ЖАКУТ ЖЕҢИЛИП, САНЖАР УТТУ

Куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен “Бири куудул, бири ырчы, эл – тараза, эл – сынчы” аттуу сынак 1 күн эмес, 5 күн бою Мамлекеттик циркте коюлду. 9-мартта жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар өз ээлерин тапты.

КУУДУЛУ ЫРДАП, ЫРЧЫСЫ КҮЛДҮРҮП...
Даярдалган номерлерин 5 күн бою коюшуп, куудулдар ырдап, ырчылар интермедия аткарышты. Алар: Азиза менен Санжар Бердибеков, Сема жана “Беш кемпир” куудулдар тобунан Гүлжайна Атаханова, “Беш тапандын” бир тапаны Болсун Стакеев менен Элиза Орозова, Жакут Сыдыков аяшы, “Кеңеш” тобунун ырчысы Гүлмира экөө, Айнура Салахидинова менен “Жоролордон” Жылдызбек Абдраимов, Сайкал Садыбакасова акеси Жеңишбек Айтиев болуп 6 жуп эле. Сайкал Садыбакасова кемпирдин ролун, Азиза алпаруучунун, Айнура Салахидинова жигиттин, Сема чалдын, Жеңишбек Айтиев жаш баланын ролун аткарышып, элдин эсинде калышты.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР КИМДЕР?
Байге фондуна 8888 “жашыл” акча коюлган. Сынактын шарты боюнча, 8 жуп катышмак, бирок 6 жуп өткөндүгүнө байланыштуу 6666 доллар акчалай сыйлык демөөрчү, уюштуруучу Рахман Разыковдун чеңгээлинде болчу. Добуш берүү концертке келген эл аягына чейин көрүп отуруп, кимди мыкты деп билсе, билеттеги көрсөтүлгөн катышуучуга белги коюп, урнага салганы менен өткөн. Мындан сырткары Маданият жана маалымат министрлигинен, куудул, ырчы-бийчилерден калыстар тобу түзүлгөн.
Ошентип, элдин сынынан өткөн Санжар Бердибеков менен ырчы Азиза 1-орунга ээ болушту. Ал эми калыстар тобунун чечимине ылайык, алдыңкы орунга 2 жуп: Сайкал Садыбакасова менен Жеңишбек Айтиев жана Сема менен Гүлжайна чыгышты. 1-орун ээлерине 1500 доллар, ал эми алдыңкы орундагы 2 жупка биригип 1500 доллар, калган катышуучуларга да акчалай сыйлыктар ыйгарылып, башында айткандай, чоң куудулдун чөнтөгүндөгү 6666 доллар сынактын бардык катышуучуларынын капчыгына түштү.

ЖЕҢИЛГЕН КҮРӨШКӨ ТОЙДУ
Кыргызда “тулпар алчу баш байге, эшекке тиет кээ-кээде” деген куйкум кеп бар эмеспи. “Бул сынактын чынында эле тараза ташы тең болдубу?” деген суроо менен катышуучуларга кайрылсак, баары эле туура чечим болгонун айтышты.
3 аял алса да, үйү жок жүргөн Рахман Разыков мындай сынактарды өткөрө берсе, 60 жашка дейре үйсүз өтөрүнө шек жок деген ой келди.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан