызды иче турган маалында ооруп калды. Мен эле эмес, бир туугандарымдын баары апама кошо ооругандай болушту. Азыр апам менен убакыт өткөрүүнү аябай каалап калдым. Жумушка да барбай жатам. Апамдын жанынан чыккым келбейт, кечке сүйлөшүп ырахаттанып отурам. Мурда жашыраак белем же балдарымдан бошобочу белем, апама убакыт бөлө албаптырмын. Азыр жуунтуп, чачын өрүп, ошондон кадимкидей ырахат алып жатам.
– Жолдошуңуз менен кесиптешсиз. Кадимки жашоодо бул артыкчылык бекен же оор жүкпү?
– Биз театрдан таанышып, баш коштук. “Кой, сен да артист экенсиң, мен да артистмин. Бир аймактан да экенбиз, бири-бирибизди түшүнсөк керек” деп эле баш кошуп алганбыз. Акыл калчап баш кошконбуз. Мен чыгармачылыкка тиешеси жок адамга турмушка чыксам, ал мени иштетпейт, эркин койбойт деп ойлогом. Бизди гармониялуу жубайлар деп көп жазышат. Анткени тиричиликти да, чыгармачылыкты да бирдей эле алып келе жатабыз. Эми театрдын аксакалдарынын катарын толуктап, жаштарга үлгү боло турган куракка жетип калдык. Баарын сүйлөшүү, баарлашуу аркылуу чечебиз, ортодо ишеним жана колдоо бар.
– Анын сиз гана билген, эл билбеген кандай жакшы сапаттары бар?
– Илимди кинодон көргөндөр "шүмшүк эркек" деп ойлошот. “Ии, эже, күйөөңүз ушул беле?” деп жазып калгандар бар, жактырбай. Кээде ага даай албай, кырс киши окшойт деп ойлогондор да бар. Бирок Илим аябай жумшак, достукка бекем, тууганчыл, анан бирөөнүн жакшылыгына, ийгилигине аябай кубанган жан. Ошол сапатын аябай баалайм. Экөөбүздүн ошол сапатыбыз аябай окшош. Бетке айтат, кошоматтанбайт, калп айтпайт.
– Сизди абдан таасирленткен бир сөзү же иши болгонбу?
– Биз тогуз жыл балалуу боло албай жүрүп, анан балалуу болдук. Ал тууралуу айтып эле жүрөм. Ошол убактарда балдарыбыз токтобой чарчап калып жатышты. Мага абдан оор болду, Илим колдоп турбаса, билбейм эмне болмокмун, кандай кылмакмын. Ал такыр жарама тийген жок, сабыр менен күтүп жүрүп уулдуу болдук. Азыр Кудайга шүгүр, балдарыбыз чоңоюп, бапырап эле жатып калдык. Бир жыл эле күтүп, аялынын боюнда болбосо ажырашып кеткен эркектерди көрүп Илимди ого бетер баалайм. Жакшы көрөм.
– Шаңдуу жүрөсүз көп учурда. Чарчоо, депрессияга түшүү деген нерселер болобу сизде деле?
– Ооба, болот. Апам ооруганда катуу депрессия болдум. Эч нерсеге көңүл келбей калган. Ооруканада карап жаттым, үйгө чыгып келип “баары жакшы” дегенде апама сасык тумоо жугузуп, кайра оорутуп албадымбы. Ыйлайм, ыйымды жашырам, корком, кайра апама билгизбейин дейм. Ошентип ал убакты да жеңдик. Азыр көңүлү ачылып, менин катталуучуларымдын санын тактап жатат (күлүп). “Кызым, бүгүн канча болуп калыптырбыз?” деп сурап коёт дайыма эртең менен. Жогоруда айтылган мелдеш, мага карата жазылган жакшы сөздөр апамды да шыктандырып койду. Кадимкидей ооруну жеңип, күлүп-жайнап калды.
– Көп жашасын деп тилейбиз. Сизге маегиңиз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева