ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ооганстан

АКШнын МИНИСТРИ КАБУЛГА КҮТҮҮСҮЗДӨН КЕЛДИ
АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс 7-мартта Ооганс-танга иш сапары менен келди. Гейтс Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугуп, эки өлкөнүн акыркы кездеги мамилелерин талкуулашты. Өткөн аптада НАТО күчтөрүнүн койгон чабуулунан кийин Кунар провинциясында бейкүнөө тогуз өспүрүм курман болгон. Буга байланыштуу өлкөнүн президенти Хамид Карзай: “Жарандардын бейажал өлүмүнө эл алдында америкалыктардын кечирим сураганы жетишсиз”,-деди. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 18-февралынан 1-мартка чейин 74 бейкүнөө жаран курман болсо, анын 40ы жаш балдар.

Ливия

ЖАРАНДЫК СОГУШТУН АЗЫРЫНЧА АЯГЫ ЖОК
Мали мамлекетинин туарег уруусунун 300дөй жоокери ливиялык лидер Муаммар Каддафинин күчтөрүнө кошулуу үчүн чек араны кесип өткөнү маалым болду. Бийликке каршы чыккандарды басууга Каддафи чет элдик жоокерлерди тартып, аларга 10 миң доллар жана согушка катышканы үчүн күнүнө 1 миң доллардан акы төлөнүп жатканы айтылууда.
Ошол эле учурда оппозициялык Улуттук кеңештин төрагасы Мустафа Абдель Жалиль эгерде Каддафи өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетсе, жаңы бийлик аны кылмыш жоопкерчилигинен бошото тургандыгын айтты. Маалымат үчүн: Төңкөрүштөн улам жарандык согушка айланган Ливия бүгүнкү күндө кош бийликтүү. Оппозиция тарап өлкөнүн чыгыш тарабына көзөмөл жүргүзсө, Каддафи борбордук аймакка кожоюндук кылууда.

Пакистан

ТЕРАКТ 31 АДАМДЫН ӨМҮРҮН КЫЙДЫ
9-мартта Пакистандын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Адезаи кыштагындагы жардырууда 31 адам каза таап, 40тан ашуун киши жаракат алышкан. Бул окуя маркумду жерге берүү учурунда орун алып, топтолгон элдин ичинде жан кечти террорчу өзүн-өзү жардырып жиберген. Терактты “Талибан” кыймылынын өкүлү уюштурган дешүүдө. Себеби бул аймакта бийликти колдогондор менен согушчандардын ортосунда кагылышуулар көп болот.

Египет

КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕР ТЕМИР ТОР АРТЫНДА
Египеттин жаңы бийлиги коопсуздук кызматынын 47 кызматкерин камакка алды. Аларга "митинг учурунда коопсуздук кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракети жөнүндө документтерди жок кылууга аракеттенишкен" деген күнөө тагылууда. Тактап айтканда, өткөн аптада Александрия жана Каирде атайын кызматтын имаратын иш таштоочулар басып алышкан. “Мындан пайдаланган кызматкерлер документтерди болушунча өрттөп жок кылууга далалат жасаган”,- дешет күбөлөр.

Франция

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ ЖАК ШИРАКТЫН ИШИ СОТТО КАРАЛУУДА
Парижде Франциянын мурунку президенти Жак Ширактын үстүнөн сот процесси башталды. Ага “Париж шаарынын мэриясында өзүнүн партиялаштарына 28 жумуш орундарын түзгөн” деген күнөө коюлууда. Бул орундар расмий түрдө катталган эмес. Шаардык бюджеттин эсебинен аталган орундарга которулган чыгымдар партияны каржылоого кеткени айтылууда. Жак Ширак Париж шаарынын мэриясын 1992-1995-жылдар аралыгында жетектегени белгилүү.
Эгерде 78 жашар Ширактын бюджетти мыйзамсыз колдонгону далилденсе, 10 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң евро өлчөмүндөгү айып төгүп берүүгө мажбур болот.

АКШ

ЖАШ ТҮГӨЙЛӨР СКАЙП АРКЫЛУУ ҮЙЛӨНҮШТҮ
Калифорниянын тургундары Ким Сэмюэль жана Хелен О Скайп ("Skype" – "интернет аркылуу компьютерлердин ортосундагы үн жана видео түрүндөгү түз байланышты камсыз кылуучу программа") аркылуу баш кошушту. Анткени үйлөнүү үлпөтүнө бир күн калганда болочок күйөө Ким ооруканага жатып калган. Буга байланыштуу ал тойду кийинкиге жылдырууну суранган. Бирок сүйлөшкөн кызы Хелен белгиленген күндү башка күнгө которууга көнбөй койгон. Жыйынтыгында эки жаш видеоконференция аркылуу чиркөөдө баш кошушуп, конок катары чакырылган 500 адам алардын күбөсү болушкан.

Кубанычбек Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Arstan
2011-03-12 03:21:03
Кудай сакта дуйно жузундо согуш токтосо экен.
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан