Айгерим Расул кызы, ырчы: “БААРЫНА ЖАГУУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Жаңы жыл – үмүт менен жаңы максаттарга жол ачкан өзгөчө учур. Гезитибиздин жаңы жылдык санында кыргыз шоу-бизнесинде “сахна ханышасы” аталып жүргөн, элди таң калтыруудан жана суктандыруудан тажабаган белгилүү ырчы Айгерим Расул кызы менен болгон маекти сунуштайбыз. 

 

– Саламатсызбы, Айгерим айым? Жылды жыйынтыктап жатабыз. Бул жыл сиз үчүн кандай жыл болду?

– Саламатсыздарбы? Кыргыз элимди кирип келе жаткан Жаңы жылы менен чын дилден куттуктайм. Бул жыл мен үчүн, биздин үй-бүлө үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Жылан жылы бизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Көптөн күткөн жакшылыктарыбыз орун алды. Аябай берекелүү, майлуу-сүттүү жыл болду. 

– Колуңуз бошобой эле жүргөндөйсүз, өзүңүздү башка тармакта дагы сынап жатасызбы?

– Ооба, башка тармакта да иш алып барып жатам. Негизи эле өзүм бир нерсени тандасам, ошол иштин майын чыгаргым келет. Бул жылы көбүрөөк ошол иштерим менен алек болдум. Кудай буюрса, эми чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл бурам. 

– Элдин мактоосу менен сын-пикирлерин кантип тең салмакта кабыл аласыз?

– Сахнада бир топ жылдан бери жүргөндүктөн, барган сайын психолог боло баштайт экенсиң. Адамдар менен иштешип, эл көрүп, жер көрүп, кандай мамиле кылышты, өзүңдү кантип алып жүрүштү, тең салмакты кармашты бара-бара үйрөнөт экенсиң. Кудайга шүгүр, жакшы каалоо-тилектерин арнагандар абдан көп. Мен ойлойм, ар бир жакшы сөз адамдын дагы да өсүп-өнүгүүсүнө стимул берет. Бул жашоодо колдон келсе бири-бирибизден жакшы сөзүбүздү аябашыбыз керек. Ал эми жаман сөздөрдү мен кабыл албайм, кулак сыртында калат. Ар бир адамдын өзүнүн ою бар, беш кол тең эмес да. Баарынын ою бир жерден чыгып калган учур эч качан болбойт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

– Ырларыңыз аркылуу угармандарыңызга, жалпы элге кандай ой-сезим жеткиргиңиз келет?

– Буга чейин өзүмдүн жүрөгүмө жаккан, атакем “ушул ыр сага туура келет” деп жазып берген, экөөбүз кеңешип тандаган ырларды ырдап келдим. Азыркы учурда дагы сонун ырлар даяр болуп жатат. Чындыгын айтыш керек, азыр көп нерсе өзгөрдү, менин жан дүйнөм дагы өзгөрдү. Азыр көбүрөөк жан дүйнөмдө козгогум келген темаларды, элдин көйгөйүн көтөргөн ырларды ырдагым келип калды. Буюрса, баары алдыда.

– Чыгармачылыгыңызга кандай өзгөчөлүк киргизсем дейсиз? Мындан аркы кандай пландарыңыз бар?

– Буюрса, 2026-жылды өзүм үчүн чыгармачылык жылы деп жарыялайын деп турам. Мен ар дайым эле өзгөчөлүк киргизгенге аракет кылам. Кудай буюрса, өзгөчөлүктөр аябай көп болот. Күйөрмандарды ыраазы кылам деп ойлойм, буюрса. Чыгармачылыкта пландарым өтө чоң, мунун баарын алдын ала айткым келбейт. Иш жүзүндө көрөсүздөр.

– Кээде акча адамды бактылуу кыла албаган, маселе чече албаган учурлар болот дешет, сиздин башыңыздан өткөнбү ушундай учурлар?

– Бул эми эч кимге сыр деле эмес, акча адамдын жашоосунда чоң роль ойнойт. Баскан-турганыбыз, ар бир кадамыбыз акча талап кылат эмеспи. Ал эми бактылуулук менен акчаны салыштыргым келбейт. Аябай бай болуп туруп деле бактысыз болгон инсандар бар. Ошол эле учурда акчасы жок болсо дагы аябай бактылуу инсандар кездешет. Андыктан акча менен бакыттын бири-бирине тиешеси жок, кайсы жерде болбосун бактылуу болсо болот деп ойлойм. Бул адамдын өзүнөн.

– Алсыздыкты жашырып, элдин көзүнө дайыма күчтүү болуп көрүнүү оорбу?

– Негизи мен элдин көзүнө атайын күчтүү көрүнөйүн деп аракет кылбайм. Балким, күчтүү көрүнөттүрмүн, көпчүлүгүнөн күчтүү айымсың деген сөздөрдү угуп калам. Бирок мен үчүн алсыздыкты көрсөтпөш керек. Ага атайын аракет кылбайм, менин болгон мүнөзүм ушундай.

– Атактуулук жашооңузга кандай сыноолорду алып келди?

– Сыноолорду алып келди деп айта албайм. Болгону жашоонун нугу өзгөрөт. Дайыма элдин көзүндөсүң. Бир кадам таштасаң да, жети өлчөп бир кес дегендей ойлонуп кадам кылышың керек. Таанымал эмес адам өзүн, бир туугандарын ойлоп жашаса, атактуу адамдар элдин ою менен эсептешип, эл эмне дейт деп жашап калат.  

– Көп каражат таба баштаганда дүйнөгө болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

– Негизи 3 жашымдан тартып гастролдоп жүргөндүктөн, бийлегенде мага көп акчаларды кыстарышчу. Концерттен кийин баарыбыз отуруп алып билеттин акчаларын чогултат элек. Кичинемден ата-энем мага ишеним артып, “бекитип кой” деп акча берип, көзүмдү акчага тойгузуп чоңойтушту да. Акча дегенде мен анчалык артынан түшпөйм, бирок акчага магнитим бар деп ойлойм. Кайдан-жайдан тиричилик болуп кетип эле жок жерден колума акча түшө берет. Андыктан көз карашым өзгөрдү деп айтпайм. Башында кандай болсо, азыр деле ошондой. Кичинемден көзүм тоюп чоңойгонго акча деп жутунбайм.  

– Эгер азыркы акылыңыз менен артка кайтуу мүмкүн болсо, жашооңузда эмнени өзгөртмөксүз?

– Чынын айтсам, эч нерсени өзгөртпөйт болчумун. Жакындарым жанымда, Кудайга шүгүр, ата-энем жанымда, бала-чакам, баары тынч. Баарына ыраазымын.

– Кээде ийгиликтин артында жалгыздык сезими жашырынат дешет, кошуласызбы?

– Бул нормалдуу көрүнүш. Ийгиликтүү адамды ар кандай жагдайлар курчутат да. Кичинемден баштап ата-энем мени өнүктүрүп-өстүрүп, ушул деңгээлге жеткирди. Үй-бүлөмдөн тышкары колдоп-коштогон адамдарды айта турган болсом, ар кандай болуп калат. Кээде абдан жакшы катташып жүргөн, мамилелеш адамдарың ийгиликтин туу чокусуна жеткенде куттуктабай да, кубанбай да, жөн гана көрмөксөнгө салып коюшат. Кээде сен тааныбаган эле алыс адамдар келип жакшы сөзүн айтып, көтөрмөлөп, колдоо көрсөтүшөт дегендей.

– Жаңырган жыл жемиштүү жылдардан болсун! Бар болуңуз! 

 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1202, 26-декабрь-1-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан