Дагы бир аял күйөөсүнүн колунан каза тапты: Ташиев “мындай кылмыштарды актоо болбошу керек” деди

Бишкектеги 48 жаштагы аял киши мурунку жолдошунун колунан ажал тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирип, кылмыштын чоо-жайын маалымдады. Коомдо аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

 

Кылмыш оозеки уруштан келип чыккан                   

23-декабрда милицияга кылмыш тууралуу маалымат түшүп, окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 1978-жылы туулган У.Б. аттуу киши (аялдын мурунку күйөөсү) менен 1977-жылы туулган У.Ж. аттуу аялдын ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Чыр-чатак учурунда эркек киши өзүнө катталган “МР-79” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен аялды атып, ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза тапканы айтылат. Бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Шектүү мурдагы милиция кызматкери      

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев кылмышка шектелип жаткан адам мурда ички иштер органдарында кызмат өтөп, 2019-жылы пенсияга чыкканын билдирди. Жубайлар 10 жылдан ашык убакыт никеде жашаганы айтылат.

Кечээ алардын никесин бузуу боюнча сот процесси болгон. Аялдын туулган күнү эле, шектүү аны куттуктагысы келген. Соттон кийин экөө жолугуп, орток пикирге келүүнү каалашкан. Эркек киши торт жана гүл сатып алган. Камералардан экөө тең унаа менен келип, чогуу үйгө киргени көрүнүп турат. Саат 20:00дө алар үйгө киришкен, аялдын колунда гүлдөр болгон. Ал эми саат 21:00дө милицияга анын эжеси чалып, чыр чыкканын билдирген. Милиция даректи аныктап, 40 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жеткен. Эшик ачылган эмес, биринчи кабат болгондуктан кызматкерлер терезе аркылуу киришкен. Эркек киши качып кетүүгө үлгүргөн эмес. Ал учурда шектүү мас абалда болгон,- деди Токтоналиев.

 

УКМК төрагасы реакция кылды                        

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган окуя боюнча коомчулукка кайрылуу жасап, мындай кылмышка эч кандай шылтоо болушу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары айтам: мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, “үй-бүлөлүк чыр-чатак”, “эмоция”, “ичимдик” же “жеке жагдайлар” деп айтылган бир дагы сөз орунсуз,- деди Ташиев.

Аялга, айрыкча энеге карата зомбулукту актоого болбой турганын белгилеп, бул жөн гана тиричиликтеги уруш эмес, оор кылмыш – киши өлтүрүү экенин айтты. УКМК төрагасы мамлекет аялдар менен балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү экенин жана мындай кылмыштарды жасаган адамдар катаал жана кутулгус жазага тартыларын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1202, 26-декабрь-1-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан