“КУДАЙДЫН КЕРЕМЕТИНЕ ТАҢ КАЛДЫМ”. “ЭРГҮҮ КҮЗҮНДӨ ГАНА КЕЛЕТ”. Атактууларга собол

Кадимки интервьюлардын “рамкасынан” чыгып, бул жолу үч чыгармачыл адамга үчтөн суроо узатып кайрылдык. Максатыбыз – ошол адамдын жаңылыктарына, негизи эле жашоосундагы маанилүү учурларына токтолуу, сезимдерин угуп, сиз менен бөлүшүү болду. 

 

Альбина Имашова, актриса: “Бултук десе балалыкка барып келгендей болом”

– Бала чактагы лакап атыңыз кандай эле, эмнеге андай аташчу?

– Бир тууган эжем “бултук” дечү, анткени кичинемде бетим бултуюп, салаңдаган, толмоч кыз болгон экенмин. Азыркыга чейин бултук дейт. Мен болсо аны "тосток" дечүмүн (күлүп), көзү бакыракай да. Бала кезде антип айтканына чычалап, ыйлактачумун. Азыр болсо бултук десе ошол кез эсиме келип, жагымдуу угулат, балалыкка бир барып келем.

– Өзүңүзгө өзүңүз сыймыктанган жетишкендик?

– Жубай катары, эне катары өз ордумду тапканым – бул чоң жетишкендик, мен үчүн маанилүү. Анан алардын аркасынын келген кудагый, таене деген жаңы статустар билинбегени менен, абдан сүйүнтөт экен. Ал эми театрдагы сыймыктанган ролдорумдун бири – “Манастын уулу Семетей. Төлгө” спектаклиндеги Каныкей апабыздын ролу. Кинодо болсо көбүнчө комедия жанрындагы тасмаларда тартылып жүргөм да. Ал образдан чыгып, “Чёрный двор” деген сериалда апанын образын аткарганым өзүм үчүн жетишкендик болду.

– Хоббиңиз, аны чыгармачылыгыңыз менен айкалыштырасызбы?

– Менин хоббим көп, сайма саям, шырдак шырыйм, түймө түйөм, бул апам бала кезден үйрөткөн, менин эң жакшы көргөн хоббилерим. Небереме бир сыйра кийимдерин токуп бергем. Ошондой эле чыгармачылыгыма жакын, өзүм сыймыктанган хоббилеримдин бири – китеп окуу. Апам китепканачы болгондуктан кичинебизден китепке жакын чоңойтту. Китеп – жан дүйнөнү азыктандырат, көз карашты өзгөртөт, ар кандай каармандар менен таанышасың, турмуштук сабактарды аласың да. Актёрдук чеберчиликте булар абдан керек. Азыр жумушта бош убакыт болуп калса, эмгек өргүүсүнө чыкканымда китеп барактайм, пьесаларды көп окуйм. 

 

Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, төкмө акын: “Экинчи жолу төрөлгөндөй болгом”

– Ата-энеңиз эмне деп эркелетчү?

– Үйдө жалгыз эркекмин, ошого ата-энеме эркелеп өстүм. Алар мени Макетай дешчү. 12-13 жашымдан комуз чертип ырдап калдым, ошондуктан жеңелерим “ырчы бала” деп эркелетип, тергеп жүрүштү. Биз жакта да (ред.: Кытайдагы кыргыз айылы) тергөө салты бар.

– Жашооңузду ала салдырган, башка багытка бурган окуялар болгонбу?

– 2015-жылы Ала-Тоого, Кыргызстанга келгендеги учур жашоомду башка бир нукка бурду. Кайрадан, экинчи жолу төрөлгөндөй болгом. Чек арадан өткөндө эле артты карасаң боз талаа жатса, алдыда жашыл майсаң чөп, малдар оттоп жүргөнүн көрүп башкача сезимде болдум. Кытайда жүрүп Кыргызстанды, адамдарды балалык сезим менен башкача элестетип, аябай сонун ырлар, чыгармаларды чыгарсам керек деп келген экенмин. Бул жактан тамеки чеккен кыздарды, кучакташкан кыз-жигиттерди жана башка жат көрүнүштөрдү көрүп нес абалда калдым. Көнө албай, 2-3 айга чыгармачылыгым токтоду. Бирок менин жашоом ушул жакта экенин сездим, мекениме келгениме, өз элимди, жубайымды тапканыма, өнөрүм менен сахнадан ордумду тапканыма сүйүнөм.

– Чыгармачылыкка эмнеден эргүү, түрткү аласыз?

– Айтышка көп басым жасайм, ошондуктан айтыштар көп болсо да изденүү, түрткү болот эле деп жүрөм. Ал эми ыр, обон чыгаруу үчүн менде эргүү көбүнчө күз, кыш мезгилинде келет. Элдер жаз айларында чыгармачылыгы жанданып, кулпуруп чыга келишет го, ал убакта мен өзүмдүн караанымды араң көрсөтүп баштайм. Отузга чыктым, эми мындан кийин, мүмкүн, жаздын илеби сезилип калар (күлүп). “Ыр жазып берип койчу” деп суранышат, бирок өзүмдү кыйнап такыр ыр чыгара албайт экенмин. Өзүм сезип, башымдан өткөрмөйүнчө чыкпайт окшойт. Учурда көп угулуп жаткан “Маралдайым” деген ырым да күз мезгилинде жаралган.

 

Толгонай Арзыкеева, ырчы: “Энелердин абалын эми түшүндүм”

– Акыркы жолу эмнеге таң калдыңыз?

– Алгач төрөгөндөн кийин “ушундай бала ичимде 9 ай бою жатты беле” деп, Кудайдын организмди керемет кылып жаратканына таң калып, шүгүр кылгам. Анан баланы түндө биз сыяктуу эле 8-9 саат уктайт деп ойлопмун. Көрсө, 1-2 саат уктап эле түнү менен ойгоно берет экенсиң да, эс алуу күн деген жок, айлык деген жок (күлүп). Төрөгөнгө чейин ушундай нерселерге такыр маани бербептирмин, өз башыма келгенде “балалуу курбуларыма, энелерге эмнеге буга чейин жардам берген эмесмин?” деп өзүмө суроо бердим.

– Акыркы жолу эмнеге кубандыңыз?

– Уулумдун үн чыгарып күлгөнүнө аябай сүйүндүм. Азыр бизге үч жарым ай болуп калды да, эмгенде да көзүмө карап эмип калды. Ал карап турса аалам мени карап тургандай, аалам күлгөндөй сезимдер болуп жатат. Балалуу болгондо жаңы бир мээрим, сүйүү, аң-сезим ойгонот экен.

– Эмнеге ачууландыңыз акыркы жолу?

– Ачууланууга убакыт деле боло элек, болгону таарынчаак болуп калат окшойсуң. “Эмнеге мен бул киного бара элекмин” деген сыяктуу майда-барат нерселерди айтып эле таарынып калам (күлүп). Жолдошум “жүрү анда, барып келели” десе, кайра “бала менен кантип бармак элем” деп отуруп калам, энелерди түшүнүп. Эрте турмушка чыгып, эрте балалуу болсом эч жакка чыкпай жашоом токтоп калгандай сезилсе керек. Токтолуп, түшүнүп калгандан кийин балалуу болгонго өзүм деле үйдө жаткым келип, азыр ушундай күндөрдөн ырахат алуудамын. 

 

Асел Ишенбай кызы

      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1206, 30-январь-5-февраль, 2026-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан