Интернет айдыңында 2016-жылкы сүрөттөрдү жарыялоо челенджи уланууда – ар ким мындан 10 жыл мурунку сүрөттөрүн жарыялап жатат. “Супер-Инфо” гезити шоу-бизнес жылдыздарынын сүрөттөрүнө баам салууну чечти.
Мирбек Атабеков
2016-жылдан бери Мирбек Атабеков феномени өз күчүн жоготкон жок. Азыр деле жараткан ыры хитке айланат, азыр деле күйөрмандары көп, азыр деле баягы мээнеткеч Мирбек... Болгону мезгил деген мезгил, өзүнүкүн бербейт. Мирбек мырзанын үнү өзгөрбөсө да, келбети 10 жыл мурдагыдан бир топ өзгөргөнүн бул сүрөттөр далилдеп турат.
Султан Садыралиев
Султан Садыралиев “жорго жүрүш” менен 2026-жылга жетип келди. Укмуш алдыга озуп кетпей, такыр эле артта калып калбай, көптүн арасында өз нугунда келе жатат. Бизге берген акыркы интервьюсунда токтолуп, жашоодо көп нерсенин баркын билип калганын айтканы бар. Дал ошол 2016-жылы “жер алып, там салып баштадым” деген экен. Үйүн куруп бүтүп, азыр үй-бүлөсү менен очор-бачар жашап жаткан кези.
Нурлан Насип
2016-жылы Нурлан мырза популярдуулуктун туу чокусунда турган окшобойбу. Анткени дал ошол жылы бизге берген маегинде “атактуулукка кантип жеткени” тууралуу айтып берген экен. Он жыл аралыгында башынан көп сыноолор өттү, бирок сынган жок. Азыркы учурда да кумурскадай мээнеткеч, улам бир хит жаратып күйөрмандарын кубантып келе жатат. Мындан 10 жыл мурун жапжаш болгон экен, ээ?
Ильяз Абдразаков
Шоу-бизнестеги кыйындардын бири, ырчы, аранжировкачы Ильяз Абдразаков он жыл ичинде кандай өзгөрдү? Учурда ырчылыкка мурдагыдан азыраак басым жасап, бирок аранжировкачы, обончу катары жемиштүү эле иштеп жаткандай. Төгөрөктүн төрт бурчун дүңгүрөткөн хит жаратпаса да, бир орунда токтоп калган жок. Убак-убагы менен жаңы ыр чыгарып, күйөрмандарына тартуулап келет.
Айдана Дека
Дал ушул жылы сахнага кадам таштап, жарк этип жанган ырчылардын бири эле Айдана Дека. Чарчаганды билбеген энергиялуу жан экен, 10 жыл ичинде далай ыр жаратууга жетишти. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк жашоонун да тилин таба алды десек болот. Айтор, андагы жапжаш кыз Айдана Дека азыр сүйүктүү жар, мээримдүү эне.
Аваз Акимов
2016-жылы бойдок эле, азыр Аваз мырза эки кыздын атасы. Чыгармачылыгы жана жеке жашоосу бир калыпта келе жаткан ырчылардын бири. Ырчы Айдана Дека менен баш кошуп, шоу-бизнестеги “кош жылдыз” аталып, көз кубантып келе жатышат. 10 жылда келбети канчалык өзгөргөнүн өзүңүз таразалап алыңыз, окурман.
Нурмат Садыров
2016-жылы Нурмат мырза бойдок эле... Эле дейм да, азыр деле бойдок. Же жубайын элден жашырып жүрөбү, ким билсин. Айтор, Нурмат Нурмат болуп дүңгүрөп турган учуру экен бул сүрөттө. “Торгоюм”, “Кыргыз кыздары”, “Жүрөгүм” деген сыяктуу ондогон ырларды элге тартуулап, күйөрман топтой алды. Келбетинде өзгөрүү болсо да, жылдызмын деп керсейип кетпей, баягыдай эле жөнөкөй Нурмат боюнча келатат, азамат...
Нуржамал Жийдебаева