ЧӨНТӨКТҮ КАККАН ОЮН АВТОМАТТАРЫ

Редакциябызга уулу оюн автоматына азгырылып, күйүттө жашап келаткан Асыл эже кайрылган. Эненин көз жашынын себеби азыркы “модага” айланган оюн автоматтары экен. Мындай маселе бир гана бул эженин көз жашы эмес экенин баарыбыз билебиз.

МЫЙЗАМ ИШТЕБЕЙБИ?
Мыйзамда: Оюн автоматтарына 18 жашка чейинкилер киргизилбеши керек. Паспорт талап кылынат.
Практикада: Мектеп окуучулары деле кирип жүргөн учурлар катталат. “Мен 18 жаштамын, паспортум бар” деген сөз гана жетиштүү болот.
Мыйзамда: Оюн автоматтарына штатка 18 жашка чейинкилерди жумушка алууга уруксат берилбейт.
Практикада: 18 жашка чыга элек кыздар да иштешет. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк деле жарай берет.

ПОПУЛЯРДУУЛУГУ АРТКАН ОЮН АВТОМАТТАРЫ
Оюн автоматтары – акча утууга ылайыкташтырылган атайын жабдуу. Биринчи жолу оюн автоматы 1887-жылы Англияда иштелип чыгып, Орусияга 1989-жылы жетип келген. 1990-жылга чейин оюн бизнеси, негизинен, казинолордо ишке киргизилген. 1993-жылы «Belatra» жана «KARE Technology» компаниясы биргеликте 1-оюн автоматын чогултушкан. Азыркы күнгө чейин дүйнөнү каптап, оюн автоматтары казинолордо гана эмес, өз алдынча да ачыла баштады.
Асыл эже да оюн автоматтарынын зыянын тартып, баласынын мындай кайгылуу тагдыры менен күрөшүп келатканына 3 жылдын жүзү болуптур. Кубаттын кейиштүү тагдыры азыркы азгырылган жаштарга сабак болор деген үмүттө окуяны эженин өз оозунан угууну сиздерге сунуштайбыз.

“КУМАР ОЮНУ АКЫРЫ КУЛЧУЛУККА ЖЕТКИРДИ”
– Уулум Кубат Исхак Раззаков атындагы Техникалык университетте окуп, аны аяктаган соң достору менен чогуу Телекомго жумушка орношкон. Улан аттуу эки досу ээрчитип жүрүп, баламды жолунан адаштырышты. Азыр Кубат 29 жашта, үй-бүлөлүү. Күндөн-күнгө азгырыгы артып, акыркы күндөрү дендароо болуп, адам менен сүйлөшкөндү да унутуп калды.
Улан деген досу кумардын айынан үйүндөгү болгон нерсесин ташып сатып, атасы инсульт болуп жыгылып калышына чейин жеткирди. Акыры карызы 200 миңге чукулдап, карызга берген адамдар доолап келе беришкендиктен, ата-энеси аргасыздан Маевка конушундагы жер тилкесин сатып, карызынан кутулушкан. Анда да акыл-эсине келбей, карызга ойной берип, аялы кетип, ата-энеси аягында үйүнөн кубалап чыгышты. Атасы оорукчан болуп, үй-бүлөсү сызга отуруп калса да, оңоло алган жок. Азыр «кайда кеткени белгисиз, кабарсыз жоголду» деп үйүндөгүлөр сыздап отурушат.
Дагы бир Улан деген досу да болгон нерсесин уттуруп салып, азыр Лев Толстой көчөсүндө кул базарда жалданма жумушчу болуп күн көрөт деп уктум. Мен да энемин, баламдын эс-акылын жоготуп, кумарга кирип кеткенине жүрөгүм ооруйт. 3 жыл бою анын артынан чуркап, бул дартына даба таппай келем. Балама досторунун тагдыры да сабак болгон жок. Ошолордой болуп тагдыры талкаланбаса дейм.

“КӨЗҮНӨ КӨРҮНГӨН НЕРСЕНИ КҮРӨӨГӨ КОЮП КЕТЕТ”
– Мен кайрымдуулук фондунда эсепчи болуп иштейм. Уулум карызга баткан учурда айласыздан жумушумдун кассасынан акча алып, анын ордун кредиттик компаниядан насыя алуу менен толуктап, эптеп жан сактап келем. Анын артынан карызын жабам деп жүрүп болгон нерселеримден айрылдым. Биздин канчалык кыйналып жатканыбызды көрсө да, унчукпайт. Үй-бүлөсүн таптакыр унутуп калды. Кумар дегени ушундай күчтүү болот экен, кала берсе келинимдин алтын сөйкө, шакегинен тарта уурдап барып күрөөгө таштап, оюн автоматтарына коротот. Баламдын келечеги эмне болот, мага туңгуюк.
«Өтө азгырылып кеткендерди атайын ал жайга киргизбеш үчүн сүрөттөрүн берип койсо, киргизбей коёт» деген сөздү угуп, колумдан келген иштерди кылып жүрөм. Анткени башка арга калган жок. Мага салган күндү Кудай эч кимге көрсөтпөсүн. Уулумдун көргөн күнү жаштарга сабак болсун деген максатта сиздерге кайрылып жатам,- дейт жабыр тарткан эне.

“КЫЗДАР ДА КУМАРГА БЕРИЛИП, ОЙНОП КАЛЫШКАН”
Асыл эженин уулунун тагдырын угуп, Бишкек шаарын аралай оюн автоматтарына көз жүгүртүп көрүүнү чечтик. Азыр көңүл ачуучу мындай жайларды издеп убара болуунун кажети жоктой. Анткени оюн автоматтары кадам сайын жаркылдап көңүлдү буруп турат. Аларды көрүп, «канча элдин көз жашы көлдөп жатат...» деп зээниң кейийт. Ошол оюн автоматтарынын биринде 8 айдан бери иштеп келаткан Самара аттуу оператор кызды кепке тарттык. Ал оюн автоматтары тууралуу биз билбеген сырлары менен бөлүштү.
– Оюн автоматтарында иштөө кыйын болсо керек?
– Албетте, башында көнүп кетиш аябай кыйын болду. Анткени күндө ызы-чуу, тамекинин жыты, акчасын уттурган кардарлардын сөгүнүп-сагынып жаткан сөздөрү, жалаң гана терс эмоциялар, мунун баарына унчукпай чыдашың керек. Бара-бара мындай атмосферага да көнүп калат экенсиң.
– Бул жакка кардарлар чын эле ойноо үчүн келишеби?
– Негизи, оюн автоматтарын көңүл ачуу үчүн гана колдонуу керек эмеспи. Кээ бирлери чын эле оюн ойноп, жеңүү үчүн киришет. Алар канча акча салганын, канча уттурганын жана утуп жатканын билип, санап турушат. Чектен чыгып баратса, ошол жерден эле токтотуп коюшат. Ал эми кумарга кирип калгандар да жок эмес. Аларга бооруң гана ооруйт. Айлап бул жакта жашап калгандар кездешет. Кээ бир кардарлардын жакындары ыйлактап сүрөттөрүн көтөрүп келишет, «эгер ушул адам келсе, киргизбегиле, акча салбагыла» деп. Азгырыкка берилип калгандар болгон акчасын уттуруп жатса да, кийинки күнүн ойлошпойт. Кайра-кайра чөнтөгү куруп калгыча акча салып уттуруп коюп, анан аргасыздан кетишет.
– Кардарлардын көбү кайсы чөй­рө­дөн?
– Бул же тиги чөйрөдөн деп айта албайм, анткени бизге мектеп окуучусунан тарта 50дөгү кишилерге чейин келишет. Базардагы өтүкчүдөн тарта спортчу, бажы кызматкерлерине чейин бул оюнга азгырылышат. Баарынан да байкуш өтүкчүлөргө боорум ооруйт. Суукка тоңуп, бир күн кечке иштешет да, тапкан 500 сому болсо, бул жакка келип уттуруп коюп шалпыйып кеткен күндөрү көп болот. Ал эмес, 25-30 жаштагы кыздар да мурун ушундай жерлерде иштеп жүрүшкөндүктөн, кумарга берилип, оюн автоматына келип ойноп жүрүшөт.
– Оюндан көпчүлүк учурда уттурушса керек. Же эл билбеген сырлары барбы?
– Оюн автоматтарына киргизилген техникалык эреже боюнча, утуштун пайызы 70тен кем болбошу кажет. Бирок, чындыгында, андай эмес. Техниктер келип, атайын аз пайызга ылайыктап жасап коюшат. Мисалы, кардар бир автоматты тандап отурду дейли. Ага канчалык көп акча салып ойносо же ал автоматтын эсеби 6-7 сан болуп кетсе, автомат акчаны кайра кайтарып бериши керек. Техниктер аны билишет да, ошондой автоматтарга чоң суммадагы акчаны салып, аягына чейин ойноп, утуп алышып, балансты 0гө түшүрүп коюшат. Ошол акчалардын баары «учуп кетип», кайра оюн 0дөн башталат.
– Анда киреше да көптүр?
– Албетте, киреше жакшы. Жеке бизде бир суткада 150-200 миң сомго чукул акча түшүп турат. Кошумча эгер минуска кетип уттуруп жатсак, атайын камсыздандыруучу сумма деп коюшат, 10 миңге жакын акча сөзсүз кассада болот, ошону беребиз. Кандай болгон күндө да бул жайдын ээси эч качан утулуп калбайт.

ОЮН АВТОМАТТАРЫ ЭМИ ТОЛУГУ МЕНЕН ЖАБЫЛАБЫ?
Ушул аптада өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кол койгон токтомуна ылайык, ар бир оюн автоматына берилчү патенттин баасы 4000 сомду түздү. Кыргызстан боюнча учурда 55 лицензиясы бар оюн автоматы иштейт. Мыйзамга ылайык, бир эле оюн автоматтарында 30дан кем эмес автомат болушу керек. Алардын ар биринен мамлекеттик казынага 4000 сом түшсө, эми ойлоп көрүңүз, канча миңдеген акчалар кумар оюнунун тегерегинде айланып жүрөт. Мынча акчанын баарын ким берип жатат дейсиз. Албетте, кумарпоз жаштар.
Жакында “Ар-намыс” партиясынын депутаты Бакытбек Жетигенов оюн автоматтары азыркы жаштардын психикасына терс таасир тийгизип жаткандыгын баса белгилеп кетти. «Ар-намысчы» алардын санын азайтууну сунуштап, «оюн автоматтары казинолордо гана болсун» деген талап коюуда.
Ар бир оюн залы кумарга байланган адамды элестетет. Айрымдар көп акча утуу максатында оюн автоматтарына акыркы акчасын жумшап, азгырыкка берилип, бара-бара ал жайдын “тургунуна” да айланып кетишет. Жыйынтыгында үй-бүлө бузулат, уурулук көбөйөт. Кумар оюнуна кирүү үчүн жаштар акча табамын деп аргасыздан уурулукка барышат. Ошол эле мезгилде алдыңкы өнүгүп келаткан Казакстан, Орусиядагы мындай кумар оюндарын ачууга тыюу салышкан. Биз да жогорку бийликтегилер жаштардын, ата-эненин сообуна калып, бул нерсеге көбүрөөк көңүл бөлүп коюшса деп тилейбиз.

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Fatimka
2011-03-11 22:52:14
Оюн автоматтарын, казинолорду иштеткендерди аллах жазаласа экен. Каргыш тийсин ошолорго.
0
Bektur
2011-03-12 03:18:34
Бул оюн автоматтрарды жок кылып койгондо биздин чиновниктер ачка калбайбы. Бул автоматтарды жоготкон адам соопко калат.
0
cosmopolit
2011-03-12 03:53:00
кудай тоба кылдым...мындай шайтандын оюндарын туп тамыры менен жок кылыш керек...булардын себинен экономика которулот деген чон жанылыштык...элдин баары кумарпоз болуп кетсе КГ дын келечеги не болот...ансыз да кыргыздар жаман нерселерге бат беирлип кеткен калкпыз...
0
kubik
2011-03-12 11:17:10
Мына орустар оюн бизнесин ооздуктап атышат. Алардын алдында биз кеч калып жатабыз. Мусулман эли коп болкп туруп ушуга жол бергенибиз туура эмес болуп жатат !
0
TROYA
2011-03-15 18:47:30
Arkim kolunan kelgen tirgiligin kylat da al adamdyn ozunon berilish berilbesh,men dele oiun zalyn achsam degen oium bar albette jaman niette emes.
0
aminali
2011-03-15 20:37:23
Jabilbait ko bul waitandin oiunu,menin da jawoomo zalalin tigizgen.
0
Karamel
2011-03-16 05:51:10
TROYA бул аркимдин иши эмес, барыш же барбаш деген, анткени бул алкоголизм, наркомания сыяктуу эле оору, бирок аты игромания, арак менен наркотиктей эле адамды зависимый кылып коет, сиздин мындай жол менен акча табам дегениниз кейитет, себеби жакшы ниет менен наркотик сатып тиричилик кылууга болобу?
0
Baichechekey
2011-03-17 02:49:41
Оюн автоматтары жабылса карапайым эл учун пайдасы чон!
0
adilxx
2011-03-17 22:03:51
oo dostor myndan arylyw bir top kyiyn!os bawymdan otkon! dostorumdun dagy bawynda uwul problema turat ! men asyr alts ketip unutup kaldym!keede 4alyp kalsam oyundun unun ugam! aitsam dagy boluwpait ! jurok ooruit! kim japsa owogo abdan min mertebe yraasy bolot elek ! dostorum dagy ka4an jabywat dep juruwot !
0
АйАй
2011-04-17 22:55:31
Кудай сактасын!!!! Кашыктап тапкан акчасын камаздап эле жоготушат!!!!!
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан