Дүйнөдөгү искусство жаатындагы эң белгилүү эмгектер түрдүү өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат. Андагы коллекциялар өткөн доорлордон кабар берип, өзүнө кызыктуу фактыларды камтыйт. Музейлердин эң атактуусу болгон Франциядагы Луврду кыдырып көрөлү.
ЛУВР ТУУРАЛУУ
Түзүлгөн жылы – 1793-жыл
Ээлеген орду – Париждин борборунан, Сена дарыясынын оң жээгинен орун алган
Ээлеген аянты – 160 106 чарчы метр, мындагы залдардын саны 200гө жетет жана алар 7 бөлүмгө бөлүнгөн
Экспонаттарынын саны – 300 000
Кызматкерлердин саны – 650, мунун 300дөн ашыгы күзөтчү, 100ү илимий ишкер, 120сы реставрация жүргүзүүчү жана башкалар
Кирүү акысы – 9 евро (орточо эсеп менен 580 сом)
Кирген элдин саны – 8,5 миллион адам (2010-жыл боюнча)
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
ПАДЫШАЛЫК САРАЙДАН МУЗЕЙГЕ
Музейдин имараты эски падышалык чеп-сарай болуп эсептелет. Сарай 1190-жылы падыша Филипп-Август тарабынан тургузулган. Максаты викингдердин (Европанын деңиздеринде каракчылык кылган скандинавиялыктар) кол салуусунан коргонуу болгон. 1317-жылы падышалык казына чеп-сарайга алынып келинет. Ошондон кийин Карл V чеп-сарайды падышалык резиденцияга айлантат. Андан кийин бийликке келген өлкөнүн өкүмдарлары Луврду улам түзөп, кеңейтип, кооздоп жүрүп отурушат. XVIII кылымда Луврду музейге айлантуу сунуштары түшөт. Музейдин долбоору Людовик XV башкарып турган кезде түзүлө баштап, Француз революциясы менен кошо аяктайт. Революция кезинде Лувр Наполеондун резиденциясына айланып, ал Луврдун бир капталына курулуш курдурган. 1871-жылы Париж коммунасын курчоого алуу кезинде Луврдын эң эски бөлүгү өрттөнүп кетет. Калыпка келтирүү иштери жүргүзүлгөн соң Лувр азыркы көрүнүшкө ээ болгон.
Музей көрүүчүлөргө өз эшигин 1793-жылы 8-ноябрда ачат. Ал түзүлгөн кезде падышалык коллекциянын саны 2500дү түзгөн. Акырындап музейге революция кезинде конфискацияланган падышалык коллекция коюла баштайт. Мезгилдин өтүшү менен экспонаттардын саны өсүп отурат.
КЭЭ БИР ЭКСПОНАТТАР УБАК-УБАГЫ МЕНЕН ГАНА КОЮЛАТ
Музейде 300 000 экспонат болсо, залга дамамат 35 000дейи гана коюлат. Калган экспонаттар 3 ай көрүүчүлөргө сунушталгандан соң атайын жайларда сактоого коюлат. Бул жарыктан улам сүрөттөгү боёктор өчпөшү жана буюмдардын бузулган жерлери болсо, калыбына келтирүү үчүн камкордук.
Экспонаттар төмөндөгүдөй коллекцияларга бөлүнөт: Байыркы Чыгыш, Байыркы Египет, Байыркы Греция, Ислам искусствосу, айкелдер, искусство буюмдары, көркөм сүрөт искусствосу, графикалык искусство, тематикалык экспозиция, хронологиялык экспозиция.
Луврдагы белгилүү экспонаттардын катарына Леонардо да Винчинин “Жоконда” (“Мона Лиза”) баш болгон көптөгөн чыгармалары, Рембрандттын, Рафаэлдин сүрөттөрү, Хаммурапинин (Вавилониянын падышасы) мыйзамдар жыйнагы жана башкалар кирет.
ПИРАМИДА КУРУУ ИДЕЯСЫ БАЛЬЗАКТЫН АТАСЫНА ТААНДЫК
Луврдун короосуна пирамида куруу идеясы 1809-жылы кичинекей китепчеде жарыяланат. Анда эгер пирамида тургузулса, улуттук эстелик болуп калары тууралуу да жазылат. Идея ээси Оноре де Бальзактын атасы Бернар Франсуа Бальсса болгон. 1980-жылдары Франциянын президенти Франсуа Миттеран китепканалардын биринен баягы идея басылган китепчени көрүп калып, аны жактырат. Анан теги кытайлык болгон америкалык архитектор Йо Минг Пеге айнектен пирамида курууну буйруйт. Азыр пирамида Париждин символдорунун бири.
«ЖОКОНДАНЫН» УУРДАЛЫШЫНЫН СЫРЫ
Убагында Леонардо “Мона Лизаны” меймандостугу үчүн деп Францияга өзү тартуу кылган. Ушул Луврдун берметин 1911-жылы 21-августта эртең мененки саат 7-8дин аралыгында уурдап кетишкен. Полиция ар кимден шек санаганы менен, сүрөт табыла берген эмес. Табышмактуу жылмайган аялдын портрети арадан 4 жыл 4 ай өткөндө Флоренциянын конок үйлөрүнүн биринен табылган. Ууру италиялык Винченцо Перуджа болуп чыккан.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал 1911-жылы Луврдун кээ бир залдарына жүргүзүлгөн оңдоо-түзөө иштеринде сырдоочу болуп иштегендиги аныкталган. Суракта ал “Луврда италиялык чеберлердин чыгармалары абдан көп. Алар өз мекенибизде эмес, Луврда турганы мага ич күйдүлүк жаратты. Ошондуктан уурдай качкам” деп билдирген. Кыскасы, анын уурулукка барышына патриоттуулугу түрткү болгон имиш.
МУЗЕЙДЕ КӨРҮМЧҮЛӨР БАРБЫ?
Музейдин Египет бөлүмүн жетектеген Кристина Зиглер аттуу айым 2000-жылы арстан баштуу Кудай Сехметтин айкелинин жанынан көрүмчүнү көргөнүн айтып чыккан. Кызыгы, буга чейин иштегендердин кээси да көрүмчүнү көргөндүгүн айтышкан.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg