Тарыхта кара так болуп калуучу түштүк коогалаңында жүздөгөн мекендештерибиз, атүгүл бешикте жаткан наристелерибизден бери бейкүнөө адамдар өмүрлөрү менен кош айтышкан. Аларды өлтүргөндөрдүн кээси темир тор артына камалса, көбү дале эркиндикте жүрүшөт.
Өздөрүн “Фемиданын өкүлдөрүбүз” деген сотторубуз чындап эле адилет өкүм чыгарып жатышабы? Төмөндө жүрөктүн үшүн алган бир окуя жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
БООР ООРУСАҢ, БООРГО ТЕБЕТ
Ош коогалаңында зөөкүрлөрдүн колунан каза таап, анысы аз келгенсип, өрттөлүп кеткен Айша Маматисакова аттуу айымдын уулу Мирлан Абдураимов редакциябызга келип, ошол каргашалуу окуяны көзүнө жаш ала айтып отурду.
Мирландын айтымында, көп жылдардан бери Оштогу Жогорку педагогикалык колледжде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенген Айша Маматисакова Ош коогалаңы башталган кезде үйүндө болгон. Ал жашаган Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү кошуналары бүт өзбек улутундагылар болсо да, көп жылдардан бери жакшы мамиледе жүргөндүгүнө ишенип, туугандарынын суранганына карабастан, үйүнөн кетпей койгон. Айша эже Бишкекте иштеп жүргөн жалгыз баласы жана бир туугандары менен телефон аркылуу тез-тезден сүйлөшүп турган. Үйүндө жалгыз калган эне “кагылышуу болуп кетпесин” деп өзбек улутундагы кошуналарын үйүнө түнөткөн. Кошумчалай кетсек, Айша эженин 1990-жылкы Ош коогалаңында да бир нече өзбек кошуналарын үйүнө жашырып сактап калганы маалым болду. Бирок бул кылган жакшылыктары өз башына муш болуп тиерин билбесе керек.
Мирлан акыркы жолу апасы менен 12-июнда күндүз сүйлөшкөнүн, андан кийин анын чөнтөк телефону өчүп калганын айтат. Көрсө, ошондо Айша эженин үйүнө
22-23 жаштардагы өзбек улутундагы жигиттер кирип келип, энесиндей болгон аялды ур-тепкиге алып өлтүрүп коюшуптур. Зөөкүрлөр муну менен чектелбей, үйдү талап-тоноп, сөөктү төшөккө ороп, үй менен кошо өрттөп жиберишкен. “Боор оорусаң, боорго тебет” дегендей, Айша эже ак жеринен курмандыкка айланат.
“ГИТЛЕР КАПУТ!”
Өздөрүн кармалбас сезишкенби, айтор, өлтүргөндөрдүн бири Айша эженин чөнтөк телефонун алып, андагы байланыштардын баарына “Гитлер капут!” деп СМС-билдирүү жөнөткөн. Бул эмне деген фашизм?! Телефонго чалган маркумдун тааныштарына да коркпой жооп берип турган. Алсак, Айша эженин бир тууган сиңдиси Элиза телефон чалып, “эжеме эмне болду?” деп сураганда, “эжеңди өлтүрүп койдум, ал азыр жерде жатат” деп жооп берген. Кийинки жолу чалганында “келип сөөктү алып кеткиле, дарбазанын сыртына чыгарып коём” деген.
ЖҮГӨРҮ ТАЛААСЫНАН КАРМАШКАН
Ошентип, маркумдун тууган-уруктары сөөктү алып кетүү үчүн маркумдун үйүнө аскер кызматкерлери менен чогуу БТРде барышып, өрттөлүп кеткен сөөктү коробкага салып алып кетишкен. Сөөктү туугандары алтын тиштеринен жана эрип бутуна жабышып калган бут кийиминен таанышкан. Муну кылган адам кебетесиндеги айбандардын экөө маркумдун чөнтөк телефонун колдонуп жүрүшүп, ошол аркылуу табылган. Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди туугандары жүгөрүнүн арасындагы чатырга бекитип багып жүргөн жеринен кармашкан. Алар Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын тургундары Валижан Орунбаев жана Улук Жураев дегендер болуп чыккан.
СОТТОРДУН ӨЗҮМ БИЛЕМДИГИБИ?
Айша эженин жакындары “өлтүргөндөрдүн экөө кармалса да, өз жазаларын алышар” деп жүрүшкөндө, анын бири Валижан Орунбаев абактан бошотулуп, үй камагына алынганын угушат. Тактап көрүшсө, айыпталуучулардын жактоочусу Зина Алымбекованын айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттануусунун негизинде жабырлануучу тарапка кабар берилбей, жабык сот өткөрүшкөн. Ал иш Ош облустук сотунда 2010-жылдын 22-июлунда каралып, ага К.Маматалиев төрагалык кылып, судьялар Ж.Жумаев, Т.Чикиевдер менен бирге чечим чыгарышат. Анда “боорукер” соттор Ош шаардык сотунун камакка алуу чечимин бузуп, айыпталуучу В.Орунбаевден “жашаган жеринен эч жакка кетпөө” тил катын алышкан да, бошотуу чечимин чыгарышкан. Буга маркумдун туугандары нааразы болушуп, Ош облустук сотунун судьясы К.Маматалиевге кайрылышат. “Эмне үчүн жабырлануучу тарапты чакырбай, жабык сот өткөрдүңөр?” деп сурашканда, “Зина Алимбекова “чакыра турган туугандары жок, жалгыз жашаган кемпир” дегенинен чакырган жокмун” деп айткан.
Натыйжада маркумдун туугандары “В.Орунбаев кайрадан камакка алынсын!” деп талап кылышып, Жогорку Сотко арыз менен кайрылышкан. Жогорку Сот “кылмышкерди таап, камакка алынсын” деген чечим чыгарып берет да, ошонун негизинде айыпталуучу В.Орунбаев Кара-Суу районунун аймагынан кайрадан камакка алынат. Бул ишти кайрадан караган Ош шаардык соту У.Жураевди 15 жылга, В.Орунбаевди 7 жылга гана эркинен ажыратат.
Муну адилетсиз деп эсептеген маркумдун жакындары “майда нерсени уурдагандар мындан көп жылга кесилип жатканда, эмне үчүн ушундай оор кылмыш жасаган мыкаачылар аз эле жылга кесилет? Оор кылмыш жасаган В.Орунбаевди убагында эркиндикке коё берген саткын соттор эмне үчүн дале өз ордунда иштеп жүрүшөт?” деп кайрадан Жогорку Сотко кайрылдык” дешет. “Эмне үчүн аларга үйдү талап-тоногону, өрттөгөнү боюнча айып тагылган жок? Мындан сырткары айыпталуучу Улук Жураев СИЗОдо жатканда аны менен телефон аркылуу байланыштым. Ал “өлтүргөндөрдүн арасында менден башка да балдар болгон” деп айтты. Анда эмнеге алар кармалып, өз жазасын алышпайт?”- дейт ызага буулуккан Мирлан.
Анан суроо туулат экен, “соттор ушинтип өз билемдикке салып жатышса, адилеттүүлүк кыялдануу гана болуп калабы?” деген.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg