КАЙРАН ЭРДИК, НАТЫЙЖАСЫЗ АНШЛАГ ЖАНА КОШ, ЛОНДОН!

9-март күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Лондон-2012” Олимпиадалык оюндарына жолдомо үчүн футбол боюнча Кыргызстан Олимпиадалык курама командасы ирандык атаандаштары менен беттеш өткөрүштү.

Мындай эл аралык оюнду сагынып калган кыргыз эли стадионго жык толуп, оюн аншлаг менен өттү. “Кыр-гыз-стан!” деген ураан менен футболчуларыбызды жогорку деңгээлде колдоп отурушту. Кол чабуулар, күйөрмандык толкундар, ураан, кыйкырыктар чыныгы футболдук майрам болуп жатканын айгинелеп турду. Европанын стадионунда отургандай эле болдум.
Ал эми оюнду кыргызстандыктар кожоюн катары жакшы башташты. Ылдам чабуулдарга өтүүгө аракет кылып жатышты. Бирок чабуулдун аягы ийгиликсиз аяктай берди. Оюн акырындап талаанын орто ченине өтүп, акыры басаңдай түштү. Биздин оюнчулардын өткөргөн чабуулдарын ирандык коргоочулар эр жүрөктүк менен мизин кайтарып жатышты. Кезек биздин дарбазага да келип, коноктор айып тобун тебүү укугуна ээ болушту. Тебилген топ даана “тогуздук” деген чекитке бара жатканда биздин дарбазачы Руслан Амиров (сүрөттө) гепарддай шамдагайлык менен голдон сактап калды. Андан кийин дагы 6-7 жолу ирандыктар биздин дарбазаны алууга аракет кылышты. Бирок ал күнү Руслан баарынан мыкты ойноду. Беттештин мыкты оюнчусу деп атай кетсек, эч ким каршы болбостур. Ал эми биздин легионерлер Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаевдер биз күткөн оюнду көрсөтө алышкан жок.
Ошентип, эсеп 0-0 менен аяктап, аншлаг натыйжасыз болуп, Русландын эрдиги да акталбады. 23-февралда Ирандын Тегеран шаарында өткөн биринчи беттеште Кыргызстан ирандыктардан 1:0 эсебинде утулуп калгандыктан, мындан ары Иран командасы өтүп отурат. Аягында ушундай футболдук майрамдар тез-тез болуп турса го деген ойдо калдым.

Залкар Карабалаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bektur
2011-03-12 02:13:12
Биздин футболчулар акырындык менен ийгиликтерге жетишишет. Баракелде.
0
ХАНЗАДА
2011-03-14 15:01:26
Кыргыздар курсакты катуу кампайтып эле шамдагай эмес окшойбуз. Мындай дейин десен омуру конькиге турбаган тенир-тоолуктар копчулуктун эсин оодарып хоккейди талкалап келишти. Эми куто туралы, башкага куйорман болгонду токтотуп, оздору куйорман топтогонго жетишчу кун да алыс эместир.
0
Nurmat
2011-03-14 15:57:03
АЛГА КЫРГЫЗСТАН!!! келечегибиз али алдыда. куддай буйруса баары жакшы болот!
0
LIVER
2011-03-15 15:06:06
Биздин футболчуларда айып жок, Кыргыз футбол ассоцаясында баардык куноо, конул бурулбайт, по этому 172 орунда турабыз, эми уят эле достор, нады вкладывать на спорт большие бабки, а не хавать... Так хочеться чтобы наш Кыргызстан был на пике но увы ребята, они стараются...
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан