Ерлан Сержанулы: «ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК ОЮНДАРЫ – ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТРИУМФУ»

Жакында Кыргызстанда Олимпиада оюндары менен Азия оюндарынан кем калышпаган чоң эл аралык мелдеш өтөт. “Түрк оюндары спорттук мелдеш гана эмес, ал – түрк маданияты менен этносунун триумфу”,- дейт уюштуруучулардын бири, казакстандык меценат Ерлан Сержанулы. Бул маекти окуганда сиздерде жылмаюу, сыймыктануу жана сыйлоо сезими жаралса, ажеп эмес.

– Ерлан мырза, Түрк оюндарын уюштуруу идеясы качан жаралган?
– Түрк оюндарын өткөрүү идеясынын жаралышы 2006-2007-жылдарга барып такалат. Досторум, санаалаштарым болуп ойлончу элек, “эмнеге биздин, түрк элдеринин бирдиктүү бренди жок?” деп. “Биздин кылымдарды карыткан бай тарыхыбыз, өчпөс мурастарыбыз бар го. Качанкыга чейин меймандос болуп, бирөөлөрдү ойлоп, өзүбүздү ойлобой жүрө беребиз?” деп ушундай ишти баштоону чечтик. Анан тар чөйрөдө улуттук оюндар боюнча чакан мелдештерди уюштура баштадык. Биз аларды видеого тартып, интернет булактарына жүктөчүбүз. Айрымдарын Европага алып барып көрсөткөн күндөрүбүз да болгон. Бирок оюндардын идеясы пайда болору менен эле дароо эл аралык деңгээлге жулунган жокпуз. Идеяны бышырып, жергиликтүү мелдештерди өткөрүп көргөндөн кийин гана өнүктүрүүнү чечтик.
Расмий түрдө бийлик өкүлдөрүнө да кайрылдык. 2-февралдагы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Түрк оюндары колдоого алынары тууралуу айтылды.
Ошентип, бүгүнкү күндө Түрк оюндары өзүнүн логикалык аягына чыгып, биринчи Эл аралык Түрк оюндарын өткөрүү алдында турабыз.
– “Эмнеге Кыргызстан?” деген суроо туулат экен...
– Биринчиден, Ысык-Көл биринчи Түрк оюндарын кабыл алууга татыктуу. Ал – түрк дүйнөсүнүн керемет жерлеринин бири. Бай тарыхка жана кооз жаратылышка ээ. Түрк оюндарынын тушоосун кесүү үчүн Көлдөн өтөр жер жок. Ошондуктан Көлдү тандадык. Экинчиден, оюндарды өткөрүү үчүн Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Андыктан биз бул жактабыз.
– Түрк оюндарын Олимпиада менен Азиадага теңей албайбыз. Ошентсе да өзгөчөлүгү бар экендиги белгилүү. Бул тууралуу эмне дей аласыз?
– Бул мелдеш өзүнчө эле чоң той болот. Болгондо да баарынын колу жете турган той. Мисалы, Олимпиада оюндарына баруу баарынын эле колунан келе бербейт. Анын үстүнө таймаштар ачык асман алдында, көл боюнда өтөт. Кирүү акысыз. Ал үчүн бир да кыргыз акча сурабайт. Каалоочулар мелдеш учурунда келип, боз үй тигип, үй-бүлөсү менен кызуу таймаш көрүп, эс алып кетишсе болот. Дагы бир көңүл бура турган жагдай, эбегейсиз укмуш боз үйлөрдү тигүүгө аракет кылып жатабыз. Ал жагынан “Гиннес рекорддор китебине” кирүү пландарыбыз бар. Бул да өзүнчө таң калтырган укмуш нерсе болмокчу.
– Уюштуруучулар жөнүндө айта кетсеңиз...
– Оюндарды өткөрүү демилгесин казакстандык «Адал азамат» коомдук фонду көтөрүп чыкты. Мен бул фонддун вице-президенти болуп саналам. Аталган фонд атайын ушул оюндарды өткөрүү максатында түзүлгөн. Биздин демилгени “Аалам-Ордонун” негиздөөчүсү Ташкул Керексизов колдоого алды.
Ошентип, аталган 2 фонддун колдоосу астында оюндарды өт­көрүү мүмкүнчүлүгү тү­зүлүп, учурда оюндарды өткөрүү боюн­ча дирекция уюшулуп жатат. Уюштуруу комитетине
6 түрк өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан) жана 13 автономияга ээ болгон түрк элдеринин (Татарстан, Башкортостан, Хакасия, Алтай, Якут, Каракалпакстан, Синьцзян-Уйгур автономиялык району, Гагаузия, Кабардин-Балкар, Карачай жана башкалар) өкүлдөрү кирет.
– Пресс-релизде “спорттун 5 түрү боюнча таймаш болот” деп турат. Эмне үчүн 5 эле түр боюнча?
– Ооба, 5 гана оюн боюнча өтөт. Алар – көк бөрү, оодарыш, байге, тыйын эңмей жана күрөш. Көк бөрү, оодарыш, күрөш оюндары учурда дүйнөдө популярдуу болуп жаткан футбол, бокс, хоккей сыяктуу спорт түрлөрүнөн кем калышпайт. Ушунчалык бүйүр кызытат. Аталган бешөөнө токтолгонубуздун себеби, чынында, азырынча андан ашыгын көтөрө албайбыз. Башталышы үчүн 5 оюн жакшы эле. Баары акырындан болот да. Келечекте ар бир эл спорт түрлөрүн сунуштай баштайт. Анан, албетте, Түрк оюндарынын программасына башка оюн түрлөрүнөн кошулат.
– Чемпиондук үчүн курама командалар күч сынашабы?
– Мелдештер улуттук командалар арасында эмес, клубдар арасында өткөрүлөт. Түрк мамлекеттери кааласа, бир эмес, бир нече команда даярдап чыгышы мүмкүн, УЕФАнын Чемпиондор Лигасы сыяктуу. Атүгүл бир айыл да команда түзүп, взнос төлөп катышып, чоң байге жеңип алса болот.
– УЕФА деп калдыңыз, кайсы эл аралык уюмдар менен иштешип баштайсыңар? Адатта, эл аралык мелдеш кандайдыр бир уюмдун колдоосунун астында өтөт эмеспи.
– Азырынча бизди түркиялык “Түрксой” уюму колдоого алды. Ал түрк элде­ри­нин музыка, маданият, живопись жана башка тармактарын колдоо боюнча иш алып барат. Андыктан оюндар ушул уюмдун, анан, албетте, Кыргызстандын эгидасы астында өтөт. Мындан тышкары башка түрк өлкөлөрү да колдошот деп ишенебиз. Буюрса, ачылыш салтанатына бир нече түрк өлкөлөрүнүн президенттери катышат. Анан да айта кетчү нерсе, быйылкы жыл Кыргызстанда Курманжан датканын жылы болуп саналат эмеспи. Түрк дүйнөсүнөн чыккан улуу инсандардын бири болгон Алай ханышасынын туулганынын 200 жылдыгы белгиленет. Түрк оюндарынын ушундай маараке менен үндөшүп өтүп жатканы кубантпай койбойт. Андыктан муну өзүнчө чоң майрам десек жаңылышпайбыз.
– Эл аралык олимпиадалык комитеттин жетекчиси Жак Рогге да чакырылышы мүмкүнбү?
– Ачыгын айтыш керек, азырынча уюштуруу иштери менен алек болуп, ЭОКко чыга элекпиз. Бирок ЭОК эле эмес, БУУнун өкүлдөрүн да оюндарга чакыруу ниетибиз бар. Буюрса, тоюбузга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келет деген ишеничтебиз. Мисалы, уулдуу болсок, той өткөрүп, коңшуларыбыздын баарын чакырабыз го. Улутуна карабастан, кубанычты баары тең бөлүшөт. Ошондой эле босогобузду аттагандардын баары сыйлуу коногубуз болмокчу.
– Оюндар жай мезгилинде гана өтөбү?
– Ооба, анткени айлана-чөйрө жашыл болуп турган жай мезгилинде жаратылыштын кооздугу укмуш көрүнөт. Биздин оюндар табият менен гармонияда өтүүгө ыңгайлашкан да. Туңгуч Түрк оюндары Ысык-Көлдөгү «Аалам-Ордо» маданий-этнографиялык борборунда өтөт. Ал эми экинчи Түрк оюндарын кайсы өлкө кабыл алары туңгуч оюндардын жабылыш салтанатында гана билинет.
– Азыр кандай иш-чара болбосун, каржылоодон көз каранды. Бул долбоорго кайдан акча таап жатасыздар? Ошондой эле мыкты жарнама болуусу кажет. Ал жагы кантип жатат?
– Ооба, көбү кызыгып жатат, “мындай чоң долбоорду ким каржылап жатат?” деп. Бирок бул башкысы эмес, башкысы – түрк элдеринин ынтымагы. Өзүңүз элестетип көрүңүз, түрк элдеринин бир тойдо жыргап жүрүшкөнүн. Анан ажыратып көрүңүз, ким кыргыз да, ким казак же ким түркмөн экенин...
Ал эми жарнама жагына келсек, августка чейин ай сайын ММКлар аркылуу маалымат берип турабыз. Азыр теледолбоор үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле биринчи жолу ушундай оюндар боюнча чоң мелдешти спутник аркылуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө түз эфирден көрсөтүүнү пландап жа­та­быз.
– Окурмандар үчүн Түрк оюндарынын маанисин айтып берсеңиз...
– Бул долбоор миллиондогон түрк элдеринин башын бириктирет. Ошол миллиондогон түрк элдеринин арасында жоголуп бараткандары бар. Аз болсо да, мейли бирөө келсин, мейли экөө келсин, алар – биздин боордоштор. Ачылыш салтанатында улуттук кийиминде параддан өтүшөт. Мунун өзү кандай сыймык! Биз спорттук мааниде буга чейин билинбей келген түрк элдеринин туусун көтөрөбүз. Буюрса, Эл аралык Түрк оюндары спорттук мелдеш гана эмес, түрк элдеринин, түрк маданиятынын триумфу болот. Башкысы, бул долбоор биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашат.
– Сизге эркин микрофон. Кандайдыр бир кайрылууңуз бардыр...
– Жогоруда айтылгандай, бул мелдеш биринчи жолу сиздердин жериңиздерде өтүп жаткандыгы Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Учурда биз үчүн ар бир кыргызстандык “дүйнөнүн төрт бурчунан түрк боордошторубуз келатат, биз конокторду кантип тособуз?” деп ойлонуусу маанилүү. Келгиле, татыктуу тосуп алабыз, жакшы жактарыбызды көрсөтөбүз. Мында ар бир майда-чүйдө нерсе маанилүү. Талкаланган короо-жайды оңдоп койсок да чоң иш болот. Анткени чет элден коноктор келип, бул жак менен таанышат. Тилегибиз – «Ысык-Көл» деген сөз планетабыздын ар бири жашоочусунун жүрөгүнө жетсе. Ысык-Көлдү уккандан кийин “ал кайда?” деген суроо туулат. Ысык-Көл Кыргызстанда, а Кыргызстан Азияда. Муну менен Ысык-Көл жарнама болот. Мындайча айтканда, Ысык-Көлгө кызыгуу туулат. Мунун баары туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөт.
– Маегиңизге рахмат. Сапа­рыңыздар байсалдуу болсун!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
imperator
2011-03-11 17:40:43
Ушул турк элдери турк элдери деп кимден жардам келсе эле ошонун ырынырдап калдык.Турктордун баардык саясатынын астында "Дөө турк" деген биримдик тузуу. Анан созсуз турдо анын тили турк тилде болот. Себеби,турктор эч качан биздин тилде,же казакча суйлошпойт. Ошентип буларга дагы тууган тууган деп олтуруп эртен баары эле туркчо суйлоп калышат. Беелайндын кызматтык тилине да кошулду.Озгочо жаштар арасында туркчо суйлошуу модага айланып баратат.Азыр ар мамлекет озун ойлош керек.Турк ата
0
imperator
2011-03-11 17:43:47
Мисалы турктор китептеринде Кыргыздарды "Кыргыз турктор",Кыргыз тилди "Кыргыз туркчосу" деп окушат. Айтматовду турк дуйносунун жазуучусу,кээ бир жерлерде ачык эле Турк жазуучусу деп жаза беришет.Манас "Кыргыз Турк дастаны" деп окутулат. Ал тургай Кыргыздар туркчо суйлойт деп ойлогон турктор да бар.Кыскасы,алардын баамында биз турк болуп,улуттук мурастарыбызга кошумча "турк" деген этикетка басылып калып жатат.
0
imperator
2011-03-11 17:46:23
"Эл аралык турк оюндары" дегенди окуган чет мамлекеттиктер эмне деп ойлошу мумкун. Канчасынын оюна бул жерде Кыргызстанды да кошуп айтып жатат деген келиши мумкун. Кыска ой менен эле кадимки Турктодун эл-аралык денгээлдеги оюндары деп тушунуп калат. Ал жерде кок-бору жана башка турктордун 3 уктаса тушуно кирбеген оюндар да алардын атынан аталып калып жатат.
0
cosmopolit
2011-03-12 04:17:31
бул жерде дагы бир сасыган саясат жатса керек да...а бул казактар качандан бери кыргыздарга боор тартып.,ысыкколду жарнамалайбыз деп калышкан...эмнеси болсо да ойлору ишке ашып арты жакшы болсо болду...
0
Bekko
2011-03-12 12:27:35
imperator!сага такыр кошулбайм. турктор биздин менталитетке же биздин мурасыбызга эч кандай таасир тийгизе албайт. "Озгочо жаштар арасында туркчо суйлошуу модага айланып баратат" дейсин, ал эми жаштарыбыз эле эмес жада калса баарыбыз орусча суйлоп "киргиз" болуп кеткенибизди унутуп калдынбы? же сен орустарга жакыныраксынбы? Россияга барсан кыргыздарбы "черный" деп жийиркенишет. Туркияга барсан боордош эл деп кучак жаят.мен ушуга озум кубо болдум.
0
lider-kg
2011-03-12 15:53:46
чынын айтсам мен туркторду урганым жок алар билгенди менда билем
0
imperator
2011-03-12 18:42:37
Урматтуу Bекко! Түрктөргө каршы болгон адам оруска жакын болот деген кандай философия.Эмне Кыргыз сөзсүз бирөөгө таянып,сөйөнүп,жөлөнүп жашаш керек бекен? 1916-жылы калкымды кырып салган,1937-жылы интелигенттерибизди кырып салган,90 жылдан бери сүлүктөй соргон орустарды сенин оюнча ким жакшы көрүшү мүмкүн. Мен Американы дагы,Орусияны дагы, Туркияны дагы жаман к}
0
imperator
2011-03-12 18:45:19
Мен Американы дагы,Орусияны дагы, Туркияны дагы жаман көрөмүн. Орустар "черный киргиз" дейт, түрктөр сени "түрк" дейт. Айырманы көрдүңбү?Мен черный дагы,түрк дагы эмесмин.Эркин КЫРГЫЗМЫН.Тамаксыз жашаймын,бирөөгө баш ийип жашабаймын!Каапырларга болсо эч качан! Сен "киргиз" болсон билбейм.Мен эч качан болгон эмесмин.А туркторго сен кубо болсон,мен алардын арасында сенден коп жашагам.Алардын былыктарсын сенден к
0
linara
2011-03-13 11:37:29
Турк биримдигинин эмнеси жаман? 3 доо державанын жеми болгончо тили, дини маданияты озубузго жакын боордош элдер менен биримдик болуп кучтонсок улутубузду сактап калсак жакшы эмеспи..Ар нерседен жамандык издей берсек ниетибиз озубузго душман болот.Жакшы тилек-жарым ырыс дейт..
0
lider-kg
2011-03-13 12:09:13
мен турк болсом жыргамакмын кыргызстанга келип 2 3 аял алып жашаап аялдарын сени коргоп турат соз жугузбай чынбы
0
sweetypie
2011-03-16 16:58:59
Кыргыздар кааласак да каалабасак да биз турк уруусубуз! Оюндун аталышы да турк болгубуз келгени учун же бизди бироо турк кылгысы келгендиктен эмес, ата тегибиз турк болгондуктан турк оюндары деп аталып жатат!!!
0
imperator
2011-03-17 17:12:24
Туркпуз деген тилинерге тибиртке чыксын!!!
0
lolo
2011-03-17 23:49:57
Men imperatorgo koshulam sebebi Turktor jaman jaktardyn baaryna biz emespiz any Kurttor kyldy dep alarga turto salyshat, bular een jaman jana aramza jana kalpychy el:(.Maga Kyrgyz elimden bashka el jakpait!!!:)
0
lolo
2011-03-18 00:05:39
Kyrgyzstandagy Turktor ansyz dele kuturup jurushot eken ugup jatabyzgo alys jerde jursok dagy.Ata enesi salgan 150-200 dollaryn asmanga chachyshyp baibyz dep.Oshondoi kuturgan, kyzdarybyzdy aldagan Turktordu olturush kerek :(((
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан