Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-марттан 29-мартка чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Кой жылдызындагыларды энергиялуу апта күтөт, көп нерсе сиздин бат реакцияңыздан жана жеке демилгеңизден көз каранды болмокчу. Бирөөнүн макулдугун күтпөй аракет кылсаңыз, жумуштан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү чыгат. Ал эми каржы жаатында шашылыш чечим чыгарып соода кылуунун кереги жок. Сүйүү мамилесинде ачык-айкындуулукка жеткиңиз келет, ортодо пайда болгон же топтолуп келе жаткан түшүнбөстүктөрдү чогуу отуруп чечпесеңиз, чоң чырга айланышы мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жаздын илеби бойдокторго жакшы таасир берип, көңүлүнө туура келген адамга жолугууга бир нече мүмкүнчүлүктөр ачылат, пайдаланып калыңыз. Жумуш шарттары же ал жактагы кызыкчылыктар өзгөрүшү мүмкүн. Мындан улам жаңы жумушка которулуш керекпи же жаңы шарттарга көнүш керекпи деген суроого кептелесиз. Аптанын экинчи жарымында үйгө керектүү буюм сатып аласыз. Апта соңу позитивдүү маанайда өтмөкчү, кийинки аптага жакшы маанай менен киресиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Айланаңыздагы адамдардын бири сиздин кыймыл-аракетиңизди көзөмөлгө алып, чектегиси келет. Эгер анын кылганы жакпаса, ачык айтып баш тартуу керек. Негизи эле бул аптада башкалардын жүгүн өз моюнуңузга артуудан качыңыз. Саякатка чыгууга ылайыктуу убакыт. Алыс эмес жерге болсо да барып, мээ сергитип келиңиз. Финансылык жаатта өзгөрүү күтүлбөйт, туруктуулук сакталат. Жеке жашоодо баары жакшы, түгөйүңүздүн колдоосуна ээ болосуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул аптада өзүңүздүн эмоционалдык абалыңызды иретке келтирип, көп нерсени анализдегенге убакыт болот. Жумушта алдыңкы планга чыкпай, кесиптештердин ортосунда жүрсөңүз көп чарчабайсыз. Үй тиричилигинде да бардык жүктү моюнга артпай, экинчи пландагы адам болгонго аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымы энергия келип, өзүңүздү жеңил, күчтүү сезип каласыз. Жакындардан жакшы кабар угасыз. Материалдык планда кайгырбаңыз, минуска кетпейсиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Көптөн бери ооздуктап келе жаткан энергияңызды, активдүүлүгүңүздү бул күндөрү эркиндикке коё бериңиз. Алдыңыздан чыккан иштердин майын чыгара аткарасыз. Жакындарыңызга да жардам берүүгө жетишесиз. Кесиптештердин бири менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн, болгондо да сиздин айыбыңыздан. Мындай учур жаралса, катаны моюнга алып, абалды жумшартканга аракет кылыңыз. Сүйүү мамилесинде сизден жумшактык, назиктик талап кылынат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Топтолуп калган иштерди иретке келтирүү менен алек болгонуңуз жакшы. Бул учурда байкалбай калган нерселер такталып, ачыкталат. Документ иштерин да ушул аптада бүтүрүп алыңыз. Туугандарыңыздан жагымдуу сюрприз аласыз. Аны майлап жакындар чогулушу да мүмкүн. Жеке жашоодо жумурткадан кыр издебей туруңуз, баары өз нугу менен жакшы кетет. Билим жаатындагылар үчүн ийгиликтүү апта болот, окуп-үйрөнгөнүңүздү жакшы жагынан көрсөтө аласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аптанын башында энергия жок, өзүңүздү алсыз сезесиз. Анын үстүнө түгөйүңүз менен болгон пикир келишпестик эмоционалдык жактан алсыратуусу мүмкүн. Медитация жасап, ички абалыңызды гармонияга келтиргенге аракет кылыңыз. Өзүңүзгө жаккан буюм сатып аласыз. Аптанын экинчи жарымында, тескерисинче, пайда болгон энергияны кайда жумшаарды билбей калышыңыз мүмкүн. Жакындардын жакшылыгына күбө болосуз, андыктан кошумчаны камдай бериңиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бул күндөрү көңүлдү жумушка арнап, чын ыкластан эмгектенсеңиз, үзүрүн көрөсүз. Өзүңүздү депрессияга сала берген адат болуп баратканын байкайсыз, башкалар да байкашат. Жүрөгү бош чаяндарда чала тааныш адамына карата “симпатия” пайда болот. Балдары барлар алардын кичинекей да болсо ийгилигин көрүп кубанышат. Ден соолукка көңүл буруңуз, спорт менен машыгыңыз. Жумушка байланыштуу жаңы жана пайдалуу адамдар менен таанышуу күтүлөт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Өзүңүздү көзөмөлдөй берген, токтото берген сапатыңызды терең катсаңыз, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, көзүңүз ачылат. Пайдалуу сунуш алып, материалдык абалыңызды оңдой аласыз. Кыймылсыз мүлк сатып алуу кыялыңызга жетерге аз убакыт калды. Сүйүүдө жаңы таанышуулар болуусуна толук мүмкүнчүлүк бар, негизгиси кимден сизге карата сүйүү толкуну келип жатканын байкабай өткөрүп жибербеңиз. Апта аягы жакшы саамалыкка карай жолго чыгууңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада оюңузду чар-жайыт кылбай, бир ишке көңүл бурууңуз керектелет. Болбосо эч бир иштен натыйжа көрбөй каласыз. Жумуштун көптүгүнөн жеке жашоо, үй тиричилиги да экинчи планга жылып кетүүсү мүмкүн. Каржы жаатында тобокелдикке барбаңыз, ашыкча акча болсо банкка сактаганыңыз ишенимдүү болот. Тери оорулары пайда болушу мүмкүн, жеген ашыңызга кылдат болуп, гигиенаны сактаңыз. Апта соңу жакшы компания менен жаратылышка чыгуу сунушталат.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярлардын башына келген жаңы идеяларды, фантазияларды жакындары жасап эмес, угуп да жетишпей калуусу мүмкүн. Иш жаатында бир топ ийгилик жаратышыңыз мүмкүн. Натыйжада капчыгыңыз да кампайып кубанасыз. Сүйүүдө күтүүсүздүк байкалат, мурда тааныш эле адамдын сиз билбеген сапаттары ачыкка чыкмакчы. Энергияңыз көп болгону менен, апта аягы жалкоолугуңуз кармап, эч жакка чыккыңыз келбей, үйдө сериал көрүп эс алуу максаты жаралат.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктарда шаңдуу кечелерге, кызыктуу окуяларга кабылуу маанайы болот бул аптада. Мындай маанай көп кайталанбагандыктан, өзүңүзгө мүмкүнчүлүк бериңиз, каалаган нерсеңизди кылыңыз. Жумушта майда нерселерди кийин жасайм деп артка жылдырбаңыз, антпесе баары топтолуп калып негизги ишти бүтүрүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Жеке жашоодо түшүнбөстүктөр чечилип, ортодо гармония орун алат. Апта соңу пландалбаган жерден чыгаша болушуңуз ыктымал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан