ДУБАЛГА СҮРӨТ ТАРТУУ
Дубалдарга сүрөт тартуу живопистин бир түрү болуп саналат жана анаморфоз деген аталышка ээ. Анаморфоздо 3 өлчөмдү (нерсенин бийиктиги, туурасы, узундугу) берүү жөндөмдүүлүгү башкы ролду ойнойт жана жыйынтыгында адам көргөн көзүнө ишенбегендей сүрөт жаралат.
Бул ирет калифорниялык сүрөтчү Жон Пьюнун дубал живописи боюнча сүрөттөрүнөн жарыялайбыз.
Үстүңкү сүрөттөгү китеп окуп отурган кыз да, астыңкы сүрөттөгү эс алып жаткан бала менен уй да сүрөткө кошо тартылганын айта кетели.
ТАБЫШМАКТУУ СҮРӨТТӨР
Табышмактуу сүрөттөрү менен дүйнөгө даңкы чыккандардын бири – мексикалык сюрреалист сүрөтчү Октавио Окампо («сюрреализм» – «реалдуулуктан алыс» деген мааниде). Анын сүрөттөрү маанисинин жашыруун экендиги менен өзгөчө. Анткени бир эле сүрөттү канчалык кунт коюп караган сайын анын ичинен жашырылып коюлган дагы бир же бир нече сүрөттү таап чыгууга болот.
Октавио Окампо 1943-жылы Мексиканын Селая шаарында дизайнерлердин үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөн. Анын көп сүрөттөрү учурда музейлерде сакталуу. Кээде заказ менен да сүрөт тартат. Мисалы, АКШнын президенти Жимми Картердин портретин тартып, ал эми ырчы Шердин альбомунун сыртын кооздогон.
Бүгүн Октавионун бир сүрөтү берилди. Сыртынан караганда бир гана кишинин сүрөтү тартылгандай болгон бул эмгектен бардыгы болуп 9 адамды табууга болот. Эмесе, аракеттенип көрүңүз. Болбосо, алдындагы сүрөткө карап санын чыгарыңыз.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg