Массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген айыптоо боюнча башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 25-февралда Чүй облустук сотунан тастыкташты.
Маалым болгондой, сот анын мүлкүн конфискациялоо чечимин да кабыл алды. Мындан тышкары бул иш боюнча дагы сегиз айыпталуучуга өкүм чыгарылып, алар 9 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, шектүүлөр 2024-жылдын 12-ноябрында кармалышкан. Укук коргоо органдары алардын жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган күнү – 17-ноябрда баш аламандык уюштурууну пландаганын билдирген. Кармалган топтун кампасынан 1000 бөтөлкө спирт ичимдиги, баш аламандык уюштурууга керектүү каражаттар табылганы айтылган эле.
Адыл уулу Кубан 2021-2024-жылдары Курманкул Зулушев баш прокурор кезинде анын орун басары болуп иштеген.