ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

“АТАМДЫН ДОСТОРУН ИЗДЕЙМ”
– Сокулук районунун Асылбаш айылынын тургуну 1951-жылы 23-майда туулган атам Жамангулов Мелис Абдыра-заковичтин жакын жоро-жол-дошторун, тааныштарын, туугандарын издейм. Атам учурунда МАИ кызматкери болуп иштептир. Кийин 1980-жылдары Орусиянын Чита шаарындагы кыргыздар кварталында жашап, шахтада иштеген деп укканмын. Мен 1-класска барганымда ал "Орусияга барып иштейм" деп кеткен. Апам болсо каршы болуп бул жакта кала берген. Ал жакка кеткенден кийин бизге кат жазып турчу. Акыркы жолу 2003-жылы андан кат алганбыз. Ал эми 2005-жылы атамдын каза болгонун уктук. Мындан сырткары башка улуттун өкүлүнө үйлөнүп, кыздуу болгон дешет. Жаңылбасам ал карындашым азыр 18-20 жаштын тегерегинде болсо керек.
Атам бир үйдүн жалгыз баласы болчу. Мен да жалгызмын. Негизи эр жигит ата-тегин билип жүргөнү жакшы экен. Ошондуктан атамдын жакын туугандарын, жоро-жолдошторун таап, алардан атам тууралуу кеңири маалымат алгым келет. Эгер кимде ким атам тууралуу билсе, маалымат берип койсоңуздар, сураныч.

Жамангулов Таалай. Т.: 0551 080805.


“АПАКЕ, ҮЙГӨ КАЙТЫП КЕЛИҢИЗЧИ?!”
– 8-Март – апалардын майрамы. А бирок биз жыл сайын бул күнү санаага батып, 1993-жылдын 31-августунда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон апабызды эстейбиз. 5 баланы төрөп, ак сүтүн берип өстүргөн апабыз Садыкова Жаңыл 1954-жылы Тогуз-Торо районунда төрөлгөн. Башына түшкөн азаптардан уламбы, акыркы жылдары апама элирме оорусу жабышкан эле. Бул оорусу айрым учурларда кармап калчу. 31-августта апам кошуна айыл тарапка атты чапкан боюнча жөнөп кеткен. Артынан апалап кыйкырып жетпей калганбыз. Чаап кеткен аты кошуна айылдагы таанышыбыздыкы болчу. Ат ошол күнү эле ээсине кайтып келиптир. А бирок апабыздан дайын жок. Ал жактан сураштырып, баарынан эле “көргөн жокпуз” деген жооп алдык. Ошентип, апабызды таппай калдык...
Убакыт деген зымырык куш экен. Апабыздын үйдөн чыгып кеткенине билинбей 18 жыл болуптур. Бул аралыкта биз чоңоюп, ак-караны ажыратып калдык дегендей. Апам жоголгондо жаш элек, эч нерсени түшүнбөгөн. Эми минтип ата-эне болуп эне баркын түшүнгөнүбүздө гана апабызды издеп отурабыз. Уккан маалыматтарыбызга караганда, апабыз Торугарт бажыканасы тараптагы вагондордун биринде жашайт экен.
Апа, жаш кезибизде, балким, тилиңизди албай сизди таарынтып алгандырбыз. Эгер таарынтсак, кечирим сурайбыз. Эгер биздин издеп жатканыбызды билсеңиз же уксаңыз, сөзсүз байланышка чыгыңыз. Үйгө келип небере эркелетип, уулдун урматын, келиндин кызматын, кыз-күйөөнүн сыйын көрүп, маңдайыбызга тийген күнүбүз болушуңузду каалаар элек. Өзгөчө көкүрөк күчүгүңүз Калысбек “азыр апам жарк этип кирип келет” деген үмүт менен жашап келет. Үйгө кайтып келиңизчи, апаке?! Сизди уул-кыздарыңыз чыдамсыздык менен күтүшөт.
Урматтуу окурмандар, апабыз тууралуу маалыматыңыздар болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап койсоңуздар.

Т.: 0559 750209 (Назгүл), 0772 819120 (Нургүл),
0550 284905 (Майраш), 0551 101095 (Калысбек).


“ЖАШТЫК КЫЛГАНЫБЫЗДЫ ЭМИ БИЛИП, ӨКҮНҮП ОТУРАБЫЗ”
– Мындан 6-7 жыл мурун бактылуу үй-бүлөнүн очогу бузулуп, кайнатам Коралиев Бекзат бизден бөлүнүп кеткен. Ал жолдошумдун өгөй атасы болчу. Жолдошум жаш болгондуктанбы, айтор, үй-бүлөдө чыр-чатак чыккан. Ошондон кийин кайнатамды туугандары Барскоонго алып кетип, байланыша албай калдык. Ал 1955-жылы 15-майда төрөлгөн. Совет мезгилинде маданият үйүнүн директору, клуб башчысы жана музыкант болуп эмгектенген экен.
Ата, жаштыкта кетирген катабызды билип, мурункудай болуп бирге отуруп сырдашып, сагынычыбызды жазсак дейбиз. Небереңиз Альбина сизди абдан сагынып күн сайын эстейт. Бизге байланышка чыгыңыз, тынчсыздануу менен сизден кабар күтөбүз.

Келиниңиз Анарбаева Кундуз, небереңиз Таштан кызы Альбина.
Т.: 0771 108933, 0779 427014.


“КАЙДАСЫҢАР, ЖУМАГҮЛ, ЖЫПАРКҮЛ?”
– Көлдүн ак куулары, 1955-жылкы курбуларым Жоомартова Жумагүл менен Жыпаркүлдү издейм. Биз Фрунзедеги соода техникумунда чогуу окуп, чогуу жашап, ынак курбулардан элек. 1975-жылы окууну аяктагандан кийин ортодогу байланыш үзүлүп калган. Кийин окууну бүткөнүбүздүн урматына 5 жылдык жолугушуу кечесин уюштурушкан эле. Тилекке каршы, дал ошол убакта көз жарып бара албай калгам.
Жумагүл, Жыпаркүл, эгер менин издеп жатканымды окуп же угуп калсаңар сөзсүз байланышкыла. Мен силерди бир көрүүгө зармын, бирок кайда экениңерди билбей келем. Мен силерди абдан сагындым, жандай көргөн курбуларым. Учурда мен Бишкекте турам. Силер да мага окшоп бала-чакалуу болуп бапырап калсаңар керек. Келгиле, жолугуп сырдашалы. Силерден чыдамсыздык менен жооп күткөн курбуңар Долон (Айнура).

Т.: 0778 176503.


“ГҮЛСАНА, СЕНИ БИР ТУУГАНЫҢ КҮТӨТ”
– Бир тууган эжем Батыралиева Чолпон менен жездем Молдоканов Салмоорбек Орусиянын Курск шаарында окуп жүргөндө таанышышып, 1987-жылы баш кошушкан. Көп өтпөй ортодогу пикир келишпестиктерден улам ажырашып, кызы Молдоканова Гүлсана эжемдин колунда калган эле. Кийинчерээк ата-энемдин “окууңду улантпайсыңбы” дешкенинен эжем кызы Гүлсана 1 жашка чыкканда жездеме таштап, өзү окуганы кеткен. Ошол боюнча Гүлсана менен байланыша албай калганбыз.
Гүлсана, апаңдын экинчи никесинен Айпери аттуу кызы бар. Учурда ал балалуу болуп, бир үйдүн түтүнүн булатууда. Ал эми апаң 1996-жылы бул жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Эжем оору менен алышып жатканда да сени оозунан түшүрбөй, “мен ары карап кетсем эки кызымды табыштырып койгула. Эже-сиңдидей катташып алышсын” деген эле. Гүлсана, биздин максат – Айпери экөөңөрдү табыштырып, эже-сиңдидей катташтырып коюу. Андыктан байланышат деген ойдобуз.

Туугандарыңдын атынан Жалал-Абаддан
таежең Батыралиева Бермет. Т.: 0778 463005.


“КАЛИПА, СЕНИ ТАБАМ ДЕГЕН ҮМҮТТӨМҮН”
– Мен курбум 1956-жылкы Калипаны издеп келем. Ал экөөбүз 1975-жылы университеттин даярдоо курсунда чогуу окуп, жакын болуп кеткен элек. Кийин экөөбүз тең турмушка чыгып, мен Караколдо, ал Бишкекте жашап калды. 1978-жылы турмуш бизди кайра табыштырып, Калипа жолдошу Марат, уулу Тимур болуп Караколдо 1-2 жылдай иштеп, кайра Бишкекке көчүп кетишкен. Кеткенден кийин кат жазышып турдук. Кийин анын дарегин жоготуп алып, ортодогу байланыш үзүлүп калды. Издейин десем дареги же сүрөтү жок. Бир күнү альбомумду көрүп отуруп бул сүрөтүн таап алып, издөөнү чечтим. Уккан маалыматым боюнча, Калипа Марат менен ажырашып кетиптир.
Калипа, жан курбум, экөөбүз жолукчу күн алыс эместир. Мен Бишкектин Көк-Жар конушунда турам. Мени менен байланыш. Мурдагыдай катташып туралы. Байланыш телефонумду редакциядан алсаң болот.

Курбуң Анара.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз,
анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
shishka
2011-03-13 14:55:14
nasgul,nurgul.mairash degender apanardy torugart jakta vagondordo degen imish bar debei oshol jaktan izdebeisinerbi.
0
peach
2011-03-15 15:28:37
ne govori..ukkanda ele barysh kerek da,Torugart KGda ele go..
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан