Биз социалдык тармакта

2025-жылы өлкөдө 8 миң жол кырсыгы катталды

2025-жылдын 12 айында Кыргызстанда 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 19-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Маалым болгондой, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыгынан, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендигинен, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгынан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендигинен, аралыкты сактабагандыгынан келип чыккан. Мас айдоочулардын айынан 2025-жылы 395 кырсык катталып, андан 83 адамдын өмүрү кыйылганын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламент жыйынында билдирди.

Кыргызстан КМШ аймагында жол кырсыктарынын саны боюнча лидерлик сапта калууда. 2024-жылы өлкөдө 7423 жол кырсыгы катталып, андан 514 адам каза тапкан. Мындан тышкары 636 адам түрдүү жаракаттарды алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1205, 23-29-январь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан