Белгилүү кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров бул жолу апасы жөнүндө баяндайт. Эне тарбиясы дегенде эки инсанга: апасына жана чоң энесине ыраазы экенин айткан агабыз менен балалык, тарбия таасири, мүнөз тууралуу пикир алыштык.
“Пиязды кемирип отуруп жеп салыптырмын”
– Өзүмдү эки эненин баласымын десем туура болот. Четен кызы Бүбү – мени багып калган чоң энем, ал эми Субира Кыдыралиева – мени төрөгөн, тарбиялаган өз апам. Таятам Өмүрбек байдын баласы болгонуна карабай Совет бийлигин таанып, кабыл алган экен. Согуштун ардагери, Жумгалдын көрүнүктүү кызматкери болгон. Чоң энем атагы чыккан Четен деген семетейчинин кызы, согуштан кайтпай калган Абдыжапардын жесири. Апамдын айтканына караганда, мен 1961-жылы Фрунзенин №1 төрөт үйүндө жарыкка келген экенмин. Бирок көп өтпөй ооруп калып, мени чоң энем Нарындын Чаек айылына алып кетип багыптыр. Апам кайра бир жарым жашымда Фрунзеге алып келгенде бетим туурулган, буттарым тайтайып “дөңгөлөк” болуп калган бала экенмин. Тамак жасайбыз деп аарчып койгон пиязды көзүмдүн ачышканына, мөлтүрөп жаш акканына карабай кемирип отуруп жеп салыптырмын. Апамдын кесиби – врач. Ал дароо эле “ии, витамин жетишпей жаткан турбайбы” деп базардан алма, өрүк, жер-жемиш алып келип жегизип жүрүп, бутумду түздөптүр.
“Каникул сайын чоң энем экөөбүз айылчылап кетчүбүз”
– Чоң энемди “Бүбү-жүргүнчү” деп коюшчу эле. Бир жерде отура алчу эмес, туугандарым менен учурашып келейин деп бир жылда баарын кыдырып чыкканга жетишчү. Мектепке барганга чейин чоң энемди ээрчип жүрүп, учурашпаган тууганыбыз калчу эмес. Окуп калганда ата-энемдин жанында болуп, каникулда чоң энеме жөнөйм. Экөөбүз кайрадан айылчылайбыз. Чоң энем 80 жашында каза болгондо, мен тааныбаган абышка-кемпирлер келип “ии, алдыңа кетейин, биздикине келип кеткениң эсиңдеби?” деп бетимден өөп, көңүл айтып жатышты.
Айылда жүрүп апамды сагынып калчу окшойм, 3-4 жашымда айылдан шаарга келгенде төшөктү чоң энем экөөбүзгө салып берчү да. Ошондо апам менен жаткым келип, бирок ачык айта албай “кана, көрөйүнчү, кайсы төшөк жакшыраак?” деп амалданып, салынган төшөктөргө жатып көрүп, анан апамдын төшөгүн тандачу экенмин.
“Апамды эл “Тез жардамдын” ордуна чакырышчу”
– Атам юрист эле. Тоң районуна прокурор болуп барганына байланыштуу 1-3-класста Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жашап калдык. 4-10-классты Миң-Кушта окудум. Баарынан көбүрөөк эсимде калганы, айыл-апада бирөө жарым ооруп калса, эч кимиси “Тез жардам” чакырбай, түз эле биздин эшикти каккылашчу. Апам күн-түнгө карабай кулак тыңшагычын, кан басымды өлчөгүчүн көтөрүп алып жөнөөр эле. Үйдөгүлөр нааразы болуп “Тез жардам” деген бар да, эмнеге сен барышың керек?” дешсе, “Тез жардамга” караганда мен ылдамыраак жеткени жатпаймынбы. Ал келгиче өлүп калса убалы кимге?” деген бойдон чыгып кетчү.
“Апам режиссёр болушума аябай каршы чыккан”
– Чоң энемдин мээримине бөлөнүп чоңойгон болсом, апамдан тартипке, чынчылдыкка, калыстыкка тарбияландым. Чоң энем менин оюма койгон болсо, апам артымдан түшүп, сабактарымды бүтүрмөйүн жанымды койчу эмес. Эгерде башкалар менден сезимталдыкты, жумшактыкты көргөн болсо, анын баары чоң энемден. Ал эми өжөрлүгүм, көктүгүм, тайманбастыгым апамдын таасири. Чоң энем чоңойгондо ким болорума анча маани берчү эмес, тилегени менин амандыгым эле. “Балам оорубасын, аман болсун, бөөдө кырсыктан Кудай сактасын” деп келмесин оозунан түшүрчү эмес. Ал эми апамдын жүрөгүн ооруткан бир маселе бар эле. Ал “уулумдун режиссёр болом дегени жакшы, а бирок болбой калса тагдыры кандай болот? Турмушуна нааразы болуп ичип кетпейби? Режиссёр болсо, актрисаларга азгырылып бузулуп кетсечи, үй-бүлө кура албай калсачы” деген ой кыйначу тура. Ошондон улам режиссёр болушума аябай каршы чыкты. Бирок өзү чуркап жүрүп үйлөндүрдү. Кинорежиссёрлук окуу жайына өтө албай калганымда санаасы тынчып калган эле. Бирок 1988-жылы кайра эле “кино тартам” деп үй-бүлөм менен Фрунзеге жөнөгөндө унчуккан жок. “Акыры максатына жетет окшоп калды” деп батасын берди. Кийин режиссёр катары атым таанылып калганда, мен тууралуу жазылган гезиттерди чогултуп, келген-кеткендерге көрсөтүп, мактанып, сыймыктанганына көп жолу күбө болдум.
“Кызым аман калганда Кудайдын бар экенине ишендим”
– Чоң энем 1982-жылы дүйнө салган. Келинчегим экөөбүз тун кызыбыз менен Фрунзеге келгенибизде арзан батир издеп тоо тарапта Сарбан деген айылда туруп калдык. Эч кимди тааныбайбыз. Бир күнү түндө келинчегим ыйлап ойготту, “Гүлкайыр жаман болуп жатат” деп. Ойгонуп карасам, кызым онтоп араң жан жатат. Денеси от-жалын, температурасы 41 градус экен. Берели десек, дары-дармегибиз жок. Фрунзеден 20 чакырым алыстабыз. Келинчегим ыйлап жатат, мен узап бараткан кызымды айлам куруп жалдырап тиктеп турам. Ошондо маркум чоң энемди эстедим. Кичинебизде чоң энелерибиз Кудайга жалынышса, бизге мектепте үйрөткөндөй “Кудай жок! Кудай жок!” деп шылдыңдачу элек да. Бул ирет жалынып жибердим: “Апа! Небереңдин жанын сактай көр! Кызым аман калса, мен Кудайдын бар экенине ишенем!” деп. Ушинтип жалына бердим. Арадан 5-10 мүнөт өтпөй кызымдын дене табы түшүп, эч нерсе болбогондой тынчтанып уктап калды. Ошол күндөн баштап Кудайга ишенем, адамдын жаны өлбөстүгүнө ынандым.
“Апама элдин алкышы тийди деп ойлойм”
– Апам 2026-жылдын январында 88 жашка чыгат. Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү. Бирок мен көнө албаган бир кыялы ыңгайсыз абалга калтыра берет. Өктөм, буйрук бере сүйлөгөн энеге көнүп калгам да, азыр биздин оюбуз менен болуп, эмне десең баарына көнө берген апабыз бар. Туура эмес иш кылып алдымбы деп ар дайым апамды карап жалтаңдап турам. Карындашым экөөбүз алмак-салмак алып кетип турабыз, биз менен жашайт. Агабыздын дүйнө салганына көп жыл болуп калды. Учурда апамдын үч баласынан он небере жана 13 чөбөрөсү бар. Жашоосунда канчалаган өмүрлөрдү сактап калды, канча адамдын оорусуна даба таап берди. Ошолордун алкышы, батасы менен ушул жашка келип, бактылуу энелердин бири болду деп эсептейм. Дагы деле жашасын, оорубасын, балдарынын, неберелеринин жакшылыктарын көрө берсин! Апабыз барда биз дагы деле балабыз.
Канымжан Усупбекова