Өмүрбек Бабанов жетектеген коалициянын кулаарын түзүлгөндөн тарта эле айта башташкан. Бирок соңку аптада бул көшөгө артындагы сөздөр ачык эле айтылып, “мына-мына коалиция ыдыраганы калды” деген үндөр ар тараптан угулууда.
“АЖЫРАШТЫРУУ” ОПЕРАЦИЯСЫ КАНДАЙ БАШТАЛДЫ?
Баарына белгилүү болгондой, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев башкарган коалициянын варианты Өмүрбек Текебаевди спикерликке шайлоодо ыдыраган болчу. Төрагалык үчүн добуш берүүдө кимдин аксатканы башында белгисиз болсо, азыркы учурда “ата мекенчи” депутаттар бир ооздон “Республика” партиясынын өкүлдөрү каршы добуш берген” деп чыкты. Экинчи иретте болсо Өмүрбек Бабанов парламенттик көпчүлүктү КСДП, “Республика” жана “Ата Журттан” түзө алды. Ошол эле учурда “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялашкан.
Лидерлердин бири Феликс Кулов аркы жээкке өтөрү менен түрдүү коррупциялык схемаларды элге алып чыгуу менен күрөшүүнү баштаган. Ал эми Текебаев криминалдык чөйрөнү ооздуктоо зарылдыгын айткан. Ошентип, старт берилери менен “Ата Журтка” каршы атакалар башталса, кийин анын багыты “Республикага” бурулду. Өмүрбек мырза адашы болгон Өмүрбек Бабановдун шектүү жол менен каражат топтоп жатканын жар салды.
БАБАНОВ БИЙЛИКСИЗ КАЛЫШЫ МҮМКҮН
Бүгүнкү вице-премьердин ишмердиги жөнүндө сөздөрдү “республикачыл” депутаттар “коалицияны кулатууга багытталган кадамдар” деп баалоодо. Бирок алгач “ата мекенчилер” Бабановду түрдүү иштери боюнча айыптап баштаса, 9-март күнү орусиялык депутат Семён Богдасаров отко май тамызууну улантып кетти. Анын айтымында, Орусиянын Пенза шаарында вице-премьердин цемент чыгаруучу заводу жана МегаКом компаниясынын тегерегиндеги ызы-чууга тиешеси бар. «Бабанов быйылкы жылы өтүүчү президенттик шайлоо үчүн МегаКом компаниясынан 50 миллион долларды опузалап талап кылган» дешүүдө. Бирок ЖКнын спикери Ахматбек Келдибековдун айтымында, алдын ала Бабановду күнөөлөй берүү туура эмес экендигин, анткени аны бир гана сот чече аларын билдирди.
Тилекке каршы, коалициянын ичиндеги ажырым күн сайын чоңоюп бара жатканы ачык байкалууда. Анткени “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев орусиялык депутаттар менен болгон жолугушууда: “Эгерде Өмүрбек Бабанов тууралуу айтылган сөздөр чын болсо, анда биздин партия коалициянын курамынан чыгууга даяр”,- деди. Анын айтымында, учурда коалиция араң-араң гана иш алып барууда. Бири төө десе, экинчиси бээ деген заман келген өңдөнөт.
“АТА ЖУРТ”, “АТА МЕКЕН” ЖАНА “АР-НАМЫС” –
ЖАҢЫ КОАЛИЦИЯНЫН КУРАМЫБЫ?
Кимдир бирөө коалициянын курамын өзгөртүп коюуну оңой десе, экинчи тарап анын артынан элдик толкундоолор башталып кетүүсү мүмкүн дешет.
Өмүрбек Бабанов өзүнө карата айтылган сөздөрдү бийликчил коалицияны талкалоо аракети деп атаган. “Мен саясатка киришерим менен өзүмдүн бизнесимди шериктештериме өткөрүп бергенмин”,- деди ал. Ал эми “Күйүүчү май куюучу комплекс” ЖЧКсын жээни башкарганы чын экенин, бирок ал вице-премьер болгонго чейин эле 10 жылдан бери жетектеп келгендигин айтты.
Ал эми Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, элдин ишенимин жоготуп албоо үчүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановду кызматынан четтетип, кызматтык иликтөө жүргүзүү керек. “Эгерде бул ишке ашпаса, анда коалиция ыдырап, саясий кризис башталат”,- деди.
Бир топ серепчилердин божомолу боюнча, эгерде коалиция ыдыраса, анда Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Камчыбек Ташиев жетектеген партиялар биригет. Бул жерде Алмазбек Атамбаевдин бийликте калышы же андан четтеши күмөн боюнча калууда. Ошол эле учурда “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев 9-мартта КТРКнын эфири аркылуу: “Коалициянын кулашы трагедия эмес. Баш мыйзамга ылайык, эгерде ал тарап кетсе, 1-2 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүлөт”,- деди.
Жаздын келиши биринчи көчө жана аянттарда эмес, азырынча Ак үйдө байкалганы көрүнүп турат. Кантсе да митинг жана нааразычылык акциялар сыртта эмес, Жогорку Кеңештин имаратынын ичинде орун алганы дурус.
Эльвира Караева
koom@super.kg