Ырчы Микаэлдин киши колдуу болуп көз жумганына жыл айланды. Кылмышка шектүү делген адам учурда үй камагында. Ал эми кылмыштын бетин ачкан кылмыш иликтөөчүнү иштен четтетип коюшту. Мунун себептери эмнеде? Бийликтеби, дос-тааныштабы? Чындыкты издеген маркумдун эжеси эмне дейт? Булардын баары биздин иликтөөдө.
ТАМАША ЭМЕС БОЛЧУ...
Былтыркы жылдын 31-марты эле. Кечке жуук телефонум чырылдап калды. Бийчи Бакыт Байсариев чалып жаткан экен. “Микаэлди өз үйүнөн бычактап кетишиптир. Квартирасында оперлер жүрүшөт” деди. “Бакыт, 1-апрель али баштала элек. Адамдын өмүрү менен да тамашалашабы? Башка шылтоо тапсаң болмок” деп урушуп, трубканы коюп салдым. “Өлтүрүп кетти” дегенге түк ишенген жокмун. Анткени мүнөзү ачык-айрым, жалаң гана позитив чачып турган жигит бирөөнүн колунан өлүм табат деген ой үч уктасак түшкө кирмек эмес. Бирок кабар чындык болчу...
Ошентип, иликтөө башталды. Ага удаа мекенибизде бийлик алмашты, бир канча эр-азамат окко учту. Милиция кызматкерлеринин башына абдан түйшүктүү күндөр түштү. А мындай абал кылмышкердин пайдасына кетери айтпаса да түшүнүктүү. «Ушундай будуң-чаң түшкөн учурда кайсы бир ырчы жигиттин өлүмүн ким кыйратып иликтемек эле?» Чын айтам, көпчүлүгүбүздө ушундай ой болду. Бирок милициянын катарында деле кызматына олуттуу мамиле кылгандар жок эмес. 25-майда “Микаэлди өлтүргөн” деген шек менен досу Эркин Турусбеков кармалды. Көп өтпөй шектүү деп кармалган жигиттин энеси маалымат жыйынын өткөзүп, “милиция кызматкерлери уруп-согуу менен кылмышты уулумдун моюнуна алдырышкан” деп айтып чыкты. Адатка айланган көрүнүш. Бирок баары бир суроо жаралат. Микаэлдин ошончо досторунун арасынан эмне үчүн Эркин кармалды? Ошол учурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Зарылбек Рысалиев “Эркинди шектүү деп кармаганга жетиштүү далилдер болгон” деп комментарий берген. Эмнеге таянып мындай деп айтты? Айыпталуучу чын эле сабалганбы же кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүнүн аракетинде “сабашты” деп жатабы? Албетте, буга жоопту сот берет. Ошентип, жабырлануучу тарап жыл айланса да кылмышкер жазаланбаганына бушайман.
КИМДИН ЭЛЕ КАРГЫШ УККУСУ КЕЛСИН?
Өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирген бул кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ага кылмыш иликтөөчүсү Нурдин Жусубалиев ачкан. “Канчалаган кылмыштардын бетин ачабыз. Жабырлануучу тарап ыраазычылыгын билдирсе, кармалып, кылмышы ачылгандар дайыма кекенип, алардын туугандары каргап-шилегенден кайра тартышпайт. Андай сөздөрдү кимдин эле уккусу келсин? Ошентсе да каргайт экен деп кылмышты ачпай, айыбын айтпай коймок белек?”,- дейт кылмыш иликтөөчү. Бирок айрымдар жаман сөзүн агытып гана тим болбостон, тааныш-катыштарына, акчасына, аброюна таянып иштин бетин ачкан кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөрдү буттан чалууга да аракет кылышат. Мисалы, Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш ишин ачкан соң Нурдиндин “куйругуна калбыр илинген”. Кантип дебейсизби?
КУРУ ЖАЛААНЫН КУРМАНДЫГЫБЫ?
Бардык ишти дос-тамыр, байланыш-катыштар чечип калган азыркы заманда жогоруда аты аталган айыпталуучуну шектүү катары кармап, убактылуу камакка алуунун өзү оңой болбоптур. Анткени маалыматтарга караганда айыпталуучунун атасы кезинде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында иштеген, учурда Юридикалык академияда кызматта, ошондой эле бул үй-бүлөгө тиешелүү юридикалык фирма бар. Ал эми айыпталуучунун апасы кыргызга аттын кашкасындай таанымал таланттардын кызы. Мындай үй-бүлөнүн уулун “эптемей” далилдер менен айыптоонун өзү кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөргө оңой болмок эмес. Эгер ката кетиришсе, кандай жыландын куйругун басарын кылмыш иликтөөчүлөр билбеди дейсизби? “Эркин Турусбековго шек түшүп, акырындап далилдер чогула баштаганда эле анын ИИМдин Күзөт бөлүмүндө иштеген эжеси баш болуп иликтөө жүргүзүп, милдетибизди так аягына чыгарууга тоскоолдук келтире башташты. Бирок мен ушул иштен улам бир канча жылдан бери татыктуу аткарып келе жаткан жумушумдан четтетилип калам деп ойлогон эмесмин”,- дейт ага кылмыш иликтөөчү Жусубалиев.
Өз ишин мыкты билген ага кылмыш иликтөөчү Нурдин Жусубалиев “Эркин Турусбековдун апасы Нуржамал Рыскуловага кол көтөрүп, тишин сындырды” деп айыпталып, үстүбүздөгү жылдын 21-январында жумуштан четтетилген. Учурда анын иши баш калаанын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген. Ал окуяны кылмыш иликтөөчү мындайча эскерет:
– Микаэль Даутовдун иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырылып, баргам. Судья Боромбаевдин башчылыгында жүрүп жаткан процесске кирип, суроолорго жооп берип чыксам, коридордон айыпталуучунун апасы мени токтотуп калды. Жөн эле токтотпостон, кыйкырып ызы-чуу салып, элди чогултуп, түшүп калганбы же өзү жулуп алганбы, айтор, колуна бир тишин кармап алып “мени бир чаап, тишимди сындырды” дей баштады. Мен ал аялдын эмнени көздөп жатканын түшүнүп, ошол замат кайра судьяга кирдим. «Урматтуу судья, азыр тышта ушундай окуя болуп кетти. Мага куру жалаа жапканга аракет кылышууда. Чынында, мен ал аялды урмак тургай, ал тарапка караган да жок элем» дедим. Ошентсе да менин үстүмдөн “сабады” деп арыз жазып, Биринчи Май
РИИБине тапшырып коюптур. Милиция кызматкеринин үстүнөн арыз түшүп жаткан соң мен иштеп жаткан Свердлов РИИБине арыз тууралуу маалымат келип түшүш керек болчу. Жок, андай болгон жок. Мен дагы, менин жетекчилигим дагы менин үстүмдөн арыз түшкөнүн билген эмеспиз. Анан 21-январь күнү Биринчи Май райондук прокуратурадан келишип, столдун үстүнө чечимди таштап туруп, мени кызматтан четтетип коюшту. Ошондон бери мына кырк күндөн ашуун убакыт өттү. Мага байланыштуу иш боюнча тергөө бүтпөй, сотко жөнөтүлбөй, прокуратурада көпкө чейин туруп калды. Акыры тергөөчүдөн сурадым, «айтчы, деги ал аял менден эмнени каалап жатат экен?» деп.
Прокуратуранын тергөөчүсү аялдын эмне көздөп жатканын акыры Жусубалиевге түшүндүрүп айтыптыр. Микаэлдин өлүмү боюнча сот процесси жабык жүргүзүлүп, жабырлануучу тараптан маркум ырчынын бир тууган эжеси Аида Аземова катышып жаткан. Ошол Аидадан “чет өлкөгө кеткениме байланыштуу Микаэлдин өлүмү боюнча сот кандай өкүм чыгарса да макулмун, башка инстанцияларга доо арыз менен кайрылбайм” деп жаздырып, тил кат алып келүүнү сунуш кылыптыр. Кылмыш иликтөөчү ошондой тил кат алып келсе, беркилер “тиш” боюнча жазылган арызын кайтарып алмакчы болушуптур. “Бирок мен ошондой тил кат жазып бер деп Аидага кайрылганым жок. Андайга менин дитим барбады. Моралдык укугум да жок. Жакшысы, иш сотко барсын. Судья Рыскулованын да, менин да күбөлөрүбүздү угуп, иш боюнча чогулган материалды карап көрсүн. Анан туура баасын берип, туура чечим чыгарат деген ойдомун”,- дейт кылмыш иликтөөчү. Ал сот иши 13-март күнү каралмакчы.
“БЕЙКҮНӨӨ БИРӨӨНҮН МОЮНУНА ИЛГЕН ЖОКСУҢАРБЫ?” ДЕДИМ...”
Кадрдын аркасында бүдөмүк калган окуяларды маркумдун эжеси Аида Аземова да айтып берди:
– Мен кылмышкер кармалды деген кабарды угарым менен кылмыш иликтөөчүгө келип кайрылдым, “бейкүнөө баланын моюнуна эле кылмышты илип койгон жоксуңарбы?” деп. Анткени бизге чыныгы кылмышкердин жаза алышы маанилүү. Эч кандай уруп-согуусуз эле Микаэлдин кызыл-ала болгон сүрөттөрүн алдына жайып, DVD менен анын клибин коюшса, Эркин “суранам, сүрөттөрдү алып салгыла, өзүм баарын айтып берем” деп кылмышты мойнуна алып, кийин кылмыш болгон жерге барып, бычактын кандай жатканын, кан болгон кийимдерин кайсы таштанды челекке салганын, дагы далай майда-чүйдө нерселерди айтып бериптир. Албетте, инимдин өлүмүн иликтейм деп жүрүп тажрыйбалуу кылмыш иликтөөчүнүн кызматтан четтетилип калышы мен үчүн да абдан жагымсыз. Ал жигиттин үй-бүлөсү бар, бала-чакасын багышы керек... Ошолорду ойлоп, тигилер талап кылгандай тил кат жазып берип коюшум керекпи? Андай кылып, айыпталуучунун кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишине жол койсом, мен өзүмдү бир өмүр кечирбейм.
ЖООПСУЗ СУРООЛОР
Бул иште көптөгөн жоопсуз суроолор турат. Мисалы, шектүү катары кармалган Эркин Турусбеков үч күн убактылуу тергөө абагында жаткан соң “ден соолугу начарлады” деген негизде ооруканага чыгарылып, анда үч ай жатып дарыланган. Бирок ИВСтен камактагылар үчүн атайы ооруканага эмес, жалпы эл дарылануучу республикалык ооруканага жөнөтүлгөн. Убактылуу камакты үй камагына алмаштыруу үчүн Эркиндин жакындары биринчи Свердлов райондук сотуна, кийин Бишкек шаардык сотко кайрылышкан. Бирок сот чечимди өзгөрткөн эмес. Анан эле “айыпталуучу үй камагына чыгарылсын” деп Башкы прокуратура токтом чыгарат. Ошентип, “ырчы Микаэлди өлтүрдү” деп айыпталып жаткан Эркин Турусбеков учурда үй камагында.
Ырчынын өлүмү боюнча сот процесси айыпталуучунун ден соолугунун начардыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө токтотулган. Иш качан каралат же кайсы бир шылтоолордун негизинде айдан-айга, жылдан-жылга уланып созулабы, азырынча так жооп жок.
P.S. Биз айыпталуучу тараптын да пикирин угууга,чагылдырууга даярбыз.
Шаиста Шатманова
star@super.kg