Жаш жүрөктөрдү жаралаган ЖАСТИН БИБЕР

Өспүрүмдөрдүн кумири Жастин Бибердин дүйнөдө 40 миллиондон ашык күйөрманы бар. Интернеттеги видеолору миллиарддан ашуун каралып, рейтинги боюнча ага атаандаш – бир гана Леди Гага. Анда сахнада өспүрүм-сенсация атка конгон Жастин Бибер.

АТАСЫЗ ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Жастин Бибер (толук аты-жөнү – Жастин Дрю Бибер) 1994-жылы 1-мартта Канаданын Стрэтфорд шаарында жарыкка келген. Апасы актриса Патти Маллетт 18 жашында никесиз төрөп алган. Баласына татыктуу тарбия берүү үчүн бир нече жумушта иштөөгө туура келген. Эне-бала өп-чап турмушта жашашкан. Кичинекей Бибердин эки жашында эле музыкага шыгы ойгонуп, кийин өз алдынча фортепианодо, гитарада жана сурнайда ойногонду үйрөнөт. Жаш жылдыз ал күндөрүн мындайча эскерет: “Мен апама болгон сүйүүмдү эч кимге алмаштырбайм. Анткени ушул даражага жеткениме апам түздөн-түз себепкер. Апам тапкан маянасына менин ырларымды сайтка жүктөө менен убара болчу. Мен анын аракетин текке кетиргим келчү эмес”.
Атасы Жастинге тарбия берүүдө мурун катышпаса да, кийин уулу жылдыз болгон соң ага кайрылып, учурда байланышып турат.

БАКТЫСЫ САЙТТАН АЧЫЛГАН
Жаш өспүрүм 2007-жылы 12 жашында ырчы Не Йонун «Аябай тажадым» («So Sick») ыры менен өзүнүн шаары Стрэтфорддо жергиликтүү сынакка катышат. Ал бул сынакта экинчи орунду алат. Апасы Патти Маллетт уулунун бул видеосун YouTube сайтына жайгаштырып коёт. Сайттан анын ырын угуп, үнүнө арбалгандар көбөйөт. Бара-бара Жастиндин сайттагы популярдуулугу жогорулайт. Таланттуу аткаруучуларды издеп жүргөн продюсер Скутер Браун капысынан Бибердин видеосун интернеттен көрүп калат. Болочок жылдыздын үнү, татынакай жүзү Браундун көңүлүнө толот. Жастинди Браун мектебине чейин издеп барып, апасына жолугуп, уулун ырчы кылып чыгарууга убада берет. Бул апасынын көптөн күткөн үмүтү болгондуктан, апасы келишимге макулдугун берет. Ошентип, 13 жаштагы Жастин апасынан уруксат алып, ыр жаздырып келүү үчүн Атлантага жөнөп кетет. Скутер Браун Жастин менен ырчы Ашердин жолугушуусун Атланта шаарында уюштурат. Ашер Жастиндин күчтүү үнүнө жана талантына таң калган. Жастин Тимберлейк да жаш өспүрүмдүн талантына баа берип, чогуу иштешүү сунушун киргизген. Бирок Тимберлейк жана Ашер менен жолугушуудан кийин Бибер Ашерди тандаган. Жастин үчүн Ашер менен болгон келишим бир топ пайдалуу эле. Ашер Жастинди «Хит ырлардын аралы» («Island Records») аталган үн жаздыруучу студиясына алпарып, 2008-жылдын октябрь айында биринчи келишимге кол коюлган.
Жастиндин дебюттук «Бир мезгилде» («One time») аттуу альбому 2009-жылы жарыкка чыгып, дароо хитке айланат. Миңдеген күйөрмандары жаш ырчынын артынан аңдый башташат. 30дан ашуун өлкөгө жайылган бул альбому Жастиндин чыгармачылыгына чоң стимул болду. Жаш ырчынын дебюттук «Mенин дүйнөм» («My world») аталыштагы альбому 2009-жылдын 17-ноябрында чыгып, дүйнөнүн хит ырларына айланган.
2010-жылдын 23-мартында дебюттук музыкалык видеосу чыгып, көптөгөн өлкөлөрдө 10 мыкты клиптердин хит парадына кирген.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Ошентип, сайттан белгилүү болгон Жастин дүйнөдөгү эң белгилүү жаш өспүрүм болуп калды. Учурда Бибер популярдуулуктун туу чокусунда жүрсө да, жалаң хит ырларды аткарбастан, кошумча да кесиптин ээси болууну көздөөдө. Ал эми ырчы айым Бейонс менен чогуу ырдоо – анын жакынкы максаттарынан.
Жакында эле ырчы өзүнүн 17 жаш курагын белгиледи. Ал күндү сүйүктүүсү Селена Гомес жана достору менен өткөрдү. Селена менен мамилесин сурашканда ал “доспуз” деп гана кутулуп кетчү. Эми алар ачык эле кол кармашып, алтургай «Оскар» тапшыруу аземине чогуу келишкен. Баса, 17 жаштагы Жастин 40 жашка чейинки айымдар менен мамиле түзгүсү келерин айтып келет. Ал үчүн айымдын паспорттогу жашы маанилүү эмес. Эң негизгиси, жүрөгү жаш, жылмаюусу жагымдуу жана көздөрүнүн нуру өчпөгөн айымдарды жактырат.
Жастин Бибер башталгыч актёр Жейден Смит менен бирге «Өспүрүм-каратэ» аттуу тасманын саундтрегин ырдаган. «Эч качан эч качан деп айтпа» («Never say never») деген аталыштагы бул ыр «Мыкты ыр» наамы боюнча «Оскарга» талапкер болгон.

 

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • АКШдагы музыкалык сыйлыктын («American Music Awards») «Жылдын артисти» (2010-жыл) наамын алган.
  • 2011-жылы «Грэмми» сыйлыгынын «Мыкты жаңы аткаруучу» жана «Мыкты вокалдык альбом» наамына талапкер болгон.
  • Сүйүктүүсү менен Парижде романтикалык түн өткөрүүнү кыялданып келет.
  • Француз тилинде эркин сүйлөйт жана бул тилде сүйлөгөн жигиттер кыздарга көбүрөөк жагат деп ойлойт.
  • Мышыкты жаман көрөт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан